Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:49

Октябрь окуялары: Жээнбеков кантип бийликтен кеткен?


Фотоколлаж.
Фотоколлаж.

2020-жылы алтынчы октябрга караган түнү шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондор Ак үйгө кирип барганда эле ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбековдун тагдыры чечилип калган. Жээнбеков качан, кандай шартта бийликтен кетери, эң башкысы, анын ордун ким басары гана аныктала элек болчу.

Ушул убакыттан баштап көшөгө артындагы саясий оюндар кызып, так талаш дээрлик 10 күнгө созулду. Бул убакытта эмнелер гана болгон жок.

Сооронбай Жээнбеков бийликтен кантип кеткен?
please wait

No media source currently available

0:00 0:33:25 0:00

Качып кетен Опумбаев, Жунушалиев, дайынсыз болгон Жээнбеков

Шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп көчөгө чыккандар президент жана парламент отурган имаратты басып алган таңкы төрттө ошол кездеги УКМКнын төрагасы Орозбек Опумбаевдин, ички иштер министри Кашкар Жунушалиевдин жана башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдун кызмат ордунда жок болгону айтылат. Ошондо Коопсуздук кеңеши УКМКнын имаратында күч органдарынын башын бириктирген жыйын өткөргөн. Жыйынды Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары кызматындагы ыйгарым укуктарын убактылуу токтотуп, шайлоого “Бүтүн Кыргызстан” партиясы менен катышкан Өмүрбек Суваналиев башкарган.

"Милиция, прокуратура, УКМК деморализация болуп калды да. Ошондой эле мэрия, өкмөт, жалпы эле бийлик жок болуп калды", - деп сүрөттөйт ошол учурду Өмүрбек Суваналиев.

Бул учурда президент, анын администрациясы болуп жаткан окуя боюнча эч кандай билдирүү тарата элек болчу. Анын үстүнө мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековдун да каякта экени белгисиз эле.

Өмүрбек Суваналиев.
Өмүрбек Суваналиев.

"Жээнбековду өзүбүз да издедик. Анткени ал мыйзам боюнча президент, коопсуздук кеңешинин төрагасы да. Издеп, тапкан жокпуз. Эки жарым сутка эч ким билген жок. Бардык чет мамлекеттерден мага чалып, ар бири өз өлкөсүнүн президентине доклад кылышы керектигин айтышты. Аларга өзүбүз да таппай жатканыбызды айтып жооп бердик. Москвадан Александр Бортников да чалып "президенттиңерди таппай жатабыз" деди. Мен ага "биз дагы таппай жатабыз" дедим".

Көчөгө чыккандар Ак үйдү ээлеп алган соң, ар кандай топтор Улуттук коопсуздук комитетин, Ички иштер министрлигинин, Башкы прокуратуранын, жада калса мамлекеттик телеканалдардын имараттарына да кирип барышты. Элдик толкундоонун арты менен абактагы Алмазбек Атамбаев, Садыр Жапаров сыяктуу саясатчылар эркиндикке чыгышты.

Жапаров түз эле аянттагы элдин алдына чыкты. Үч жарым жыл абакта отурган оппозициячыл саясатчы кийинки окуялардын баш каарманына айланары ошондо белгилүү болуп калган.

Ошондо аянтта туруп Садыр Жапаров мындай деген:

"Азыр эми тараңыздар. Калганын мыйзам жолу менен, легитимдүү жолу менен чечели. Басып алуу менен эч нерсе чечпейбиз".

Элдик толкундоолордун эртеси, 6-октябрда ошол учурдагы өкмөт башчы Кубатбек Боронов кызматтан кетүү боюнча арыз жазганы кабарланып, бирок расмий тастыкталган эмес. Бул учурда бийликке умтулган негизги эки саясий топ бар болчу. Бири Адахан Мадумаров, Өмүрбек Бабанов, Алтынбек Сулайманов, Сапар Исаков жана Жанарбек Акаевдер баштаган саясатчылар түзгөн координациялык кеңеш болсо, экинчиси Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев баштаган топ эле. Алгачкы саясий жүрүштү Садыр Жапаровдор жасап, “Достук” мейманканасында депутаттардын тобу тарабынан премьер-министрликке Садыр Жапаровдун талапкерлиги бекитилгени жарыяланган.

Садыр Жапаров "Достук" мейманканасында. 6-октябрь, 2020-жыл.
Садыр Жапаров "Достук" мейманканасында. 6-октябрь, 2020-жыл.

