Израилдин армиясы Йемендеги хуси козголоңчуларына абадан сокку урду. Президент Садыр Жапаров демөөрчүлүк фондунан 40тай жетекчиге айына каражат берип турарын айтты. Биринчи май райондук соту вебкам студияларды уюштурган деген шек менен кармалган Даниел Ажиевди тогуз жылга абакка кести.
Израил армиясы Йемендеги Ходейда шаарындагы хуси козголоңчуларына сокку урду. Ошол эле учурда ЦАХАЛ Бейруттагы “Хезболла” уюмунун позицияларына авиачабуулдарын улантууда. Бул уюм Ливандын түштүгүнүн көп бөлүгүн көзөмөлдөйт.
Австриянын ашынган оңчул, мигранттарга каршы “Эркиндик” партиясы 29-сентябрда өткөн парламенттик шайлоодо алдыга чыгып, 29% чукул добуш алды. Ошентип Европанын чок ортосундагы өлкөдө Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин алгачкы жолу шайлоодо ашынган оңчулдар жеңди.
1-октябрдын кечинде Иран Израилдин бир катар аймактарын баллистикалык ракеталар менен аткылады. Тегерандын бул кадамы АКШ террордук уюм деп тааныган "Хезболла" тобуна каршы Израил армиясынын Ливандагы операцияларына жооп катары каралууда.
Жакынкы Чыгышта кырдаал курчугандан бери Ливандын чек арага жакын тилкесин жана борбор калаасы Бейруттун түштүк райондорун бутага алып келген Израил 30-сентябрдын таңында шаардын борбордук бөлүгүндөгү Кола кварталына абадан чабуул койду.
Орусиянын 28-сентябрдын таңындагы соккуларынан Украинанын Сумы шаарындагы ооруканада 10 киши каза болуп, 15 адам оор жараат алды. Анын бешөө оор абалда.
«Хезболланын» лидери Хассан Насралла таасирдүү жана талаштуу фигура. Ал "Хезболланы" Ливандагы чоң саясий күчкө жана коңшу Израилдин кубаттуу каршылашына айландырган.
Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху АКШ террордук уюм деп тааныган жана "Хезболла" радикал тобунун лидеринин өлтүрүлүшүн аймактагы коопсуздук үчүн зарыл кадам катары сыпаттады. 29-сентябрда эртең менен Бейрутта абадан сокку урулганы кабарланды.
Ливанда соңку соккулардан бир үй-бүлөдөн тогуз кишинин өмүрү кыйылды. Израил "Хезболланын" жоочуларына каршы күрөшү токтобой турганын билдирди. Кыргызстандагы медиа аракеттенүү платформасы өкмөттү талаштуу мыйзам долбоорун артка кайтарууга чакырды. Өзбекстанда мектептеги окуяга Орусия кийлигишти.
Ливандын бийлиги Израилдин соңку соккуларынан өлкөнүн чыгыш тилкесинде тогуз кишинин өмүрү кыйылганын билдирди. Израил Ливан тараптан учурулган 10 ракета, төрт дрон жок кылынганын, бир киши жараат алганын жана Ливанда жайгашкан "Хезболла" жоочулар тобуна каршы күрөшү токтобой турганын маалымдады.
Дагы жүктөңүз