Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:32

"Кесипкөй киллер". Красиковдун канга жуулган колу


Вадим Красиков жана Владимир Путин. 2024-жылдын 1-августу.
Вадим Красиков жана Владимир Путин. 2024-жылдын 1-августу.

Орусия менен Батыш камактагы жарандарын айырбаштап бүттү. Орус абактарында отурган оппозициячыл саясатчылар, активисттер жана журналисттер бошотулду. Ал эми Орусия Европада соттолгон агенттерин жана адам өлтүрүүгө айыпталган Вадим Красиковду кайтарып алды.

“Киллер эми эркиндикте”, “Киллерди Путин өзү кучагын жайып тосуп алды.”, “Адам өлтүргүч менен кучакташуу...”

Мына ушундай пикирлерди орус президенти Владимир Путиндин айырбашталып, камактан бошонуп чыккан жарандарын аэропортко өзү барып, кызыл килем төшөп, ардак кароол, гүлдесте менен тосуп алып жаткандагы видеонун астынан көрүүгө болот.

"Аскердик кызматка түздөн-түз тиешеси барыңарга кайрылгым келет. Антыңарга, милдетиңерге бекем турдуңар. Мекениңер силерди бир да мүнөт унуткан жок. Баарыңар мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүлөсүңөр. Дагы көрүшүп, силердин келечек тууралуу сүйлөшөбүз", - деди Путин аэропортто, Европа өлкөлөрүнүн түрмөлөрүнөн бошотулган сегиз жаранынын жана алардын биринин эки өспүрүм баласынын, жалпы он кишинин алдында сүйлөп жатып.

Алардын арасынан эң талаштуусу – 58 жаштагы Вадим Красиков. Ал чечен жикчилеринин мурдагы талаа командири, Германияда баш калкалап жүргөн жеринен киши колдуу болгон Зелимхан Хангошвилинин өлүмү үчүн өмүрүнүн аягына чейин соттолгон.

Германия бийлиги Хангошвилинин үй-бүлөсүнө Красиков айырбашталып жатканы тууралуу эч кандай кабар бербегенин анын жесири Манана (Раиса) Циатиева айтты.

Кавказ.Реалии сайтына курган маегинде Циатиева айырбаштоо тууралуу ар кандай божомол сөздөр Красиковдун сотунда айтыла баштаганын, анда адвокаттар мындай ыктымалдык аз деп айтканын билдирди. Бирок өкүм жарыялангандан кийин адвокаттар орусиялык агентти айырбаштоо мүмкүн экенин, бул үчүн ал жаза мөөнөтүнүн көпчүлүк бөлүгүн өтөшү талап болорун айтышкан.

"Айырбаштоо тууралуу бизден эч ким сураган жок. Бул окуя жабыр тарткан тараптын пикири Германия бийлиги үчүн маанилүү эмес экенин көрсөтүүдө", – деди ал.

Зелимхан Хангошвилинин жакындарынын Германиянын Грузиядагы элчилигинин алдындагы акциясы. Тбилиси, 10-сентябрь, 2019-жыл.
Зелимхан Хангошвилинин жакындарынын Германиянын Грузиядагы элчилигинин алдындагы акциясы. Тбилиси, 10-сентябрь, 2019-жыл.

Германиядагы Frankfurter Allgemeine Zeitung басылмасы федералдык прокуратура бийликтин Вадим Красиковду бошотуу чечимин “өкүнүчтүү” деп атаганын жазды.

Германиянын өкмөтү "Бул чечимди федералдык өкмөт шашып, кылдат ойлонбостон кабыл алып койгон жок. Мамлекеттин соттолгон кылмышкердин жазасын аткаруудагы кызыкчылыгы Орусиянын абагына камалган бейкүнөө адамдардын жана саясий туткундардын эркиндигине, саламаттыгына, ал эми айрым учурда өмүрүнө караганда канчалык маанилүү дегенге салыштырып кароого таянды. Германиянын жарандарын коргоо милдетибиз жана Кошмо Штаттар менен тилектештигибиз биз үчүн маанилүү мотив болду" деп комментарий берди.