Бирок бул кабарды улай жыйында кворум болбой калганы айтылып, чечимдин леигитимдүүлүгү боюнча маселе жаралган. Анткени “Достуктагы” жыйынга айрым депутаттар өзү катышпай, башка бирөөдөн ишеним кат берип жиберген.

Саясий ишмер Феликс Кулов "Достуктагы" парламенттин жыйыны боюнча буларды айтат:

Феликс Кулов.
Феликс Кулов.

“Алар чогулуп, Садыр Жапаровду премьер-министр кылып шайлаганда кызык жагдай болуп өттү. Аны шайлагандан кийин депутаттардын бири байланышып, биз сүйлөшүп калдык. Ал мага “биз аны мыйзамсыз, регламентти бузуу менен шайладык” деп айтты. Мен кандайча болгонун сурасам, ал мага: “Кворум болгон эмес. Ал эми өкмөт башчыны ишеним кат менен шайлаганга болбойт. Ошон үчүн ал бизге жакпай калса, бир айдан кийин кворум болбой калганын айтып, өкмөт башчылыктан алып салабыз”, - деп айтты. Менин жиним келип, сөгүнүп “мындай кылган болбойт” дедим”.

6-октябрда эки суткадан бери тим жаткан президент Сооронбай Жээнбеков үн катып, анын кыска видео кайрылуусу жарыяланды. Анда Жээнбеков бийликти күч менен тартып алуу аракети болгонун айтып, бардык саясий күчтөрдү укуктук талаага кайтууга чакырды:

"Урматтуу мекендештерим! Кечээ түнү айрым саясий күчтөр мамлекеттик бийликти мыйзамсыз тартып алуу аракетин жасашты. Шайлоону шылтоо кылып коомдук тартипти одоно бузушту. Мамлекеттин тынчтыгы, коомдун стабилдүүлүгү ар кандай депутаттык мандаттан бийик. Мен Борбордук шайлоо комиссиясына мыйзам бузууларды терең изилдеп, зарыл болсо шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну сунуш кылдым. Саясий партиялардын лидерлерине өз тарапкерлерин тынчытып, чогулган жерлерден чыгарып кетүүсүн сунуштайм".

Сооронбай Жээнбековдун кайрылуусу жарыялганы менен, анын каякта экени дагы эле белгисиз болчу. Президент ошол учурда Бишкектин жогору жагындагы үйлөрдүн биринде жатканы кийин айтылды. Ошондо Феликс Кулов Сооронбай Жээнбеков менен жеке менчик үйлөрдүн биринен жолугушкан.

"Сооронбай Жээнбековдун жардамчыларынын биринин телефонун таптым. Чалып, жолугууну сунуштадым. Макулдук беришти. Так айта албайм. Жетиси же сегизи болсо керек эле. Жада калса сегизи болсо керек. Анткени Ак үйдө дагы, мамлекеттик резиденциядагы дагы жок болчу. Ушундан кийин мага бир дарекке келүү керектигин айтышты. Жеке менчик үй болчу. Ал жерге бардым. Жээнбеков бар экен. Мен анын позициясын билгенге аракет кылдым. Анда толук маалымат жок болгондуктан, анча-мынча өзүн жоготуп койгон экен. Ошол эле учурда оор басырыктуу, жүзүндө тынчсыздануу байкалган жок. Мен ага ушул кырдаалда убактылуу аскер кеңешин түзүү керектигин сунуштадым. Анын төрагасы коргоо министри болуп, ага ички иштер министри, УКМКнын төрагасы, өзгөчө кырдаалдар министри жана мурдагы кол башчы катары Роза Отунбаева кириши керек. Ошол эле учурда убактылуу аскер кеңеши үч айдын ичинде президенттик шайлоо жарыялап, аны өткөрүшү керек. Мен ушундай сунуш киргиздим”.

Сооронбай Жээнбеков Феликс Куловдун аскердик кеңеш түзүү сунушун ишке ашырууга кандай аракет көргөнү белгисиз бойдон калды. Бирок 9-октябрда президенттин жарлыгы менен Бишкек шаарына өзгөчө абал киргизилип, коменданттык саат да жарыяланган. Бирок анын шарты аткарылган деле жок. Анткени Жээнбековдун бийлиги колунан кетип калган учур эле.

Жаштардын талабы, өкмөт үйү талашка түштү

7-октябрда Ала-Тоо аянтына жалаң жаштар чогулуп, алардын негизги талабы люстрация болуп турду. Алар жаштар бийликке келиши керектигин айтып, “Ата Мекен” партиясы менен шайлоого барган Тилек Токтогазиевди өкмөттүн башында көргүсү келгенин ачык айтышты. Ошентип, өкмөт үйү өкмөт башчы болгусу келгендердин башкы бутасына айланды.

