Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:52

Германияда Бундестагга мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтүп жатат


Германия
Германия

Бүгүн 23-февралда Германияда мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өтүп жатат. Шайлоо былтыр жыл соңунда Бундестаг канцлер Олаф Шольцко ишеним көрсөтпөгөндөн кийин бүгүнкүгө дайындалган.

Ноябрда Шольц финансы министри, “Эркин демократиялык партиянын” лидери Кристиан Линднерди бюджет талашынан улам кызматтан алгандан кийин коалиция ыдыраган.

Германиянын өкмөтү пландалгандан жарым жыл мурда отставкага кетет. Өкмөттүк кризис болбогондо парламенттик шайлоо быйыл сентябрь айында өтмөк.

Германиянын жети алдыңкы партиясы жана 22 майда партия парламенттеги өкүлчүлүк үчүн ат салышууда. Көпчүлүк добушка ээ болгон партия федералдык канцлердин кызматына талапкерди көрсөтө алат (эреже боюнча мындай талапкер партиянын төрагасы болуп калат).

Аны өлкө президенти Франк-Вальтер Штайнмайер бекитиши керек. Андан соң Бундестагга өткөн партиялар башкаруучу коалицияны түзүшү керек. Адатта коалиция эки же үч партиядан турат. Ага кирбеген партия парламенттеги оппозиция болуп калат.

Учурда Германияда шайлоочулардын рейтингинде консервативдүү күчтөрдүн ХДС/ХСС блогу турат. Аталган блок канцлерликке ХДСтин лидери Фридрих Мерцти тандаган. Ушундан улам эксперттер Шольцтун кайрадан канцлер болуп калуу ыктымалдыгы аз экенин айтууда.

Шерине

XS
SM
MD
LG