Немис канцлери Олаф Шольц орусиялык киллердин орусиялык саясий туткундарга айырбашталышын демократия жана гуманизм принциптерине таянып жашаган улут үчүн жалгыз туура чечим болгонун айтты.

"Мен бул туура чечим болгон деп эсептейм. Бошотулгандар менен сүйлөшкөндөн кийин анын тууралыгы эч күмөн санатпайт», — деди ал аэропортто уюштурулган пресс-конференцияда:

"Биздин коом гуманизм жана инсандын эркиндиги идеяларынан, демократия идеяларынан куралган. Биз өзүбүздү эркиндик жана демократия үчүн күрөшкөнү үчүн гана өмүрү коркунучка кептелгендердин баарына коргоо кепилденген коом деп тааныйбыз".

Кезинде чечен жикчилеринин командири болуп, кийин Грузиянын коопсуздук органдары менен кызматташууга өткөн 40 жаштагы чечен улутундагы грузин жараны Зелимхан Хангошвили 2019-жылы немис баш калаасында каза тапкан.

Бул кылмыш үчүн Вадим Красиков дароо кармалган. Журналисттер аны велосипед айдап келип, Хангошвилини артынан, билгизбей эки жолу атып, өлтүрүп кеткени үчүн "велосипедчен киллер" деп да атап коюшкан.

Ичкериянын эгемендиги үчүн күрөшкөн талаа командири Хангошвилини Орусия террорчулукка айыптап, ага издөө жарыялаган. Грузияда бир нече жолу кол салуу аракетине кабылган. 2016-жылы Германияда башпаанек алган.

Bellingcat иликтөөчүлөр тобу Хангошвилинин өлүмүн Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) уюштуруп, ишке ашырган деген тыянакка келген. Бирок орус президенти Владимир Путин анда Хангошвилини "мыкаачы, канкор" деп сыпаттап, ал издөөдө болгонун, бирок Москва аны өлтүрүүгө катышпаганын айткан.

2019-жылы Путин журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып Зелимхан Хангошвилини Москва метросундагы кайсы бир жардырууларга айыптап, анын тагдыры тууралуу маалыматы жок экенин айткан.

2021-жылы декабрда Берлин соту Красиковду адам өлтүрүүгө айыптуу деп тапкан жана аны мөөнөтүнөн мурда бошонуу укугу берилбейт деген шарт менен өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыраткан. Сот бул кылмыш үчүн жоопкерчиликти Орусия бийлигине жүктөп, окуянын өзүн "мамлекеттик террор" деп да атаган.

2022-жылдын июнунда жана декабрында Орусия Красиковду айырбашталуучулар тизмесине кошууга аракет кылган. Бул чечимди АКШ колдогон, бирок Германия анын жасаган кылмышынын оордугунан улам макулдугун бербей койгон.

Талдоочулар Красиковдун башка да кылмыштары болгонуна көңүл буруп жатышат. “Русь сидящая” уюмунун жетекчиси Ольга Романова аны Путиндин "кесипкөй киллери" деп атады:

“Беш жыл бою ал эч нерсе деп сүйлөгөн жок. Тергөөчүлөр аны менен ишти улантууга, дагы маалымат “сууруп чыгууга” үмүттөнүп жатышкан эле. Андан алынчу маалымат көп болчу. Путин менен чын эле көптөн бери тааныш экенин аңдасак болот, буга аны менен “Здорово!” деп өз кишидей кучакташып учурашканы да далил. Красиковдун Анатолий Собчактын өлүмүнө тиешеси бар же жогун билбейм, балким ошондойдур. Бирок Роман Цеповдун (Путиндин күзөтчүсү катары белгилүү), Санкт-Петербургдун вице-губернатору Михаил Маневичтин жана башка адамдардын табышмактуу өлүмү бар экенин билебиз. Кеминде эки өлүмгө анын тиешеси бар экени анык – алардын бири ишкер болчу, Карелиядагы окуяны да эстесек, аны кармап, көп өтпөй коё беришкен. Ооба, Красиков ФСБнын "кесипкөй киллери", Путин менен мурдатан тааныш киши. Ал көп нерсени билет”.

