Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:25

ХАМАСтын лидери өлтүрүлдү. Газадагы согуш качан токтойт?


ХАМАСТын лидери Яхья Синвар
ХАМАСТын лидери Яхья Синвар

АКШ жана Евробиримдикте террордук деп жарыяланган ХАМАС тобунун лидери Яхья Синвар Газада өлтүрүлгөндөн кийин Иран Израилге каршы күрөштү күчөтөрүн жарыялады. АКШ Синвардын жок кылынышын кубаттап, эми Газадагы ок атышууну токтотууга үндөдү. Израилдин бийлиги азырынча согуш токтобостугун ишарат кылды.

ХАМАС тобу лидери Яхья Синвар набыт болгонун тастыктады. 18-октябрда топтун башчысынын орун басары Халил ал-Хайя телекайрылуу жасап, Синвар Газада өлтүрүлгөнү тууралуу маалыматты ырастады.

Израилдин өкмөт башчысы Биньямин Нетаньяху Газадагы жана Ливандагы согуш улана берерин айтты. Бул Газада АКШ жана Евробиримдик террордук деп тааныган ХАМАСтын лидери Яхья Синвардын өлтүрүлүшү Жакынкы Чыгыштагы жаңжалды токтотууга түрткү берет деген айрымдардын үмүтүн таш каптыргандай болду.

Ал арада Ливандын түштүгүн көзөмөлдөгөн “Хезболла” саясий партиясы жана куралдуу тобу Синвардын өлүмүнөн кийин Израилге каршы күрөшүн күчөтүүгө сөз берди. Бул топту колдогон Иран ХАМАСтын лидеринин өлтүрүлүшү “каршылык көрсөтүү тобун” ого бетер бекемдээрин кошумчалады.

2023-жылдын 7-октябрындагы Израилге жасалган кол салууну пландап, уюштурган деп саналган Синвар 16-октябрдагы ЦАХАЛдын операциясында жок кылынган.

Нетаньяху Синвардын өлтүрүлүшүн маанилүү окуя катары сыпаттап, бирок согушту улантууну убада кылды.

“Айланайындар, согуш бүтө элек”, - деди Нетаньяху 17-октябрдын кечинде. Ал согуштук аракеттер ХАМАСтын туткунундагы израилдиктер бошотулмайынча уланарын кошумчалады.

Туткундар демекчи, ХАМАС былтыр күздө Израилдин конуштарына кол салганда 1200дөй кишини өлтүрүп, 250дөй адамды туткунга алып кеткени кабарланган. Алардын дээрлик жарымы кийин сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө бошотулган. Барымтада калгандардын жакындары эми хамасчылар лидеринин өлүмү үчүн өч алуу максатында аларды жок кылып салбайбы деп кооптонушат. Мындан улам алар израил бийлигинен согушту токтотуп, барымтадагыларды бошотууга чакырышты.

Ок атышууну токтотууга АКШ президенти Жо Байден да үндөдү.

"Бүгүн бүтүндөй дүйнө үчүн жакшы күн. Беньямин Нетаньяхуга чалып, акыры алардын колу Синварга жеткени менен куттуктадым. Синвар көп адамдын канына забын болгон. Америкалыктардын, израилдиктердин, башкалардын дагы. Мен Нетаньяхуга эми Газада ок атууну токтотууга умтулуу керектигин айттым", - деди Байден.

АКШ, Катар жана Египет бир нече айдан бери Газадагы согушту токтотуу аракетин көрүп, согушкан тараптарды келишим түзүүгө көндүрө албай келишет.

ХАМАСтын өлтүрүлгөн лидери Яхья Синвар. 24-май, 2024-жыл.
ХАМАСтын өлтүрүлгөн лидери Яхья Синвар. 24-май, 2024-жыл.

Яхья Синвар деген ким?

Яхья Синвар быйыл 6-августта ХАМАСтын саясий канатынын лидери болуп дайындалган. Ага чейин бул милдетти аркалаган Исмаил Хания 31-июлда Тегеранда жок кылынган. Ал үчүн Иран менен ХАМАС Израилди күнөөлөгөн. Расмий Тель-Авив мойнуна алган да эмес, четке каккан да эмес. Ал ХАМАС Газадагы турак-жайлардын алдына соңку жыйырма жылдан бери курган туннелдерде жашырынып жүргөнү кабарланган.

Израил бийлигинин билдирүүсүнө ылайык, Синвар 16-октябрда ЦАХАЛдын аскерлери менен атышууда набыт болгон. Алгач аскерлер ХАМАСтын лидерин жок кылганын деле билген эмес. Израил армиясы дрондон алынган видеолорду жарыялады. Анда Синвардын өмүрүнүн акыркы ирмеми чагылдырылган.

ХАМАСтын жетекчисин Рафахтагы талкаланган үйдүн урандыларынан арасынан израилдик дрон бутага алган. Видеодон алсырап отурган киши өзүн көздөй келаткан дронду колундагы таяк сыяктуу бир нерсе менен чапканга аракет кылганы көрүнөт.

Израил армиясы тараткан видеодо Синвардын алсырап отурганы чагылдырылган. 17-октябрь, 2024-жыл.
Израил армиясы тараткан видеодо Синвардын алсырап отурганы чагылдырылган. 17-октябрь, 2024-жыл.