Тилек Токтогазиев аянтта. 7-октябрь, 2020-жыл.
Тилек Токтогазиев аянтта. 7-октябрь, 2020-жыл.

"Белгилүү эле саясатчылар келип, "Тилек, сен жоопкерчиликти ал" деп айтышты. Мен макул болуп, өкмөт үйүнө келдик. Анда бул имаратты Садыр Жапаровдун тарапташтары курчап турган экен. Биздин тарапташтар дагы аябай көп эле", - дейт Тилек Токтогазиев.

Бирок ал учурда аталган имаратты “Чоң Казат” партиясынын мүчөлөрү көзөмөлдөп турган эле. Октябрдагы элдик толкундоолордо, андан кийинки саясий оюндарда“Чоң Казат” партиясынын лидерлеринин бири Сыймык Жапыкеевдин ролу чоң болду. Аны төрт жыл мурдагы окуялардын модератору же “кыймылдаткычы” катары сыпатташат.

"Көк үйдү Максат Мамытканов, “Ордодогу” Мирбек Мияров, Темирбек Асанбеков агабыз менен кармап турганбыз да. Анан Садыр ава Камчыбек Кыдыршаевич менен келди. Ал кезде бир нерсе бөлүшөйүн деген болгон жок. Ошондой маалда башка нерселер да болуп кетиши мүмкүн эле. Милиция деген жок. Баары чегинишкен. Сооронбай Жээнбеков болсо дачага кетип калган”, - деди Сыймык Жапыкеев.

2020-жылы 5-октябрдагы митингддин модератору Сыймык Жапыкеев.
2020-жылы 5-октябрдагы митингддин модератору Сыймык Жапыкеев.


Тилек Токтогазиевди сүрөгөн топ Өкмөт үйүнө кирип, алгачкы жыйын да өткөрүүгө жетишти. Бирок дагы бир негизги маселе бар эле.

"Анан ушул чечимди легитимдештирүү маселеси туруп калды. Кимдин чечими болуп жатат? Биз деген кимбиз? Ошол учурда арабызга Жанар Акаев, Элвира Сурабалдиева, Элдар Абакиров кошулган эле. Анан Акаев Жогорку Кеңешти чогултууга аракет кыла турган болду. Аны биз күттүк. Бирок парламент менен жасайлы деген демилге ишке ашпай калды. Анан кечинде Өкмөт үйүнөн чыгып кеттик", - деди Тилек Токтогазиев.

Ошол учурдагы Жогорку Кеңешке сын аябай көп болгон. Анткени анын курамындагы депутаттардын көбү “Биримдик”, “Мекеним Кыргызстан” жана “Кыргызстан” партиясы менен элдик толкундоолорго себеп болгон талаштуу шайлоого катышкан эле. Бирок ал парламент канчалык жек көрүндү болгону менен, алардын чечимисиз эч ким өкмөт башчы болуп шайлана албайт эле. Ошон үчүн 7-октябрь түн ичинде координациялык кеңеш депутаттарды “Жаннат” мейманканасына топтоого аракет кылды. Ага ошол учурда спикер экени айтылган Мыктыбек Абдылдаев да келген. Бирок анда кворум чогулган эмес.


8-октябрда "Ата Мекен", "Бир Бол", "Реформа" жана "Республика" партиялары “Акыркы үмүт” деп аталган саясий бирикме түзүп, Өмүрбек Бабановду премьер-министрликке, анын орун басарлыгына Тилек Токтогазиевди сунуштаары белгилүү болду.

Бул учурда “Достук” мейманканасында парламент депутаттары өкмөт башчылыкка шайлаганы айтылган Садыр Жапаров өз тарапташтары менен Жээнбековдун кызматтан кетишин талап кылып турду.

Жээнбеков: "...президенттик кызматтан кетүүгө даярмын"

Алтынчы октябрдан кийин дайыны белгисиз болуп жаткан Сооронбай Жээнбеков 9-октябрда аябай активдешип, бир нече чечим кабыл алды. Таң атпай президенттин сайтына жарыяланган билдирүү көпчүлүк үчүн жаңылык болду:

Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

“Жаңы премьер-министрди жана өкмөт мүчөлөрүн дайындоону легитимдештирүү үчүн Жогорку Кеңештин токтому жана президенттин жарлыгын чыгаруу зарыл. Мен тиешелүү Жарлыктарга кол коюуга даярмын, ал үчүн Жогорку Кеңештин тиешелүү токтомун күтөм. Мен үчүн эч бир кызмат мамлекеттин бүтүндүгүнөн, элдин биримдигинен, коомдун тынчтыгынан бийик эмес. Азыркы кырдаалды тез арада укуктук талаага салып, бардык мамлекеттик органдарды, Өкмөттү легалдуу статуска ээ кылып, өлкө мыйзамдуу жолго түшкөн соң, президенттик кызматтан кетүүгө даярмын”.