Зелимхан Хангошвили (солдо), Вадим Красиков. Коллаж сүрөт.
Зелимхан Хангошвили (солдо), Вадим Красиков. Коллаж сүрөт.

Вадим Красиков ФСБнын кызматкери экенин 2-августта Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков тастыктады. Ал Президенттик коопсуздук кызматында азыр да иштеп жаткан айрымдар менен "Альфа" бөлүгүндө чогуу кызмат өтөгөнүн айтты.

Кремлдин сынчысы, бир нече айып менен соттолуп, камакка алынган оппозиционер саясатчы Алексей Навальный быйыл февралда абакта табышмактуу жагдайда каза болгон. Ошол учурда аны айырбаштап, бошотуу тууралуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатканы ачыкка чыгып, Навальныйдын ордуна орус бийлиги Красиковду сураганы айтылган.

The Wall Street Journal басылмасы 2023-жылдын сентябрында Красиков үчүн Навальный бошотулушу ыктымал экенин маалымдаган.

Зелимхан Хангошвили Чеченстандын мурдагы президенти Аслан Масхадовдун жардамчысы болгон. Экинчи чечен согушунда Ичкерия взводун башкарган. Ошондо ичкериялыктардын орус бийлигинен көз каранды эместиги үчүн күрөшүп чыккандардын айрымдары дагы эле орус түрмөлөрүндө кармалууда, алар аз эмес.

Европада жайгашкан ичкериялык "Бирдиктүү күч" кыймылынын төрагасы Жамбулат Сулейманов алар эгемендик үчүн күрөшкөн аскер туткуну экенин, бирок аларды айырбаштоого эч ким аракет көрбөгөнүн айтууда:

"Айырбаштоо тизмесине киши өлтүргүч Красиковдун киргизилиши көйгөйдү дагы бир жолу көрсөттү - эгемен Чеченстандын жактоочулары азыр үнү угула турган, пикири эске алына турган эл аралык укуктун субъектиси эмес. Биз Кара-Мурзанын жана орус оппозициясынын башка өкүлдөрүнүн бошотулушуна каршы эмеспиз, бирок бул чечендер же чечендерди өлтүргөндөрдүн эсебинен жасалбашы керек эле".

Красиков бошотулганы тууралуу кабар өкүндүргөнүн, бирок таңкалычтуу эмес экенин Грузиянын Панкис капчыгайында жашаган чечен журналисти Сулхан Бордзгор белгиледи:

"Чечендердин өмүрү Орусияда гана эмес, деги эле анча маанилүү эмес экенин дайыма сезип турабыз. Эгерде Берлинде бир француз, немис же Израилдин жаранын ачыктан-ачык өлтүрүп кетишсе, өлтүргөн кишини айырбаштоо чоң көйгөй болмок. Эч ким аны айырбаштоого макул болбосуна 90% ишенем".

Быйыл 1-августта Батыштын бир нече өлкөсү Орусия менен абакта отурган жарандарды айырбаштады. Орусия жана Беларус түрмөлөрүндө отурган 16 кишини бошотуп, алардын ордуна Батыш өлкөлөрүндө камалган сегиз жаранын жана алардын биринин эки баласын кайтарып алды.

Орусия оппозиционер саясатчылар Владимир Кара-Мурзаны, Илья Яшинди, Андрей Пивоваровду, Вадим Останинди, Ксения Фадееваны, Лилия Чанышеваны, укук коргоочу Олег Орловду, "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун кабарчысы Алсу Курмашеваны, WSJ кабарчысы Эван Гершковичти, сүрөтчү Александра Скочиленкону, мурдагы америкалык деңиз аскери Пол Уиланды, Германиянын жарандары Рико Крегерди, Патрик Шебелди, Герман Мойжести, Дитер (Демури) Воронинди жана Кевин Ликти бошотту.

XS
SM
MD
LG