Адатта, ар бир постсоветтик жумуриятта эгемендик үчүн күрөштүн өзгөчө тарыхы бар. Ошого карабастан, жалпы Советтер Биримдигиндеги Маскөөдөн эгемен болууга тырышкан жумурияттар үчүн Балтика боюндагы элдердин 1988-жылдан тартып жаңы күч менен башталган саясий күрөшүнүн баштооч ордун эч ким тана албастыр. Тарыхчынын блогу.
Ар бир постсоветтик жумуриятта мамлекеттик көз карандысыздык кыймылынын жергиликтүү тарыхый окуялары катталган. Буга жалпы советтик коммунисттик Кремлге каршы чыккан ельциндик Орусия деле кирет десек болот.
Ал эми кээ бир окуялар жумурияттык жана чөлкөмдүк гана мааниге ээ болбостон, жалпы Советтер Биримдигинин тагдырына бурулуш алып келген орток маңызга ээ болгон.
1988–1989-жылдардагы Балтика боюндагы үч жумурияттын тагдыры камтылган саясий окуялар СССР аймагы үчүн дал ошондой жаңы бурулушка багыттоочу маанилүү из калтырган.
1988: Балтика боюндагы өзгөчө түшүмдүү жыл
Мында “түшүмдүү” сөзү менен айыл чарбасындагы жыйым-терим өнөктүгүн эмес, “Кайра куруулар” доорундагы мамлекеттик эгемендик үчүн күрөшкө алып келген саясий өнөктүктү белгилеп жатабыз.
Деги, 1940–1949-жылдары антикоммунисттик кыймылдын мурдагы далай каймактарынан кол жууган Балтика боюнун жумурияттарында жаңы муундагы демократтар каяктан пайда болушту эле? Албетте, алар сырттан “экспорттолуп” же көчүрүлүп келишкен эмес.
Алар советтик коомдун ичинен эле өсүп чыгышкан.
Баарынан кызыгы, алгач комммунисттердин режими менен “мышык-чычкан” оюнун ойношуп, өз мүчөлүгүнө реформачы коммунисттерди да камтышып, бирок бара-бара кубаттуу антикоммунисттик жана эгеменчил оппозициячыл блокторго айланган уюмдардын негиздөөчүлөрүнүн өздөрү оболу горбачёвдук “Кайра куруулар” доорунда Советтер Биримдигин андан ары демократиялаштыруунун реформачыл ураандарын көтөрүп чыгышкан. Айрымдары тек гана бул ураандарга жамынышса, башкалары горбачёвдук реформаларга кыйла ишенишкен.
1988–1989-жылдардагы Балтика боюндагы саясий окуялар көрсөткөндөй, оболу Советтер Биримдигин саясий, идеологиялык, маданий жана башка өңүттөрдөн реформалоо ураандары ар кыл катмарларды баш коштурган.
“Ысык сүттөн оозу күйгөн киши муздак айранды үйлөп ичет” дегендей, бул жигердүү демилгечилердин алгачкы топтору эгеменчил жана антикоммунисттик коомдук бирикмелерди негиздөө үчүн оболу “Кайра куруулардын доорундагы реформаларды колдоо максатын” көздөп жатышкандыктарын коомчулукка жана бийликтерге айтып жана жазып жатышты...
Ал эми коомдук-саясий турмушта канчалык тажрыйбасы арттырылган сайын жана канчалык айкындуулук урааны менен келген эркин көз карашка каныккан сайын, мурда коммунисттик цензуранын капасында камалып келген айдыңдар, демилгелүү жарандар, чыгармачыл жана башка коомдук уюмдар коммунист партократтардын СССРдеги жана анын ичинде өз жумуриятындагы системасына каршы ар кыл уюмдарды жана коомдук бирикмелердин блокторун өз алдынча түзүү сересине өсүп чыгышты.
Эстония (1988)
Түпкү калкы урал-алтай тилдер түркүмүнүн курамындагы фин-угор тилдеринин бири – эстон тилинде сүйлөгөн Эстония жумуриятында 1988-жылы 14-апрелге караган түнү “Эстон элдик майданы” (эстончо “Rahvarinne” – “Элдик майдан”) негизделген.
Оболу бул уюм дагы “Кайра куруулардын реформаларын колдоо” урааны астында чыккан. Бул бирикмеге реформачыл коммунисттер да мүчө болушкан.
