Дарыгерлер Рим папасы Францисктин абалын өтө оор деп баалашты. 14-февралдан бери ооруканада жаткан понтифик астма илдетинен жабыркайт. Папа эс-учун жоготпогону менен оорунун азабынан кыйналып жатканын Ватикандын басма сөз кызматы билдирди. Дем алуусуна жардам иретинде дарыгерлер бейтапты кычкылтек аппаратына кошуп, кан куюшту.
Кардинал Жанфранко Равази белгилегендей, эгер Франциск ден соолугуна байланыштуу өзүнүн иш милдетин аткара албай кала турган болсо тактан баш тартышы керек.
88 жаштагы Франциск Рим шаарындагы Жемелли клиникасына эки өпкөс тең сезгенип жаткырылган. Соңку күндөрү анын абалы улам начарлап жатканы кабарланып, дарыгерлер сакайып кетүү ыктымалдыгын өтө этияттык менен айтып жатышат.
Рим папасы Францисктин өз аты Хорхе Марио Бергольо. Католиктер чиркөөсүнүн башчысы болуп 2013-жылы шайланган. Өспүрүм кезинде оорунун айынан дарыгерлер бир өпкөсүнүн бөлүгүн кесүүгө аргасыз болушкан, ошондуктан ар кандай респиратордук ооруларга көп чалдыгары айтылат.
Шерине