Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:22

Жогорку сот: Замирбек Базарбеков кызматтан эмнеге кетти?


Замирбек Базарбеков.
Замирбек Базарбеков.

Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков кызматтан кетүү тууралуу арыз жазганы белгилүү болду. Ал мунун алдында парламентте мыйзам бузган, коррупцияга аралашкан судьялардан тазалануу иши уланып жатканын, өзү мындай сотторду аябасын билдирген.

Буга чейин ири өлчөмдө пара алууга, коррупцияга шек саналып кармалган айрым судьялар айып пул төлөп абактан бошоп кеткени белгилүү болгон.

Замирбек Базарбеков кызматтан кетери тууралуу арыз жазган себебин азырынча түшүндүрө элек.

Базарбеков баскан жол

67 жаштагы Базарбеков Сузак, Ак-Суу райондорунда, Каракол, Балыкчы шаарларында судья болуп иштеген. Ошондой эле адвокат болуп да кызмат көрсөткөн.

2010-жылдан кийин Сотторду тандоо кеңешине төрага болгон. Базарбеков 2020-жылдын аягында президенттик аппараттын Соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчылыгына дайындалса, 2021-жылы июнь айында Жогорку соттун судьясы болгон. Ал президент Садыр Жапаровго санаалаш экени айтылып келген жана убагында анын адвокаты дагы болгон.

Замирбек Базарбеков Жогорку соттун төрагалыгына 2022-жылы февраль айында келген. Парламентте талапкерлиги каралып жаткан маалда "саясий оппозициянын мүчөлөрүнө, жалпыга маалымдоо каражаттарына, журналисттерге жана жада калса бийликке сын айткан карапайым адамдарга карата жүргүзүлгөн сот жараяндарынын баары тез аранын ичинде токтотулушу керек" деп айткан.

Андан бери сот системасын оңдоого чоң аракет жумшалып жатканын дайыма белгилеп келген жана айрым билдирүүлөрү талкуу жараткан. Тактап айтканда, ал маектеринде сотторду толугу менен көз карандысыз деп айтууга болбосун белгилеп келген.


Базарбеков август айында тергөө, күч органдарына кайрылып, "күнөөсүздүк презумпциясын" сактоону эскерткен кайрылуу жолдогон. Бул жобо өлкөнүн баш мыйзамында көрсөтүлгөнүн, бул адилеттүүлүктүн негизги прициби экенин, аны сактоо зарылдыгын белгилеген. Ошондой эле күч органдары кармалган же айып тагылган жарандарды дароо кылмышкер катары көрсөткөн учурларга токтолгон.

Мунун айынан сот бийлигине болгон ишеним жоголушу мүмкүн экенин эскерткен.

Базарбеков июнь айында жергиликтүү телеканалдардын бирине курган маегинде Кыргызстанда сот системасына тиешелүү мыйзамдарды жана кодекстерди өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорлору иштелип чыгып, ушул тапта президенттин администрациясынын кароосунда турганын айткан.

Ал бул кызматта турганда Кемпир-Абад ишине байланыштуу соттук териштирүүлөргө, аялдарга карата зомбулукка баргандарга карата чыгарган сот чечимдерине, мындай иштерди караган судьяларга байланыштуу сын-доомат көп айтылган.

Базарбеков былтыр жыл аягында Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевдин сот системасындагы коррупция боюнча айткандарына комментарий берген.

Ал 1-декабрда “Азаттык” радиосунун “Бийлик сырлары” программасына берген маегинде Конституция боюнча соттордун ишине эч ким, анын ичинен атайын кызмат дагы кийлигише албай турганын айткан.

Базарбековдун ордун ким басат?

Базарбеков Жогорку соттун төрагалыгына келгенден тартып эле кызматтан кетиш ыктымалдыгы тууралуу сөздөр айтылып турган. Февраль айында басма сөз жыйынында "Азаттыктын" кабарчысынын суроосуна жооп берип жатып, мындай сөздөр президентке дагы жеткенин, андай чечимге негиз жоктугун белгилеген.