“Эстон элдик майданынын” жетекчиси Эдгар Сависаар (Edgar Savisaar; 1950–2022) мырза кесиби боюнча тарых мугалими болгон. (1973-жылы ал Тарту университетинин тарых факултетин аяктаган; 1980-жылы ал Рим клубу жаатында философия илимдери боюнча кандидаттык диссертациясын жактаган). Ал 1990-жылдын май айынан 1992-жылдын январынын соңуна чейин Эстониянын өкмөт башчысы болгон.
1988-жылы 10–14-июнда Таллинн шаарындагы “Ырчылар талаасында” борбордун майрамы – “Эски шаар күндөрү” фестивалы өткөрүлгөн. Бир нече он миңдеген калайык чогулган бул маданий чаралар тарыхта “обондуу ырлардын ыңкылабы” деп аталып калды.
Ушул майрамдын маалында, 11-июнда, алгачкы жолу көз каранды эмес Эстонияны калыбына келтирүү чакырыгы айтылган.
1988-жылы 17-июнда коомдук жыйындарда эстондор тарыхый көк, кара жана ак түстөгү улуттук желекти 1940-жылы Кызыл армиянын кол салышынан улам убактылуу жоготулган эгемендиктин символу катары кайра көчөлөргө алып чыгышты. Алгач 1884-жылы Паула Герман тарабынан жасалган үч тилкелүү бул желекти эстончо “көк-кара-ак” (“sinimustvalge”) деп эркелетип аташат.
1988-жылы августта алгачкы оппозициячыл партия – Эстониянын улуттук көз карандысыздыгы партиясы негизделген.
1988-жылы 1–2-октябрда Таллинн шаарында Эстониянын элдик майданынын уюштуруу курултайы өткөрүлгөн.
1988-жылы 16-ноябрда Эстониянын Жогорку Кеңеши Эстониянын эгемендиги жөнүндө декларацияны кабыл алды. Декларацияда “Эстониянын мыйзамдары СССРдин мыйзамдарынан жогору турат”, деген жобо камтылды. Бул кадам Советтер Биримдигиндеги “эгемендик декларацияларынын” алгачкы карлыгачы болуп калды.
Литва (1988)
Ал эми Литва жумуриятынын түпкү калкы – индоевропалык тил түркүмүнүн балтиялык тобуна кирген тилде сүйлөгөн литвалыктар. (Коңшу латыштардын эне тили жана өлүү тилге айланган көөнө прусс тили литвалыктардын эне тилине кыйла жакын).
1988-жылы 3-июнда бул жумурияттын борбору Вилнюс шаарында 500дөй айдың чогулуш өткөрүп, 35 мүчөдөн турган “Кайра куруулар үчүн литвалык кыймылдын демилге тобу” (“Lietuvos Persitvarkymo Sąjūdžio Iniciatyvinė grupė”) деген топту негиздешкен.
Акырындап бул топ элдик ири кыймылга айланган (“Sąjūdis” – “Саюдис” сөзү литва тилинен “Кыймыл” деп которулат). Кыймылды алгач бери дегенде 180 миңдей литвалык колдоп чыккан.
1988-жылы 23-августта Вилнюс шаарындагы Вингис паркында “Саюдис” кыймылынын жигердүү мүчөлөрү 1939-жылдын 23-августундагы айтылуу Молотов–Риббентроп пактынын (келишиминин) кол коюлган күнүнүн жылдыгына карата ири нааразылык жыйынын өткөрүшкөн.
1988-жылы 22–23-октябрда Вилнюс шаарындагы Спорт сарайында “Саюдис” кыймылынын курултайы өткөрүлгөн. Ага 1021 делегат катышкан. Сый коноктордун арасында орусиялык чыгаан акын, публицист, сүрөтчү жана архитектор Андрей Вознесенский (1933–2010) да болгон.
Оболу маданий кызыкчылыктарды жүзөгө ашырууну максат кылган бул кыймыл бара-бара эгемендик идеяларын көтөргөн саясий бирикмеге айлана берген. 1988-жылдын ноябрынан тартып “Саюдис” уюму Литванын Советтер Биримдигинен чыгып кетүү укугун жүзөгө ашыруу талаптарын көбүрөөк козгой баштаган.
Латвия (1988)
1988-жылы 1–2-июнда Латвиянын ордосу Рига шаарында чыгармачыл латыш жарандары жумурияттын чыгармачыл уюмдарынын орток пленумун өткөрүшкөн жана дал ушул чыгармачыл шеринеде алгачкы жолу Латвиянын элдик коомдук бирикмесин түзүү сунуштары шардана кылынган.
Албетте, Латвиядагы ишканалар менен мекемелерде дагы “Кайра куруулардын реформачыл идеяларына” колдоо көрсөтүү урааны менен ар кыл демилгечи топтор буга чейин эле түзүлүп жаткан.
