17-ноябрда Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтөт. Талапкерлердин тизмесинде Жогорку Кеңештин азыркы жана мурдагы депутаттарынын уул-кыздары, бир туугандары да бар. “Азаттык” депутаттаттык мандатты көздөгөн ата-бала, ага-ини, энеси менен кызы - саясаттагы туугандар жөнүндө айтып берет.
Израил Газадагы жана Ливандын чектеш тилкесиндеги чабуулдарын улантууда. Соңку суткада дагы ондогон киши каза болду. БУУнун Коопсуздук Кеңеши Израилдин Ливандагы бейкуттук күчтөрүн убактылуу чыгарып кетүү тууралуу өтүнүчүн четке какты.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров орусиялык журналисттин суроосуна жооп берип жатып, “Батыш мамлекеттери башка өлкөлөргө Орусия менен кызматташуу боюнча көрсөтмө бербеши” керек деп айтты. Жапаровдун геосаясий маанидеги пикирин орусиялык басылмалар жазып, ар кандай талкууга жем таштады.
Израил Газадагы чабуулдарын улантып, ондогон кишинин өмүрү кыйылды. Ал тапта Израил түндүк тилкесинде учкучсуз учактардын чабуулунан төрт аскеринен айрылганын билдирди. Бул чабуул үчүн жоопкерчиликти өзүнө "Хезболла" жоочулар тобу алды.
Улуттук илимдер академиясынын мурдагы кызматкери Жоомарт Карабаевдын иши Биринчи Май райондук сотунда каралып жатат. Ага айыптоо актысы убагында жазуу түрүндө берилбегендиктен, жараян 14-октябрга жылган.
АКШ трансулуттук баңгизат соодасынын маанилүү көзүрү деп таанып, “кара тизмеге” киргизген, кримтөбөл Камчы Көлбаев атайын күч органдарынын кармоо операциясында жок кылынганына бир жыл болду.
Баткен облусунун уюшулганына 25 жыл толду. 1999-жылы Зардалы айылы аркылуу "Өзбекстан Ислам кыймылынын" (Кыргызстанда экстремисттик деп табылып, тыюу салынган) жоочулары мамлекеттик чек араны бастырып кирип, 50дөн ашык аскер октон ажал тапкан окуядан кийин облусту түзүү чечими кабыл алынган.
Президент Садыр Жапаров 11-октябрда Бишкек мэриясынын жол кирени көтөрүү сунушуна пикирин билдирди.
Украинанын президенти Владимир Зеленский Жеңиш планын Европадагы өнөктөштөрү менен талкуулап жатат. Ал тапта Украина Орусия президенти Владимир Путин Түркмөнстанга барганына байланыштуу нааразылыгын билдирип, ал Эл аралык кылмыш сотунун ордери берилген адам экенин эскертти.
10-октябрдын кечинде Бишкекте мурдагы бизнес өнөктөштөр ортосундагы чыр өлүм менен аяктады. Кандуу жаңжалда Кыргызстандагы таанымал спортсмендердин, бокс машыктыруучуларынын аттары аталып жатат.
Дагы жүктөңүз