Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:46

Орусиянын Курск аймагында абал курчуду


Курск облусу, Украина.
Курск облусу, Украина.

Орусиянын Курск облусунда үч күндөн бери кармаш жүрүүдө. Кремль муну Украинанын "чагымы" деп атоодо, Киев расмий комментарий бере элек.

8-августта эртең менен Курск облусунун жетекчилиги украиндердин жети ракетасын жана алты дронун атып түшүргөнүн билдирди.

Элди коопсуз жакка көчүрүү уланып жатканы, 31 киши жараат алганы, кеминде беш киши каза болгону маалымдалды.

Түнү менен облус аймагында абадан эскертүү берилип жатты. Украин аскерлери бул аймактын кээ бир жерлерин ээлеп турушканы, кырдаал оор экени кабарланууда.

Киев азыркы саатка карата эч кандай расмий комментарий бер элек.

Орусиянын Курск облусу Украина менен чектеш тилкеде жайгашкан.

Ал жакта абал курчуганын алгач 6-августтун кечинде фронттогу кырдаалды чагылдырып иштеген орусиялык блогерлер негизинен Телеграм-каналдар аркылуу кабарлай баштаган.

Жергиликтүү тургундар аткылоонун кесепетин чөнтөк телефонуна тарткан видеолор да чыккан.

Алардын бири "Автоматтар, аскерлер жерде жатат.." десе, дагы бири "Менин көчөм... Менин машинем турат тээтиги жерде. Талкаланган үй. Бул жерге ракета тийген" деп көчөдөн тарткан видеолорунда айтып берүүдө.

Орусиялык блогерлер украин аскерлери 6-августта Курск аймагында Суджа районуна кирип барганын, чек арадагы бир нече кыштакты (Николаево-Дарьино, Дарьино жана Свердликовону) ээлеп, Орусиянын аймагын көздөй кире баштаганын жазышкан. "Два майора" Телеграм-каналы украин армиясы жалпысынан 11 калктуу пунктту ээлеп, болжол менен 15 чакырым алдыга жылганын шейшембинин кечинде маалымдаган.

Курск облусунун башкы хирургу Андрей Локтионов 28 жергиликтүү тургун жабыркаганын билдиргенин ТАСС маалымат агенттиги 7-августта жазган. Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Мария Львова-Белова жабыркагандардын алтоо балдар экенин айткан.

Кээ бир кыштактарда орусиялык аскерлер толук курчоодо калганы, айрымдары туткунга түшүп жатканы да кабарланган.

Бир сутка бою эч кандай расмий маалымат болгон жок. 7-августта гана Орусиянын Башкы штабынын башчысы Валерий Герасимов президенттин катышуусу менен өткөн кеңешмеде:

“6-августта саат 05:30да Украинанын куралдуу күчтөрүнүн миңге жакын кишиден турган бөлүктөрү Курск облусунун Суджа районундагы жерди басып алуу максатында чабуул койду”, - деп билдирди.

Көп өтпөй Герасимов украин аскерлеринин чек арада Орусиянын аймагында алдыга жылуусу токтотулганын айтты.

Орусиянын президенти Владимир Путин 7-августта өкмөттүн жыйынында сүйлөп жатып Курск аймагындагы соңку окуяларды “масштабдуу чагым” деп атады.

"Киевдик режим кезектеги масштабдуу чагым аракетин көрдү. Жарандык имараттарды, турак жайларды жана тез жардам машиналарын куралдын ар кандай түрүнөн, анын ичинде ракеталык куралдан ылгабай атып жатышат", - деп айтты Путин.

Украинанын президенти Владимир Зеленский 7-августта кезектеги кечки видео кайрылуусунда Курск облусундагы окуялар тууралуу эч нерсе деген жок. Болгону, Орусияга басым жасоону уланта берүү керектигин белгиледи жана украин аскерлерине "коргоодогу кайраты жана туруктуулугу үчүн" деп рахмат айтты.

"Украинага согуш алып келген агрессор Орусияга басым канчалык көп болсо, тынчтык – адилеттүү күч менен жетишилген адилеттүү тынчтык ошончолук жакын болот", - деп белгиледи Зеленский.

Курск облусунун губернатору Алексей Смирнов аймакта өзгөчө кырдаал жарыяланганын айтты:

"Курск облусунда ыкчам абал оор бойдон сакталууда. Аймакка душмандын кирүүсүнүн кесепетин жоюу үчүн 7-августтан тартып өзгөчө кырдаал режимин жарыялоо тууралуу чечим кабыл алынды".

Андан мурдараак Смирнов Суджада Тез жардам машинасына дрон менен сокку урулуп, айдоочусу жана фельдшер каза болгонун маалымдаган. Ошондой эле ал аймактагы медициналык жайларда донорлук кан запасын толуктоо үчүн элди кан тапшырууга чакырган.

Суджа районунда жайгашкан эркектер монастырынын башчысы аткылоодон имарат талкаланганын, ичиндеги бир киши каза болгонун билдирген.

АКШ Курск облусундагы окуялар боюнча Украинадан маалымат алганы жатканын Ак үйдүн басма сөз катчысы Карин Жан-Пьер 7-августта билдирди.

"Бул операция тууралуу айта турган болсок, биз алар менен байланышып, максаты эмнеде экенин сурап көрөбүз. Бирок алардын орусиялык агрессиядан коргонуусуна зарыл нерсенин баары бар экенине ынануу аракетибизди уланта беребиз”.

Ошол эле күнү Кошмо Штаттардын Улуттук коопсуздук кеңешинин өкүлү Жон Кирби Курск облусундагы кырдаал боюнча маалымат алуу үчүн Украина менен байланышканын айткан.

Ал тапта Орусиянын мурдагы президенти, Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев орусиялык аскерлерди Украинанын аймагына чабуулдарын күчөтүүгө чакырды. Одесса, Харьков, Днепропетровск, Николаев жана Киев облустарын көздөй алдыга жылуу керектигин айтты.

Орусия Украинага каршы 2022-жылы февралда ачкан согушун "атайын аскердик операция" деп атаган жана анын аскердик объектилерин гана бутага алып жатканын айтып келет. Украин бийлиги орусиялык аскерлердин соккусунан жарандары курман болуп, социалдык инфраструктурасы кыйрап жатканын билдирүүдө.

XS
SM
MD
LG