Өз тарапташтарынын арасында Абу Ибрагим деген ысым менен белгилүү 61 жаштагы Синвар Газа тилкесиндеги Хан-Юнис шаарындагы качкындар лагеринде туулган.

Анын ата-энеси 1948-жылы араб-израил согушунун маалында Ашкелон шаарынан качып келген. Дал ошол согуштан кийин Израил мамлекети түзүлгөн.

Синвар 1987-жылы ХАМАС түзүлгөндөн көп өтпөй эле уюмга кошулуп, анын алкагында “Аль-Мажд” тобун негиздеген. Бул топтун башкы максаты ичтеги жөөт тыңчыларын аныктоо болгон. Синвар мыкаачылыгынан улам “Хан-Юнистен чыккан касапчы” деген атка конгон.

Синвар бир нече жолу израил аскерлеринин колуна түшүп, ар кандай кылмыштары, анын ичинен эки жоокерди өлтүргөнү үчүн бир нече ирет өмүр бою эркинен ажыратылган. Ал 20 жылдан ашуун мезгил бою Израилдин түрмөлөрүндө отурган.

Белгиядагы Эл аралык кризис тобундагы Жакынкы Чыгыш жана Түндүк Африка боюнча программасынын директору Йост Хильтерманн Израилдин түрмөсү Синварга кандай таасир эткенин мындайча сыпаттайт:

"Синвар көптөгөн палестин туткундарындай эле Израилдин түрмөлөрүндө катуу радикалдашкан”. Ал кошумчалагандай, Синвар камакта жатканда иврит тилин өздөштүргөн. Бул ага Израилдин лидерлеринин ой жүгүртүүсүн түшүнүүгө жол ачкан.

Синвар түрмөдөн 2011-жылы Израил менен ХАМАСтын ортосундагы туткундарды айырбаштоо жараянынын алкагында бошотулган. Анда бир израилдик аскер үчүн Тель-Авив 1000дей палестин туткунун азат кылган.

Синвардын өлүмү эмнени билдирет?

Газадагы палестиндер Синвардын өлүмү тууралуу кабарды ар кандай кабыл алышты. Айрымдар ал өлтүрүлгөн соң эми согуш токтойт деп үмүт артышты.

"Аларда согушту токтотпоого себеп калган жок. Синвар тууралуу жаңылыктарды укканда, албетте, кабыргабыз кыйышты. Ошол эле учурда, балким, согуш токтоп калар деп кубандык. Алар өз максатына жетишти. Эми дагы эмне калды? Жетишет. Согуш аяктап, үйлөрүбүзгө кайтабыз деген үмүттөмүн", - дейт Газанын тургуну.

Tech Against Terrorism уюмунун адиси Лукас Веббердин айтымында, Синвардын жок кылынышы Израил Газанын түндүгүндө аскердик чабуулдарын жандантып, Ливандагы “Хезболла” тобуна каршы операциясын күчөткөн маалга туш келди.

АКШ "Хезболланы" террордук уюм деп тааныган, Европа Биримдиги анын саясий партиясын эмес, куралдуу тобун “кара тизмеге” киргизген. Ливандын парламентинде “Хезболланын” саясий партиясынын депутаттары бар.

Буга чейин Израил армиясы ХАМАСтын бир нече жогорку даражалуу өкүлүн жана "Хезболланын" лидери Хасан Насралланы жок кылган.

“Израил бийлигине аскердик өнөктүгүн кеңейтүү үчүн ички колдоо керек болуп турганда өзгөчө маанилүү бутанын жок кылынышы тактикалык ийгилик дегенди билдирет”, - дейт Веббер.

Ал Синвардын өлүмү Газадагы согуштун токтошуна таасир этеринен күмөн санайт. “Албетте, Синвар абдан тажрыйбалуу адам болгон. ХАМАСтын жетекчилигинин жана тарапштарынын алдында анын макамы жогору эле. Бирок анын жок кылынышы жаңжалдын ырайын кескин өзгөртөт деп ойлобойм”, - деген пикирин бөлүштү аналитик.

Ал эми баш кеңсеси АКШда жайгашкан Century Foundation аналитикалык борборунун жетекчиси Танасис Камбанистин эсебинде эки тарап тең согушту токтотууга кызыкдар эмес эле.

“Эки тарап тең согушту улантууну жактап турат. Синвардын өлүмү тирешүүнү жакшы жакка өзгөртүшү мүмкүн. Тактап айтканда, ХАМАС багынып бериши же сүйлөшүүлөр аркылуу ыкка көнүшү ыктымал”, - дейт ал.

Ал эми Вашингтондогу Куинси атындагы башкаруу институтунун негиздөөчүлөрүнүн бири Трита Парси “Газаны башаламан бомбалоо, карапайым адамдардын жапырт өлүмү тескерисинче, палестиндердин радикалдашып, ХАМАСтын катарына кошулуусуна шарт түздү” деген пикирде.

Бир жылдан ашуун Газада уланып жактан согушта 41 миңден көп палестин набыт болгонун ХАМАС башкарган Газанын саламаттык сактоо мекемеси билдирген.

XS
SM
MD
LG