Бул билдирүүдөн соң Жээнбеков өз чечими менен куралдуу күчтөрдүн генералдык штабынын башчысы Райимберди Дүйшенбиевди, өкмөт башчы Кубатбек Бороновду, УКМКнын төрагасы Орозбек Опумбаевди кызматынан бошотту. Андан соң Өмүрбек Суваналиев да Коопсуздук кеңешинен кетти.

Дал ушул 9-октябрда “Акыркы үмүт” саясий бирикмеси Бабановду өкмөт башчылыкка сунуштаганын расмий жарыялаган. Бабанов болсо борбордук аянтта тынч митинг өткөрө турганын билдирген эле. Бул күнү бийликке умтулган негизги эки саясий топтун тарапташтары борбордук аянттан кагылышты.

"Жаштар Темир жол бекети тарабынан чогулмакпыз. Алтынбек Сулайманов спорт ордосунан келмек. Бабанов болсо Технопарктан. Бирок Алтынбек Сулайманов айнып кетти. Бизге экинчи сюрприз Атамбаевдин келип калышы болду. Анан аянтка келгенде Атамбаевди көргөн жаштардын көбү кетип калды. Анткени өзүбүз люстрация деп атканбыз да. Анын келиши бизди ирээнжитти", - деди Тилек Токтогазиев.

Негизи 6-октябрдан бери эле Садыр Жапаровдун тарапташтары өкмөт үйүнүн алдында митинг өткөрүп, негизги талабы катары Сооронбай Жээнбековдун кызматтан кетишин айтып жатышкан. Тогузунда болсо алар Ала-Тоо аянтына чогулгандарды сүрүп чыгышты. Ушул күнү Алмазбек Атамбаевдин унаасына ок атылып, бир катар саясатчылар сабалып, Токтогазиевдин башына таш тийди. Ага топтолуп тургандарга ыргытылган таш тийгени же аны атайылап чаап кетишкени белгисиз бойдон калды.

Жээнбеков мурдагы досу, кийин өчөшкөн атаандашына айланган Алмазбек Атамбаевге жакын адамдардын бийликке келип калышынан аябай корккон дешет.

Феликс Кулов.
Феликс Кулов.

"Ал Атамбаевчилер бийликке келишинен корккон деп айтсак болот. Менин оюмча, ушул жагдай да кандайдыр бир роль ойноду. Анткени жумшактап айтканда, алардын мамилеси чыңалган абалда эле. Андыктан ал бул жерде эки күч болгонун ойлоп, мурда жакшы билген адамдарга ишеним артуу чечимин кабыл алды. Атамбаев менен эч качан элдешүүгө барбайт эле. Андыктан ушундай чечим кабыл алды. Тандоо жасады", - дейт Феликс Кулов.

10-октябрда Алмазбек Атамбаев, анын мурдагы жансакчылары Канат Сагынбаев, Дамир Мусакеев, тарапташы Фарид Ниязов кайра камалды. Ал эми Сапар Исаков менен Албек Ибраимов өлкөдөн чыгып кетти. Бул күнү ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов да камакка алынды.
14-октябрда Сооронбай Жээнбеков парламенттин кезектеги жыйынында Садыр Жапаровго байланыштуу маселени кароону сунуштап, ошондо Жапаров өкмөт башчылыкка шайланды. Бул жолкусунда анын легитимдүүлүгү боюнча маселе жаралган жок.

"Ысык-Көлдөгү" митинг, Жээнбековдун отставкасы

Негизи Садыр Жапаров 8-октябрдан бери Сооронбай Жээнбеков "кызматтан кетем" деп сөз бергенин айтып келген. Ал эми өкмөт үйүнүн алдындагы анын тарапташтары Жээнбековду шаштырып турушту. Алардын алдына чыккан Садыр Жапаров президент Сооронбай Жээнбеков менен жолукканын, анын мазмуну боюнча буларды айткан:

"Сүйлөшүүнүн акыркы учурлары калды. Эртең саат 11ге чейин суранып, силердин алдыңарга келдим. Сүйлөшүүлөр уланат. Ал кетет. Эртең саат 11ге чейин тарап бериңиздер. Эгер эртең да жыйынтык чыкпаса, мен өзүмдөн жоопкерчиликти алып салам".

