Украина Орусиянын кезектеги чабуулунан ондогон кишиси жараат алганын, бир баланын өмүрү кыйылганын билдирди. 31-октябрга караган түнү Харьков шаарындагы кабат үйлөрдүн бирине аралыктан башкарылуучу бомба түштү.
Украин президенти Владимир Зеленский Батышты Украинаны алыска атуучу курал менен камсыздоо жагынан жардам берүүгө чакырды. Орусия Украинага каршы согушуна Түндүк Кореяны да аралаштырып жатканы БУУнун Коопсуздук кеңешинде талкууланды, орус бийлиги мындай айыптоону четке кагууда.
Бир кезде Орусияны миграциянын негизги багыты катары караган борбор азиялыктар акыркы жылдары Балтика боюнда өлкөгө агылып, Литва аркылуу Европанын башка мамлекеттерине кетүүнү көздөп жатышат. Бирок арасында Литва өкмөтүнүн текшерүүлөрүнө, жаңы миграциялык эрежелерине туш болгондор да бар.
Украинанын Харьков шаарындагы көп кабаттуу үйгө 500 килограммдык бомба тийди. Орусиянын кезектеги чабуулунан бир баланын өмүрү кыйылып, ондогон киши жараат алды.
Кыргызстанда санариптик тармактагы башкы оператор саналган “Инфоком” ишканасы Президенттин иш башкармалыгына өттү. Ал "Кызмат" деп өзгөртүлүп, өлкөдөгү калкты тейлөө жагынан бир нече функцияны аткарат. Буга чейин президенттин иш башкармалыгына Мамлекеттик ипотекалык компания да өткөн.
Камактагы ишкер, “KG Group” курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Имамидин Ташов атайын кызматтын тергөө абагында өзүнө кол салганы белгилүү болду. Чуулгандуу иштерде аты аталып жүргөн, абактагы Мелис Аспековдун видеосу тарады. Газанын түндүгүнө ЦАХАЛдын аба соккуларынан 90дой киши набыт болду.
Газанын түндүгүнө жасалган израил армиясынын аба соккуcунан 90дой киши набыт болду. Арасында ондогон аялдар жана балдар бар экенин анклавдын Саламаттык сактоо башкармалыгы билдирди. Соңку жумаларда Израил армиясы ХАМАС радикал уюмунуна каршы аскердик операциясын күчөткөнү кабарланууда.
Израил армиясынын Газанын түндүгүнө жасалган бүгүнкү аба соккуларынан 90дой киши набыт болду. Арасында ондогон аялдар жана балдар бар экенин анклавдын Саламаттык сактоо башкармалыгы билдирди.
Түндүк Кореядан келген жоокерлер орусча 100дөй аскердик терминди үйрөнгөн соң Украинадагы согушка жөнөтүлүшү мүмкүн. Бул тууралуу 29-октябрда Сеулдун расмий адамдары чалгын кызматынын маалыматына таянып билдирди. Пентагондун эсебинде Орусиянын чыгышында 10 миңдей корей аскери машыгуудан өтүп жатат.
Президент беш генералды наамынан ажыратты. Түндүк Кореялык аскерлер орусча 100дөй аскердик терминди үйрөнгөн соң Украинадагы согушка жөнөтүлүшү мүмкүн. Иранда теги ирандык немис жараны, журналист жана инженер-программист Жамшид Шармахд өлүм жазасына тартылды.
Грузияда 2012-жылдан бери өлкөнү башкарган "Грузин кыялы" партиясы жекшембиде өткөн парламенттик шайлоодо 54% добуш алды. Оппозициялык төрт саясий күч 5% босогодон өттү. Грузин оппозициясы "добуштар уурдалганын" билдирип, нааразылык акцияларын баштай турганын жарыялады.
Дагы жүктөңүз