Израил ХАМАС тобунун кандуу кол салуусунун бир жылдыгын эскерүүдө. Эскерүү иш-чаралары израилдик аскерлер Газада жана Ливандын түштүгүндө, борбор калаасы Бейрутта чабуулдарын улантып жаткан кезде өтүүдө. Балыкчы-Корумду жолунун 80ге жакын курулушчулары айлык ала албай жатышканын айтып, бийликке кайрылды. Транспорт жана байланыш министрлиги ишкана жумушчулардын айлык акысын 8-октябрда төлөөнү убада кылганын билдирди.
Газадагы согушка бир жыл: Израилдеги эскерүү
Кыргыз өкмөтү жана "Росатом" атомдук электр станция курууга байланыштуу коомчулукта түшүндүрүү иштерин баштаганын билдирди. Казакстанда АЭСке байланыштуу референдум өттү. Израил ХАМАС тобунун кандуу кол салуусунун бир жылдыгын эскерүүдө. Эскерүү иш-чаралары израилдик аскерлер Газада жана Ливандын түштүгүндө, борбор калаасы Бейрутта чабуулдарын улантып жаткан кезде өтүүдө. Балыкчы-Корумду жолунун 80ге жакын курулушчулары айлык ала албай жатышканын айтып, бийликке кайрылды. Транспорт жана байланыш министрлиги ишкана жумушчулардын айлык акысын 8-октябрда төлөөнү убада кылганын билдирди.
Чыгарылыштар
-
Январь 22, 2025
Татарстан: Мигранттарды коргонуу ишканаларына тартуу сунушталды
-
Январь 21, 2025
Казакстан: "Сатира - кылмыш эмес" деген активисттер кармалды
-
Январь 17, 2025
Ташиев Көлбаевди жок кылуу "мамлекет үчүн зарыл болгонун" айтты
-
Январь 15, 2025
Түштүк Кореянын президенти Юн Сок Ёл камалды