Молдовада 20-октябрда өткөн президенттик шайлоодо берилген добуштардын 98% ашыгы саналып бүттү. Шайлоочулардын дээрлик 42% добушун алган учурдагы президент Мая Санду экинчи айлампада орусиячыл социалист Александр Стояногло менен атаандаш болот. Ага шайлоочулардын 26,34% добуш берген. Шайлоонун экинчи айлампасы эки аптадан кийин, 3-ноябрда өтөт.
Евробиримдикке кошулуу боюнча референдумдун добуштарынын 98,5% саналды. Шайлоочулардын 50,16%га жакыны "макул" деп добуш берсе, 49,84% биримдикке кошулууга "каршы" болгон. Борбордук шайлоо комиссиясы чет өлкөлөрдө жашаган молдовалыктардын добуштарын саноону улантууда.
Референдумга чейинки сурамжылоого катышкандардын көпчүлүгү өлкөнүн Европа биримдиги менен интеграциясын колдогон.
Президенттик шайлоодо жана референдумда 1,5 млн ашуун же шайлоочулардын 51,4% көбү добуш берди.
Президент Мая Санду шайлоонун жана референдумдун алдын ала жыйынтыгы тууралуу комментарий берип, Молдовада "демократия болуп көрбөгөндөй чабуулга" туш болуп жатканын билдирди.
Анын айтымында, "кылмыштуу топтор чет элдик күчтөр менен биргеликте" молдовалык шайлоочулардын добушун "сатып алууга" аракет кылышкан.
"Бизде кылмыштуу топ 300 миң добуш сатып алууну көздөгөн далилдер жана маалыматтар бар, бул болуп көрбөгөндөй көз боёмочулук, анын максаты демократияны бузуу", - деди Санду.
Молдовадагы президенттик шайлоо жана Европа Биримдигине кирүү боюнча референдум Орусиянын шайлоо процессине кийлигишүүсү жөнүндө билдирүүлөрдүн фонунда өттү.
"Батышчыл" жана "орусиячыл" талапкерлер
Молдовалыктар ушуну менен үчүнчү ирет президентти тикелей шайлап жатышат.
2020-жылкы шайлоодо европачыл жана батышчыл Майя Санду жеңип, кийинки жылы анын “Аракет жана адилет” партиясы парламентте көпчүлүктү алууга жетишкен.
Аны менен кошо 10 талапкер, арасында маалымат каражаттары орусиячыл деп атаган саясатчы, мурдагы башкы прокурор Александр Стояногло, Белцы шаарынын мурдагы мэри, популист Ренато Усатый, коммунисттик доордо өкмөттү башкарып турган Василе Тарлев, Гагауз автономиясынын мурдагы жетекчиси Ирина Влах ат салышууда.
Оппозициядагы социалисттер партиясынын лидери, экс-президент Игорь Додон өзү бул шайлоого катышпаганы менен тарапташтарын былтыр кызматтан алынган Стояноглону колдоого чакырды.
Мурдагы прокурор коррупцияга жана кызматынан кыянат пайдалануу үчүн айыпталып, иши тергелип жатат. Ал президент Сандунун "саясий куугунтугуна" кабылганын айтса, мамлекет башчы айыптоолорду четке кагууда.
Талапкерлердин бири, журналист Наталья Морарь азыркы бийликти катуу сындап, жапырт эмиграциянын айынан улут жок болуп кетүү коркунучуна кептелгенин айтып жүрөт. Ал жогорку кызматка шайланып калса, экономикалык өнүгүүгө басым жасарына убада берүүдө.
52 жаштагы мамлекет башчы Санду “өлкөнүн тагдырын калп жана ыплас акча эмес, молдовалыктар өздөрү аныктоого тийиш деген ой менен добуш бергенин" "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун молдован кызматына айтты.
Шайлоо алдында ал Молдованы 2030-жылга карай Еврошаркетке кошуунун үстүнөн иштерин айтып келди.
Талдоочулар Сандунун эң дымактуу кадамдарынын бири деп Орусия Украинага басып киргенден кийин Москванын жаратылыш газына болгон көз карандылыкты жоюуну аташат. Ошол эле маалда андай аракет инфляцияга, башка экономикалык кыйынчылыктарга алып келди.
