Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев мамлекеттик гимн өзгөртүлөрүн айтты. Украинанын эки аймагында Орусиянын чабуулдарынан дагы эки кишинин өмүрү кыйылды. Ютубер Азамат Карабаевди Ноокат райондук соту 22-ноябрга чейин камакка алды. Ал буга чейин аймактагы көйгөйлөрдү чагылдырып келаткан.
Украинанын аскер чалгын кызматы Орусия түндүк кореялык жоокерлерди Курск облусуна жөнөткөнү тууралуу маалымат бар экенин билдирди. Путин Пхеньян менен стратегиялык өнөктөштүк тууралуу биринчи жолу комментарий берди.
Теги чечен мушкер Артур Бетербиев бокс боюнча абсолюттук чемпиондукту уткандан кийин аны Грозныйда шаан-шөкөт менен тосушту. Бирок анын атаандашы Биволдун тарапкерлери эле эмес, күйөрмандар да Бетербиевдин жеңиши талаштуу экенин, Чеченстандын лидери Рамзан Кадыров аны кантип калкаларын белгилешет.
“Азаттык” Орусиянын Украинадагы согушунда теги кыргызстандык 51 киши набыт болгонун аныктады. Алардын 25и Кыргызстандын гана жараны. Айрымдарынын колунда эки өлкөнүн тең паспорту болсо, кайсы бири кийинчерээк толук орус жарандыгына өткөн. Украинадагы согушта каза тапкан кыргызстандыктар кимдер?
Орусиянын Казан шаарында БРИКС уюмунун саммити аяктады. Айрым аналитиктер Украинага басып киргени үчүн санкция салынып, Москва эл аралык обочодо калган учурда орус бийлиги көбүрөк өнөктөш күтүүнү көздөгөнүн айтышат. Саммитке Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров да катышты.
Анкарада Turkish Aerospace (TUSAŞ) ишканасындагы жарылуу жана атышуу болгон жерде кеминде беш кишинин өмүрү кыйылып, 20дан ашык киши жараат алды. 34 жаштагы Рахима Айкымбаеваны мыкаачылык менен өлтүргөн деп айыпталган жолдошу 15 жылга абакка кесилди.
Чыгыш Европада шайлоолор сезону башталганы Украинадагы согуштун сазына баткан, туш-туштан өзүнө өнөктөш издеген Кремль үчүн ошол өнөктүктөрдүн мааниси болуп көрбөгөндөй артты. Москва жана чөлкөмдөгү популист шериктери добуш берүүлөргө таасир этүү үчүн кандай ыкмаларды колдонушат?
Интернет жана жалпыга маалымдоо каражаттарында жалаа жабууга жана мазактоого айып пул салуу тууралуу мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште биринчи окуудан өттү. Казанда БРИКС уюмунун саммити өтүп жатат. Таласта эки баласын жетелеген аялды сүзгөн айдоочу кармалды.
Казан шаарында БРИКС уюмунун саммитти башталды. Бул жолу ага 20дан көп өлкөнүн лидерлери катышууда. Арасында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров да бар. Талдоочулар белгилегендей, Орусиянын президенти Владимир Путин муну менен дүйнөгө Москва обочодо калбаганын көрсөтүүгө аракет кылууда.
23-октябрда Казан шаарында БРИКС уюмунун саммити башталууда. Украинадагы согуш, Москва менен Батыш өлкөлөрүнүн мамилеси курчуган абалда Орусиянын аймагында өтүп жаткан саммитте уюм жаңы мүчөлөр менен толукталууда. Бул бирикменин Кыргызстан үчүн мааниси кандай?
Эл аралык коомчулук түндүк кореялык аскерлердин Орусияга жөнөтүлгөнү тууралуу кабарды кескин сынга алууда. Маалыматтарга караганда, алар андан ары Украинага айдалышы мүмкүн. Сеул катаал жооп кайтарарын убада кылды. Пхеньян бул маалыматты четке какты.
Дагы жүктөңүз