Базарбеков кызматтан кетери тууралуу арыз жазардын так алдында, 8-октябрда парламенттин тармактык комитетинде сүйлөп жатып, коррупцияга аралашкан жаш судьяларга токтолгон. Учурда ыплас сотторго каршы күрөш уланып жатканын белгилеген:

“Мен эч убакта ыплас иштерге аралашкан судьяларды коргобойм. Менин кызыкчылыгым, коргогонум эле - бул сот тутуму. Албетте, ар кандай нерселер болуп жатат. Мен аларды аяган жокмун. Жадагалса кичинекей балдары бар аял судьялар кармалып, түрмөдө жатат. “Биздин убакта мындай жок эле” деген сөздөр болуп атат. Ар кимдин түшүнүгү ар башка экен да эми. Сот тутуму тазаланышы керек болуп жатат. Андайлар өтө көп. Ошолордун көбү эле кийинки келген жаш балдар. Мен алардын көбүн деле тааныбайм. Булар "свежий соттор". Ошолор ар кандай иштерди кылып жиберишүүдө. Анан аларды кантип жашырасың? Мен андай иштерге бара албайм. "Эй, качып кеткиле, мынча сом алганы жатыпсыңар, силерди кармаганы жатат" деп мен кантип айтам? Мен андай иштерге бара албайм. Ошондуктан аларга каршы аёосуз күрөш жүрүүдө”, - деген Базарбеков.

Анын арызын парламенттин тиешелүү комитети карап, ордуна жаңы талапкер сунуштала турганын “Азаттыктын” булактары билдирди. Төрагалыкка ким сунушталып жатканы азырынча белгисиз.

Расмий маалыматка ылайык, былтыр судьяларга каршы 760 арыз түшкөн, анын негизинде 35 судья тартиптик жазага тартылып, дагы сегиз судья ар кандай жагдайда кызматтан кеткен. Башкы прокуратура 11 судьяга кылмыш иши козголгонун маалымдаган.

Быйыл бир катар судьялар пара алууга, коррупцияга шек саналып кармалган.

Кармалган судьялар

  • УКМК өткөн айда Ысык-Көлдөгү Тоң райондук сотунун төрайымы опузалап пара талап кылууга шектелип кармалганын билдирген. Атайын кызмат ал 27-сентябрда 3 миң АКШ доллар өлчөмүндөгү параны жардамчысы аркылуу алып жаткан маалда кармалганын маалымдаган.
  • Июль айында УКМК Чүй облустук сотунун эки судьясы пара алууга шек саналып кармалганын жарыялаган. Ал судьялар Тилек Абдырашитов менен Улукбек Калыбеков экени белгилүү болгон. Расмий маалыматта бул судьялар "катчы аркылуу соттолуучудан алты миң доллар алып, ич ара бөлүп алышкан" деп жазылган. Кармоо операция маалында Калыбеков машинасы менен качууга аракет кылып, кырсыкка кабылганы белгилүү болгон. Бул окуяга байланыштуу Жогорку сотто чукул жыйын болгон.
  • Март айында Бишкектеги Свердлов райондук сотунун судьясы Алма Кадыркулова 12 миң доллар пара алууга шек саналып камалган. Анын кесиптеши, аталган соттун дагы бир судьясы Акылбек Адимов дагы коррупцияга шек саналып камалган.
  • Алма Кадыркулова июль айында эле абактан чыкканы өткөн аптада белгилүү болгон. Сот "опузалап пара талап кылуу" беренеси боюнча күнөөсү далилденген жок деп акталганы, "кызмат абалынан кыянат пайдалануу" беренеси менен айыптуу деп табылып, 2 миллион сом төлөөгө милдеттендирилгени, бирок анын теңин төлөп, абактан чыкканы өткөн аптада белгилүу болгон. Садыр Жапаров аны кызматынан убактылуу четтеткен.
  • Ири өлчөмдө пара талап кылууга шек саналып кармалган судья Тилек Абдырашитов Бишкектин Биринчи май райондук сотунун 30-августтагы чечими менен 2 млн сом айып төлөөгө милдеттендирилип, эч жакка кетпөө тилкатынын негизинде сот залынан бошотулганы дагы ачыкка чыккан.


Жогорку соттун мурдагы төрагасы, экс-депутат Курманбек Осмонов судьяларга көзөмөл күчөтүлүшү керек деп эсептейт:

Курманбек Осмонв.
Курманбек Осмонв.