1988-жылы 19-июлда латвиялык “Padomju Jaunatne” гезитинде алгачкы жолу “Латвиянын элдик майданы” (ЛЭМ; “Latvijas Tautas fronte”, LTF”) саясий бирикмесин негиздөө чакырыгы шардана кылынган.
Бул чакырыкта дагы “Кайра куруулардын идеяларын жүзөгө ашыруу” мүдөөсү көрсөтүлгөн жана андан тышкары “Советтер Биримдигинин Баш мыйзамында жар салынган укуктар менен эркиндиктерди жүзөгө ашыруу” таламдарына басым жасалган.
1988-жылы 6-октябрда Латвиянын Жогорку Кеңеши латыш тилин мамлекеттик тил деп жарыялаган мыйзамды кабыл алган.
(Демек, Балтика боюнда түпкү калктын тилин мамлекеттик тил катары жарыялоо жүрүмү Латвиядан башталган).
1988-жылы 8-октябрда Рига шаарындагы Саясий агартуу үйүндө өткөн жыйында “Латвиянын элдик майданы” коомдук уюмдар блогу түзүлгөн.
Айтмакчы, жыйын кабыл алган резолюциялардын биринде “КПСС Борбордук комитетинин жаңыланууга багытталган нугуна колдоо көрсөтүү” идеясы да камтылган. Андан тышкары жыйын 1989-жылдын 1-январына чейин сталинизмдин курмандыктарына багышталган эстеликтин долбоорлоруна сынак өткөрүү жөнүндө да чечим кабыл алган.
Балтика бою 1989-жылы эгемендикке карай чоң секирик жасаган
Жалпысынан, 1989-жылы дагы Балтика боюндагы жумурияттардагы демократиячыл кыймылдар коммунисттердин реформачыл канатынын “Кайра курууларды тереңдетүү” ураандарын ийкемдүү колдонуп, маданий жана коомдук көйгөйлөрдү козгоп чыгышкан жана бара-бара чөлкөмдүн СССРден мамлекеттик көз карандысыздыкка жетишүүсүнө биргелешип умтула башташкан.
1989-жылы 18-январда эстон тили Эстониядагы жалгыз мамлекеттик тил катары жарыяланган.
1989-жылы 26-январда литва тили Литвадагы жлгыз мамлекеттик тил катары жарыяланган.
1989-жылы 16-мартта “Саюдис” кыймылы Литвада расмий каттоодон өткөн.
1989-жылы 26-мартта СССР эл депутаттарын шайлоодо “Саюдистин” мүчөлөрү Литвага бөлүнгөн 42 мандаттын 36сын алууга жетишкен. Латвия элдик майданынын 11 өкүлү СССР эл депутаттары болуп калышкан.
1989-жылы 18-апрелде Литва ССРинин Жогорку Кеңеши жумурияттын мамлекеттик эгемендиги жөнүндө жарыялады.
1989-жылы 18-майда Литванын Жогорку Кеңеши эгемендик тууралуу декларацияны кабыл алды.
1989-жылы 28-июлда Латвиянын Жогорку Кеңеши жумурияттын мамлекеттик эгемендигин жарыялады.
1989-жылы 23-августта жалпы эле Балтика бою чөлкөмүндө “Балтия жолу” аттуу нааразылык иш-чарасы орток уюштурулду.
Советтик сталиндик режим менен гитлердин нацисттик режимдин ортосунда жашыруун түзүлгөн жана 1939-жылдын 23-августунда кол коюлган Молотов–Риббентроп пактынын 50 жылдыгына арналган бул нааразылык иш-чарасы маалында Литва, Латвия жана Эстониянын тургундары дээрлик 600 чакырымдай аралыкка жандуу тизилип, кол кармашып турушту.
Бул болуп көрбөгөндөй ири нааразылык иш-чарасы маалында Таллинндеги Узун Герман мунарасынан Вилнюстагы Гедиминас мунарасына чейин созулган жандуу чынжырга дээрлик 2 миллиондой киши катышты.
1989-жылы 7–8-октябрда Рига шаарында Латвия элдик майданынын экинчи курултайы өткөрүлгөн.
1989-жылы 8-октябрда Латвия элдик майданы Латвияны СССРдин курамынан чыгаруу жана көз каранды эмес мамлекет түзүү ниетин жар салды.
1989-жылы 12-ноябрда Эстониянын Жогорку Кеңеши тээ 1940-жылдын 22-июлундагы “Эстониянын СССРге кошулуусу” жөнүндөгү парламенттик декларацияны кайра жокко чыгарды.
