Молдовада президенттик шайлоо боюнча берилген добуштардын 98% ашыгы саналды, учурдагы мамлекет башчы Майя Санду алдыда келатат. Ал экинчи айлампада орусиячыл социалист Александр Стояногло менен атаандаш болот.
АКШ жана Евробиримдикте террордук деп жарыяланган ХАМАС тобунун лидери Яхья Синвар Газада жок кылынгандан кийин Иран Израилге каршы күрөштү күчөтөрүн жарыялады. АКШ Синвардын жок кылынышын кубаттап, эми Газадагы ок атышууну токтотууга чакырды.
Чаткалда кар көчкүдө калган алты жарандын үчөөнүн сөөгү табылып, тик учак менен жеткирилди. Дайынсыз жоголгон дагы эки жаранды издөөгө кошумча күч тартылды. ХАМАС тобунун лидери Газада жок кылынган соң, Иран Израилге каршы күрөштү күчөтөрүн жарыялады. Киев эң узак дрон чабуулуна кабылды.
АКШ жана Евробиримдикте террордук деп жарыяланган ХАМАС тобунун лидери Яхья Синвар Газада өлтүрүлгөндөн кийин Иран Израилге каршы күрөштү күчөтөрүн жарыялады. АКШ Синвардын жок кылынышын кубаттап, эми Газадагы ок атышууну токтотууга үндөдү. Израилдин бийлиги азырынча согуш токтобостугун ишарат кылды.
Соңку жылдары борборазиялык айдоочулар Литванын логистика тармагынын ишенимдүү бөлүгүнө айланды. Жыл сайын жүздөгөн айдоочу Литвага жүк ташыган фура айдап, акча табуу үчүн келет. Бирок узак сапарга чыккандардын арасында катаал шартта иштеп, укугу одоно бузулгандары да аз эмес.
Украин президенти Владимир Зеленский Еврошаркеттин жана НАТОнун лидерлерин “жеңиш планынын” мазмуну менен тааныштырды. Орусиянын агрессиясына чекит коюуга жардам берет деген долбоорду ал алдыңкы күнү Жогорку Радага алып чыккан. Зеленскийдин планын катардагы украиндер ар түрдүү талдап жаткан кези.
Төө-Ашууда кар жаап, Бишкек-Ош автоунаа жолунда түнкүсүн миңдей автоунаа тыгында калды. Украин президенти Владимир Зеленский Орусияга каршы согуштагы "жеңиш планын" көрсөттү. Парламенттин комитеттери интернетте жана медиада жалаа жабууга айып пул салган мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды.
Украин президенти Владимир Зеленский бүгүн 16-октябрда өлкө парламенти - Жогорку Радага барып, Орусияга каршы согуштагы "Жеңиш планын" көрсөттү. Ал тапта Украинанын 14 облусу өткөн түнү да дрон жана ракета чабуулуна кабылганы кабарланды.
Украин президенти Владимир Зеленский Орусияга каршы согуштагы "жеңиш планын" тартуулады. Украинанын 14 облусу өткөн түнү да дрон жана ракета чабуулуна кабылды. Орусиянын Курск облусунда украин аскерлеринин кармашы уланууда.
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Дүйнө чемпионатынын тандап алуу оюндарынын 3-раундунун төртүнчү турунда Түндүк Корея курамасын 1:0 эсебинде утуп, алгачкы үч упайга ээ болду.
Израил Газадагы жана Ливандын чектеш тилкесиндеги чабуулдарын улантууда. Орусиянын Астрахан шаарында баңгизаттан каза болгон 10 адамдын өлүмүнө байланыштуу 20 жаштагы кыргыз жаранына айып тагылып, күчтүү маңзат саткан деп шектелүүдө.
Израил Газадагы жана Ливандын чектеш тилкесиндеги чабуулдарын улантууда. Соңку суткада дагы ондогон кишилер каза болду. Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңеши Израилдин Ливандагы бейкуттук күчтөрүн убактылуу чыгарып кетүү тууралуу өтүнүчүн четке какты.
Дагы жүктөңүз