"Бул жерде "адам фактору" деген нерсе бар, ар бир өкүм ошол адамдын абийирине жараша болот. Андыктан ушундай кылса соттор тазаланат дегендей так рецеби, формуласы жок. Азыр судьялардын айлыгы деле көп, шарты деле жакшы болуп калды. Бул жерде экинчи жагын дагы караш керек. Сотторду коррупциялык иштерге тартып, пара берип жаткан жарандарыбыз менен да иштешибиз керек. Андан сырткары соттор карап жаткан иштерди соттун төрагасы, анын орун басарлары катуу көзөмөлгө алышы керек. Формалдуу түрдө соттун ишини кийлигишкенге эч кимдин акысы жок деп жазып коюшкан, бирок эми башкалардын акысы жок болсо да, алардын жетекчилери тыкыр көзөмөл жүргүзүшү керек. Квалификациясын ишти кароонун мөөнөтүн карап, талаптар сакталышы керек".

Сот системасы тазаланабы?

Эл аралык республикалык институттун быйылкы изилдөөсүндө сурамжылоого катышкан 1500 адамдын 65% Кыргызстан үчүн эң олуттуу көйгөй коррупция экенин, сот системасы жемкорлукка батканын белгилеген.

Конституциялык соттун мурдагы судьясы Клара Сооронкулованын пикиринде, эң негизги маселе сотторду тандоодо турат:

Клара Сооронкулова.
Клара Сооронкулова.

"Эң негизгиси, сотторду тандоо маселеси чечилген жок. Конституцияга сотторду тандайт деп Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеш деген органды киргизишпеди беле. Ал орган 12 кишиден турат, бирөө Жогорку Кеңештен, дагы бирөө президенттин, дагы бирөө элдик курултайдан, дагы бирөө юридикалык коомчулуктан, калганы сот системасынан шайланат дешкен. Мейли, сегизин сот тармагынан шайлашат экен, бирок калгандарына байланыштуу суроолор бар. Мисалы, Жогорку Кеңештин ал жактагы өкүлү үчүнчү ирет алмашты. Ошол жерде дагы көрсөтүлгөн, шайлангандардын укуктук жактан алганда сотторду тандай турган деңгээли барбы деген суроо туулат. Ал жерде судьяларга талапкерлердин жөндөмүн, деңгээлин текшерип жатышпайбы. Өздөрү юрист болбосо, сот системасында иштебесе, кантип анан баа бере алат? Президенттин өкүлү тууралуу мыйзамда так жазылып турат, талаптарга кынтыксыз жооп бериши керек, коомдо таанылган авторитеттүү болушу керек деп жазылып турат. Бирок ал Бакыт Кыдыралиева деген өкүлдү чынында эч ким деле тааныбайт. Аны президент кандайча, эмнеге тандаганы белгисиз. Юридикалык коомчулуктан деп Эрлан Базарбаев шайланды. Ал убагында Раим Матраимовдуку делген "Мекеним Кыргызстан" партиясынын тизмеси менен шайлоого барган. Аны менен кошо түшкөн сүрөттөрү жарыяланган. Жогорку Кеңеште шайланып жатканда ушул тууралуу бирөө дагы сурап койгон жок. Курултайдын өкүлү дагы ачык добуш менен шайланат деп турат. Ар кайсы региондон келген он талапкердин арасынан БШКны алып келип туруп, мыйзамда көрсөтүлбөгөн эле тартип менен шайлап коюшкан. Ушундай шартта соттор кантип тандалат? Сотторду тандап жатканда кызыктай дагы суроолорду беришет экен. Мисалы, "сиз өмүрүңүздө пара алдыңыз беле" деген суроо менен аларды кантип текшере алат? Ушул сыяктуу суроолор аябай көп экен. Албетте, "мен пара алгам" деп эч кимиси айтпайт да. Алмазбек Атамбаевдин тушунда соттордун теңинен көбү алмашкан, бирок ошондо деле коррупция токтогон эмес".