Бул маалыматты президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева тастыктап, бирок Сооронбай Жээнбеков өлкөдө кырдаал турукташканда, парламенттик шайлоону өткөрүп, президенттик шайлоо жарыяланган соң гана кетерин билдирген. Жээнбеков 15-октябрда эртең менен коомдук-саясий чөйрөнүн өкүлдөрүн резиденцияга чогултту. Ал жыйынга катышкан Куловдун айтымында, Жээнбеков кырдаал турукташканда гана бийликтен кете турганын билдирген:

"Ал ондой адамдан турган топко чакыруу жиберди. Арасында мен дагы бар элем. Роза Отунбаева, Марат Султанов, Азимбек Бекназаров, Абдыганы Эркебаев, Исмаил Исаков да бар эле. Ал бизди мамлекеттик резиденциядагы залдагы тегерек столго чогултту. Биз баарыбыз бул кырдаалда ашыкча кыймыл кылбай, жол картасын, план түзүүнү сунуштадык. Ошол план боюнча демкратиялык, конституциялык нук менен бийликти өткөрүп бериш керек. Ал өзүнүн жардамчылары, аппараты менен ушул суроолордун деталдарын ойлоп чыгышы керектигин айттык. Ушундай чечимге келдик. Ал макул болду. Баарынан кызыгы, резиденциялан чыгып келатсак, Камчыбек Ташиев жана Садыр Жапаровго жолугуп калдык. Биз учураштык. Алар ичине кирип кетишти", - деди Кулов резиденциядагы жолугушуу боюнча.

"Ала-Арча" резиденциясында сүйлөшүүлөр жүрүп жаткан учурда Өкмөт үйүнүн алдындагы митингчилер резиденцияга жакын жердеги "Ысык-Көл" мейманканасынын алдына чогулушкан.

"Ысык-Көл" мейманканасынын алдындагы митинг.
"Ысык-Көл" мейманканасынын алдындагы митинг.

Сыймык Жапыкеев бул митингди да жетектеп турду.

"Садыр Жапаровду бийликти караңыз дегенбиз. Анан Жээнбеков кетпей койду да. 15-октябрда "Ысык-Көл" мейманканасына 7 миңдей киши чогулдук да. Резиденция жакын эле болчу да. Ошондо "Жээнбековго көргөзөбүз" дедик", - деди Сыймык Жапыкеев.

Жээнбековдун чечимине митинг канчалык таасир эткенин эч ким айта албайт. Бирок ошол күнү президенттин сайтында Жээнбеков кызматтан кеткени жарыяланды. Жээнбековдун кайрылуусунда мындай деп айтылат:

“Мен Кыргызстандын тарыхында кан төгүп кеткен, өз жарандарына каршы ок аткан Президент катары калгым келбейт. Ошондуктан мен отставкага кетүү чечимин кабыл алдым. Эми Жапаровду жана башка саясатчыларды өз тарапкерлерин тынч жол менен таратууга чакырам. Элдин тынчтыгыгына, өлкөбүздүн бүтүндүгүнө доо кетирбегиле”.

16-октябрда парламент Сооронбай Жээнбековдун отставкасын кабыл алып, өкмөт башчы Садыр Жапаровго президенттин милдетин аткаруу укугу берилди. Ошентип, 2017-жылы 15-октябрдагы президенттик шайлоодо 920 миң шайлоочунун добушу менен бийликке келгени жарыяланган Сооронбай Жээнбеков үч жылдан кийин, 2020-жылдын 15-октябрда кызматтан кетти.

Ошентип Кыргызстандын эгемен тарыхында элдик толкундоолордун арты менен үчүнчү жолу бийлик алмашты. Жээнбековдун кызматтан кетишине чабал башкаруу, эң башкысы 2020-жылдагы адилетсиз шайлоо, бир катар ири коррупциялык иштерде аты аталган Райымбек Матраимов маселеси себеп болгону айтылат.

Элдик толкундоонун шарында кызматын тапшырган Сооронбай Жээнбеков ар кандай мамлекеттик иш-чараларга катышып келет. Бирок төрт жыл мурун болуп өткөн окуя боюнча бир дагы жолу үн ката элек. Биз бул материалды жасап жатканда да байланыша алган жокпуз. Жогорку Кеңеште бир эки-курдай Жээнбековдун экс-президент макамын жокко чыгаруу боюнча маселе көтөрүлгөн. Бирок мындай сунуштар сөз бойдон эле калып, кандайдыр бир аракеттер көрүлгөн жок.

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

XS
SM
MD
LG