1989-жылы 26-ноябрда Балтика боюндагы жумурияттардын экономикалык өз алдынчалыгы жөнүндө жалпы советтик мыйзам кабыл алынды.
Балтика боюндагы жумурияттардын калкы сталиндик запкыны унута элек болчу
Балтика бою өлкөлөрү сталиндик режим тарабынан 1940-жылы гана күчтөп каратылгандыктан, эгемендик, көп партиялуулук, демократия жана менчиктин ар түрдүүлүгү сыяктуу түшүнүктөр 1980-жылдардын соңуна карата мындагы калайыктын тарыхый эстутумунан биротоло жуулуп кете элек болчу.
Маселен, 1941-жылдын 13-июнунан 14-июнуна караган түнү башталган жана 20-июнга карата улантылган каргашалуу депортацияны айтпаганда, ошол жылдын май–июн айларында эле Балтика боюндагы жумурияттардан бир нече он миңдеген кишилер (Эстония — 10 016 киши; Литва — 17 501 киши; Латвия — 16 900 киши) сталиндик зулумдук режимдин ар кыл жаза түрлөрүнө кабылышкан.
Куугунтуктоо ыкмалары депортация усулун (СССРдин чыгыш аймактарына күч менен көчүрүү ыкмасын) да өзүнө камтыган. Бирөөлөр мүлкүнөн ажыратылып, “тек гана” сүргүнгө айдалса, башкалары (көбүнесе, жоокерлер, партизандар, өзүнүн кайчы оюн ачык билдирген саясатчылар ж.б.) ГУЛагдагы абактык азап-тозокторго туш болушкан.
Маселен, 1941-жылы Эстониядан депортацияланган 6328 киши Киров жана Новосибирск облустарына сүргүнгө айдалган. Ал эми Эстон армиясынын ГУЛагга таандык абактарга жөнөтүлгөн өкүлдөрү (офицерлер ж.б.) – 3688 киши болгон.
Латвиядан “эшелондолуп” сүргүндөлгөн 10 396 кишинин көпчүлүгү Красноярск аймагына жана Новосибирск облусуна (айрым топтору Казакстанга дагы) айдалган. Ал эми латвиялык 5921 киши болсо түздөн-түз ГУЛагдагы абактарга жөнөтүлгөн.
Литвадан сүргүнгө айдалгандардын көпчүлүгү Алтай аймагына (кээ бирөөлөрү Казакстанга жана Коми АССРине) жеткирилген. Алардын “эшелндук” делген тизмеси 12 838 кишини түзгөн. Ал эми ГУЛагдын ар кыл абактарына түшкөн литвалыктардын саны – 4663 киши болгон.
Сүргүнгө жетпей жолдо набыт кеткен миңдеген кишилер да болгон. Кээ бир үй-бүлөлөр толук набыт кеткен.
Экинчи дүйнөлүк согуштун учурунда, 1941-жылдын 22-майынан 20-июнуна чейинки кыска убакыттта жүзөгө ашырылган бул массалык репрессиялар Балтика боюндагы саны салыштырмалуу чаканыраак улуттардын ошол кездеги жана андан кийинки муундарынын эстутумунда каргашалуу окуялар катары унутулгус болуп жазылып калды.
Бул депортация толкунуна чейин эле Балтика боюндагы жумурияттарда советтик баскынчылыкка каршы чыккан далай айдыңдар жана башка атуулдар атылып, абактарга салынып же сүргүнгө айдалып келген.
Советтик баскынчылыктын алгачкы мезгилинде, 1940–1941-жылдары, сталиндик репрессиянын бардык түрлөрүнүн курмандыктарынын жалпы саны Латвияда 34 миң, Эстонияда 60 миң жана Литвада 75 миң киши болгон, деп бааланат (албетте, жалпы кырдаал ар бир өлкөдө ар башка өзгөчөлүктөргө ээ болгону түшүнүктүү).
Тасма. Майнапсыз кутум – Советтер Биримдигинин акыркы деми. 1991.
Ал эми 1949-жылы 25-мартта Балтика боюндагы жумурияттардан Шиберге он миңдеген кишилерди депортациялоонун дагы бир алааматтуу толкуну жүзөгө ашырылган. Бул жазалоонун бутасы – токойлордо жашырынган антисоветтик партизандар жана колхоздоштурууга каршы ачык чыккан карапайым дыйкандар эле.