Жакында өткөн сурамжылоолор көргөзгөндөй, президентти респонденттердин 30-35% колдойт, Стояноглого 9%, Усатыйга 6% ишенерин айтты.
Талапкерлердин бири да 50% көп добуш ала албай калса, 3-ноябрда алдыңкы саптагы эки саясатчы экинчи айлампада ат салышмакчы.
Европага карай жол жана Орусиянын ыктымал кийлигишүүсү
Сандунун демилгеси менен өткөрүлүп жаткан референдумда молдовалыктар “Молдованын Евробиримдикке кошулуу максатында конституцияга алымча-кошумча киргизүүнү колдойсуңарбы” деген суроого жооп берүүгө тийиш.
Молдовада президенттин ыйгарым-укуктары чектелгени менен жана Орусиянын дестабилдештирүүчү аракеттерине карабай Санду евроинтеграция багытында бир топ ийгиликке жетешти.
Европанын эң кедей өлкөлөрүнүн бири 2022-жылы шаркетке кирүүгө талапкер деген макам алган жана быйыл тиешелүү сүйлөшүүлөрдү баштады.
Өнөктүк алдында жергиликтүү жана чет өлкөлүк аткаминерлер, анын ичинде Молдованын тышкы иштер министри Орусиянын кийлигишүүсү тууралуу эскертип келишти. Атап айтканда жалган маалымат таратуу, добуштарды сатып алуу, шайлоодон кийин тоз-тополоң уюштуруу үчүн акча жөнөтүү өңдүү аракеттер ыктымалдыгы айтылып келди.
Орус тилдүү калк үстөмдүк кылган Молдованын жикчил Приднестровье аймагында аскердик базасын кармап келаткан Москва добуш берүүгө аралашканын танууда.
Байкоочулар Додон менен катар бул шайлоого көшөгө артынан орусиячыл олигарх Илан Шордун таасир эткенин да белгилешет.
Өткөн жылы Шордун партиясына тыюу салынып, кийин конституциялык сот аны мамлекеттик төңкөрүш даярдоо үчүн айыптаган. Орусияда бозгунда жүргөн Шорго шайлоочуларга жана Еврошаркетке кирүүгө каршы чыккан таасирдүү адамдарга акча бергени жана Молдова өкмөтүнө каршы нааразылыкты тутандыруу үчүн башка схемаларга аралашканы үчүн доомат артылып келатат.
Өлкөнүн атайын кызматы сентябрь айында эле 15 миллион доллар которулганын, олигархтын схемасына кирген 130 миң жаранды аныктаган.
8-10-октябрда полиция саясий партияларды мыйзамсыз каржылоо ишинин алкагында 115 район жетекчилери менен активисттерди тинтиди.
Добуш берүүгө саналуу күн калганда бийлик шайлоодон кийин “дестабилдештирүүчү” аракеттерди уюштуруу максатында Орусия жана Балканда машыккан төрт киши кармалганын билдирген.
Тагдыр чечүүчү шайлоо алдында Батыш дипломатиялык колдоосун билдирип, Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен Кишиневго барып кеткенде экономикага жардам иретинде 2 млрд доллардай инвестиция салынарын жарыялаган.
Андан көп узабай Орусиянын гибрид чабуулдарына туруштук берүү үчүн Молдованын тышкы иштер министри жана Түндүк-Балтика кызматташтык форматына кирген сегиз мамлекеттин башкы дипломаттары меморандумга кол койду.
Референдум өттү деп таануу үчүн добуш берүүгө 1,1 миллион шайлоочу катышууга тийиш.
Гиссен университетинин талдоочусу Денис Ченушанын пикиринде, молдовалыктар бул ирет “жок” деп жооп берсе, Молдова келечекте шаркетке кошулбайт дегенди билдирбейт. Бирок терс жыйынтык Сандуга жана европачыл өнөктөштөрү үчүн чоң сокку болуп, андай аракеттер дагы көп жыл көрүлбөй калышы ыктымал.