Кыргыз өкмөтү кытайлык туристтерге визасыз режимди киргизди. Эми так туристтик программасы болгон бештен 25ке чейин кишиден турган топ Кыргызстанга 21 күнгө чейин визасыз келе алат. Өкмөт муну туризмди өнүктүрүү аракети деп түшүндүрдү. Туристтерди ыңгайсыз кылган көйгөйлөр бардыгын айткандар да бар.
Жогорку Кеңеш "Оюн-зоок иши жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча Министрлер кабинети сунуштаган мыйзамды талкуусуз кабыл алып, толук же жарым-жартылай мамлекеттик менчикте болгон мейманканалардын аймагында казино ачууну колдоду.
Америка Кошмо Штаттары Service Fly Bishkek деп аталган кыргызстандык дагы бир компанияга санкция салды. Аталган компания өнүккөн өлкөлөрдөн учак тетиктери менен жабдыктарын сатып алып, аларды санкциялык тыюуларга карабай Орусияга жеткирип турган.
Бишкектин Ленин райондук соту жарандык активист Афтандил Жоробековду күнөөлүү деп таап, 70 миң сом айыпка жыкты. Ал мамлекеттик тууну өзгөртүүгө каршы чыккан соң бийликти күч менен басып алууга чакырык жасоого айыпталып кармалган. Жоробеков алты айга чукул абакта жатып, кийин үй камагына чыккан.
Бишкекте 1-ноябрда кыргыз милициясынын 100 жылдык мааракеси шаан-шөкөт, парад менен белгиленди.
Украина Орусиянын кезектеги чабуулунан ондогон кишиси жараат алганын, бир баланын өмүрү кыйылганын билдирди. 31-октябрга караган түнү Харьков шаарындагы кабат үйлөрдүн бирине аралыктан башкарылуучу бомба түштү.
Украинанын Харьков шаарындагы көп кабаттуу үйгө 500 килограммдык бомба тийди. Орусиянын кезектеги чабуулунан бир баланын өмүрү кыйылып, ондогон киши жараат алды.
Кыргызстанда санариптик тармактагы башкы оператор саналган “Инфоком” ишканасы Президенттин иш башкармалыгына өттү. Ал "Кызмат" деп өзгөртүлүп, өлкөдөгү калкты тейлөө жагынан бир нече функцияны аткарат. Буга чейин президенттин иш башкармалыгына Мамлекеттик ипотекалык компания да өткөн.
Президент Садыр Жапаров беш генералды наамынан ажыратканы белгилүү болду.
Соцтармактарда абакта жети жылдык жазасын өтөп жаткан Мелис Аспековдун видео кайрылуусу жарыяланды. Аспеков 2020-жылы Райымбек Матраимовдон Садыр Жапаровго берилди деген каражат тууралуу сөз кылган. Бирок ага далилдерди көрсөткөн эмес. Анын буга чейинки айткандарын бийлик өкүлдөрү четке каккан.
Чуулгандуу иштерде аты аталып жүргөн, абакта жети жылдык жазасын өтөп жаткан Мелис Аспековдун видеосу тарады. Анда Аспеков 2020-жылы Райымбек Матраимовдон ири суммадагы акча алып, Садыр Жапаровго бергенин айкан. Бийлик өкүлдөрү анын мындай мазмундагы билдирүүлөрүн буга чейин четке каккан.
Газанын түндүгүнө жасалган израил армиясынын аба соккуcунан 90дой киши набыт болду. Арасында ондогон аялдар жана балдар бар экенин анклавдын Саламаттык сактоо башкармалыгы билдирди. Соңку жумаларда Израил армиясы ХАМАС радикал уюмунуна каршы аскердик операциясын күчөткөнү кабарланууда.
Дагы жүктөңүз