1949-жылы март айынын соңунда бир нече күндүн ичинде Латвиядан 42 миңден ашуун тургун, Литвадан 30 миңден ашуун жана Эстониядан 20 миңден ашуун тургун советтик чыгышыраак аймактарга депортацияланган. Жалпысынан бир учурда 95 миңге жакын киши үй чарбасын, бар мүлкүн жоготту. Аялдар, карыялар менен жаш балдар да көчүрүлдү.
Алардын ордуна Орусиянын ичкерки аймактарынан “ишенимдүү” тургундар келип жылуу-жумшак үйлөргө бекер жайгашты. 40 жылдан кийин, 1989-жылы ноябрда гана Советтер Биримдиги бул депортациянын мыйзамсыз болгондугун мойнуна алды. (Ал эми мыйзамсыз сүргүндөлгөндөрдүн мүлкү ээлерине жана урпактарына постсоветтик эгемендик доорунда гана кайтарылган).
(Кыргыз эли 1916-жылдагы Улуу Үркүн окуяларын жана 1920 – 1950-жж. башындагы болшевиктик зулумдукту кандайча унуткарбаган болсо, балтиялык калктар дагы 1940–1949-жылдардагы азаптуу окуяларды жана жалпы советтик зулумдукту эч жадынан чыгарышкан эмес).
1940–жылы төрөлгөндөр “Кайра куруулар” доорунун шарапаты чындап сезиле баштаган 1987-жылы бар болгону 47 жашта эле. 1940-жылы 18 жашка келгендер 1987-жылы 65 жашта болчу.
Балтика боюндагы айдыңдар советтик мыйзамдар менен эрежелердин мүмкүнчүлүктөрүн таразалашкан. Алар бөөдө жерден кайра репрессияга кабылбас үчүн тынч жана мыйзамдуу күрөш усулдарын тандашкан. Алар “Кайра куруулар” доорунун демократиялык маанайдагы реформага чакырган саясий ураандарын сабаттуу жана жигердүү колдонушкан.
Балтика боюндагы жумурияттардын СССРдин ыдырашындагы орду чоң
Биз жогоруда Балтика боюндагы депортациялар тарыхынан тышкары, негизинен, 1988–1989-жылдардагы айрым орчун саясий окуяларга гана токтолдук.
Ал эми кийинки эки жыл – 1990–1991-жылдар – Советтер Биримдигинин мүчөсү болгон бардык жумурияттардын (анын ичинде ал түгүл Орусия Федерациясынын өзүнүн дагы) саясий тагдырындагы олутттуу бурулуш мезгили болду. Бул кезең – СССРдеги бийликтеги жалгыз партиянын – Советтер Биримдигинин Коммунисттик партиясынын (КПСС) – үстөмдүгү астындагы тоталитардык мамлекеттик түзүлүштү биротоло ойрон кылууга жетелеген олуттуу саясий жүрүмдүн мезгили эле.
Советтер Биримдигиндеги бул соңку эки жылды тездеткен саясий окуялардын алоолонгон отунун олуттуу тамызгысын 1988–1989-жылдары Балтика боюнда жүзөгө ашырылган демократиячыл жана эгеменчил күрөштүн очоктору камсыз кылган.
Балтика боюндагы чакан жумурияттардын демократтарынын ич ара ынтымагы дагы СССРдеги башка чөлкөмдөрдүн демократиячыл күчтөрү үчүн өрнөк болуп калды.
Андан тышкары Балтика боюндагы демократтар СССРдеги башка аймактарга дагы демократиялык сабатты арттырууда ырааттуу көмөк көрсөтүп келишти. Бул чөлкөмдрдөгү элдик кыймылдардын жана майдандардын программалары менен жоболору (уставдары) 1988–1989-жылдардан тартып бүткүл СССР аймагында тымызын таркатылып жана ар кыл улуттагы көптөгөн жигердүү атуулдарды шыктандырып жатты.
(Балтика боюндагы демократтар менен Кыргызстандагы КДК, “Ашар” сыяктуу уюмдар да кызматташкан. Балтика боюндагы жумурияттардагы демократиячыл жүрүмгө кыргызстандыктар да тилектештик билдиришкен. Бул байланыштар жөнүндө маркумдар Жыпар Жекше, Казат Акматов, Топчубек Тургуналиев жана башка КДКчылар далай эскеришкен).
Азыркы тапта дагы Балтика боюндагы постсоветтик жумурияттар калган постсоветтик жумурияттар үчүн эгемендикти чыңдоо, демократиячыл реформаларды жүргүзүү, эне тилге иштиктүү кам көрүү жана тарыхый мурастарды аздектеп сактоо жаатында өрнөк болуп келишет.
Редакциядан. Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.