Олжобай Шакир үч жылдык пробация менен эркиндикке чыгарды. Украинанын Херсон жана Одесса аймактарына урулган авиасоккудан ондогон адам жапа чекти. Ноокат районундагы медреседе 14 жаштагы баланы бычактаган деп шектелген 16 жаштагы өспүрүм бир айга камалды.
Украинанын Херсон жана Одесса аймактарына урулган авиасоккудан ондогон адам жапа чекти. Сокку мектепке жана бала бакчага тийди. Ал эми Украинанын Орусия аннексиялап алган Крым жарым аралындагы Феодосия шаарындагы мунай базада тутанган өрт өчө элек.
Кыргызстандын өкмөтү жана Орусиянын "Росатом" корпорациясы кыргыз жергесинде атомдук электр станциясын (АЭС) курууга байланыштуу коомчулукта түшүндүрүү иштерин баштаганын билдирди. Бул боюнча эки жыл мурда меморандум кабыл алынып, долбоордун баштапкы техникалык-экономикалык негиздемеси даяр болгон.
Кыргыз өкмөтү жана "Росатом" АЭС курууга байланыштуу коомчулукта түшүндүрүү иштерин баштаганын билдирди. Казакстанда референдум өттү. Израил ХАМАС тобунун кандуу кол салуусунун бир жылдыгын эскерүүдө. Балыкчы-Корумду жолунун 80ге жакын курулушчусу айлык ала албай жатканын айтып, бийликке кайрылды.
Temirov Livе долбоорунун негиздөөчүсү, иликтөөчү-журналист Болот Темиров өзүнүн Кыргызстандан мажбурлап чыгарылышына байланыштуу Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Адам укуктары комитетине даттанды.
Жекшембиге караган түнү Израилдин армиясы (ЦАХАЛ) Ливандын борбор калаасы Бейруттун түштүк райондоруна абадан сокку урду. Ал тапта Газанын Дейр-ал-Балах шаарындагы мечитке сокку урулду. Кеминде 19 киши набыт болду.
Кемпир-Абад иши боюнча айып тагылган саясатчылар менен активисттер Бишкек шаардык сотунун соттук коллегиясына ишенбөөчүлүк көрсөттү. Кыргызстан Газа тилкесиндеги жана Ливандын түштүгүндөгү кырдаалга тынчсыздануусун билдирди. Кумтөрдөн казылган рудада алтындын үлүшү азайганы кабарланды.
Ирандын жогорку руханий лидери, аятолла Али Хаменеи 4-октябрдагы жума намазда беш жылдан берки алгачкы кайрылуусун жасады. Израил Ливанга аба соккуларын күчөтүп жаткан маалда Жакынкы Чыгышта жаңжал кеңейип кетиши мүмкүн деген кооптонуу күч алды.
"Азаттык" Украинадагы согушка кеткен бир нече каармандын кайгылуу окуясын баяндоо менен Орусиянын түрмөлөрүндө мигранттарды кан күйгөн кармашка айдоо дагы эле уланып жатканын көрсөтөт. Белгилүү себептерден улам берүүдө сүйлөгөн каармандардын жүзүн жаап, атын өзгөртүп беребиз.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров расмий сапар менен Италияга барып, анын лидерлерине жолукту. Бул соңку 25 жылдагы кыргыз президентинин Римге алгачкы сапары болуп калды.
Дагы жүктөңүз