Клара Соорокулова мыйзам бузду деген сотторду жоопкерчиликке тартуу, жазалоодогу айрым маселелерге да токтолду:

"Судьяларды жоопко тартууга Соттор кеңеши уруксат берет, бул кеңешти судьялар өздөрү шайлайт. Ал жерде дагы түшүнүксүз учурлар болот. Мисалы, бирдей эле иш-аракети үчүн бирөөнү кетирет, бирөөнө эскертүү эле берет, дагы бирөөнө сөгүш берүү менен чектелет. Бирдиктүү бир тажрыйба жок. Негизи Соттор кеңеши бардык чечимдерин ачыкка чыгарышы керек эле. Отурумдарынын баарын коомчулукка, журналисттерге көрсөтүшү керек. Алар болсо силер меморандум түзүшүңөр керек, ал-бул деп ал жакка эч кимди киргизбейт. Ал жакта дагы көзөмөл жок болуп жатат. Анан эле бул судья, тигил судья пара менен кармалыптыр деп таң калып отуруп калабыз. Пара алды деп кармалган айрым судьялар айып пул гана төлөп чыгып кетишти. Жасаган кылмышына жараша жазага тартылбаса, соттор эч нерседен коркпойт да. Ошондой эле соттордун көз карандысыздыгы деген дагы маселе бар. Эгер көз карандысыздык болбосо, алар деле мыйзамдуулук, адилеттүүлүк деген принциптерден таят да. Эгер бийлик аларды мыйзамсыздыкка түртө турган болсо, аларга таза эмес, коррупционер деген доомат койгонго деле акысы болбой калат. Мунун баары бири-бирине чырмалышкан маселелер".

Ошентсе да өлкө бийлиги сот системасы акырындык менен жакшы жакка өзгөрүп баратат деген ойдо. Өткөн айда президент Садыр Жапаров өткөн айда сот системасынын 100 жылдык маарекесинде бул тармакты каржылоо көбөйгөнүн, бара-бара өркүндөп жатканын айткан.

"Адилеттүүлүк болмоюнча, жарандардын ишенимин арттыруу, коомдун туруктуулугун камсыздоо жана мамлекеттин өнүгүүсүнө жетишүү мүмкүн эмес. Мамлекетибиздин сот тутуму дагы кыйын кырдаалдардан, оор өзгөрүүлөрдөн, татаал реформалардан өтүп, барган сайын өркүндөөнүн үстүндө. Адилеттүүлүк менен мыйзамдуулук – бир эле маалда экөөнү эриш-аркак алып жүрүүнү, ошол эле учурда өтө кылдаттыкты талап кылган татаал иш. Мыйзамдуулукка оодара салып, адилеттүүлүктү четке кагып коюу, же болбосо адилеттүүлүккө жамынуу менен мыйзамды бурмалоо калыстыкка да, акыйкаттыкка да жатпайт. Кыргызстандын ар бир жараны өз укугунун корголгондугун сезип, кадыр-баркы, бедели тебеленбесине ишениши үчүн ачык-айкындык, көз карандысыздык жана абийир жолунан тайбаш керек! Мына ушундай ары татаал, ары жооптуу абийир, ар-намыс маселесине чырмалышкан сот тутумунун калыптанышын бул системага өмүрүн арнаган ардагерлерсиз, күн-түнү талыкпай эмгектенген кызматкерлерсиз, кара кылды как жарган судьяларсыз элестетүүгө болбойт", - деген Жапаров.


Туура бир жылдай мурда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстанда соттор өкүмдөрдү дагы деле акча алып чыгарарын баары билерин, атайын кызмат паракор судьяларды кармаганга аракет кылып жатканын айткан. Ал жайында эл менен жолугушуулардын биринде сотторго байланыштуу арыз-арманы барларды өзүнө кайрылууга чакырган.

"Соттор эгер туура эмес чечим чыгарса, айтыңыздар, Мына биз ошолорду толугу менен тартипке салганга милдеттүүбүз", - дегенТашиев.

Кыргызстан эгемен болгондон тартып эле сот тармагын реформалоого аракет кылып келе жатат. Былтыртан тартып аймактарга Сот адилеттик үйлөрү ачыла баштаган. Коорупцияга каршы күрөштүн бир ыкмасы катары дээрлик бардык судьялар орун которуп, ротация болгон. Конституция боюнча Жогорку Соттун төрагасына сот бийлигине тиешелүү мыйзам долбоорлорун демилгелөө укугу берилген.

XS
SM
MD
LG