Грузияда 2012-жылдан бери өлкөнү башкарган "Грузин кыялы" партиясы жекшембиде өткөн парламенттик шайлоодо 54% добуш алды. Оппозициялык төрт саясий күч 5% босогодон өттү. Грузин оппозициясы "добуштар уурдалганын" билдирип, нааразылык акцияларын баштай турганын жарыялады.
Бишкек мэриясы “Дордой” жана “Орто-Сай” базарларындагы “Оберон” ишканасына таандык 8 гектар жер аянты сот чечими менен мамлекетке өткөнүн билдирди. "Грузин кыялы" партиясы парламенттик шайлоодо 54% добуш алды. НАТО Орусия Курскиге түндүк кореялык аскерлерди жайгаштырганын ырастады.
21-27-октябрь аралыгында дүйнөлүк басма сөзгө жарыяланган айрым баяндарга сереп.
Украинанын Кыргызстандагы элчиси Валерий Жовтенко “Азаттыкка” курган экслюзивдүү интервьюсунда Украинанын “Жеңиш планы”, кыргыз-украин мамилелеринин жандануусу жана Украинадагы согуштун Борбор Азия өлкөлөрү үчүн сабагы тууралуу кеп кылды.
Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев мамлекеттик гимн өзгөртүлөрүн айтты. Украинанын эки аймагында Орусиянын чабуулдарынан дагы эки кишинин өмүрү кыйылды. Ютубер Азамат Карабаевди Ноокат райондук соту 22-ноябрга чейин камакка алды. Ал буга чейин аймактагы көйгөйлөрдү чагылдырып келаткан.
Украинанын аскер чалгын кызматы Орусия түндүк кореялык жоокерлерди Курск облусуна жөнөткөнү тууралуу маалымат бар экенин билдирди. Путин Пхеньян менен стратегиялык өнөктөштүк тууралуу биринчи жолу комментарий берди.
Теги чечен мушкер Артур Бетербиев бокс боюнча абсолюттук чемпиондукту уткандан кийин аны Грозныйда шаан-шөкөт менен тосушту. Бирок анын атаандашы Биволдун тарапкерлери эле эмес, күйөрмандар да Бетербиевдин жеңиши талаштуу экенин, Чеченстандын лидери Рамзан Кадыров аны кантип калкаларын белгилешет.
“Азаттык” Орусиянын Украинадагы согушунда теги кыргызстандык 51 киши набыт болгонун аныктады. Алардын 25и Кыргызстандын гана жараны. Айрымдарынын колунда эки өлкөнүн тең паспорту болсо, кайсы бири кийинчерээк толук орус жарандыгына өткөн. Украинадагы согушта каза тапкан кыргызстандыктар кимдер?
Орусиянын Казан шаарында БРИКС уюмунун саммити аяктады. Айрым аналитиктер Украинага басып киргени үчүн санкция салынып, Москва эл аралык обочодо калган учурда орус бийлиги көбүрөк өнөктөш күтүүнү көздөгөнүн айтышат. Саммитке Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров да катышты.
Анкарада Turkish Aerospace (TUSAŞ) ишканасындагы жарылуу жана атышуу болгон жерде кеминде беш кишинин өмүрү кыйылып, 20дан ашык киши жараат алды. 34 жаштагы Рахима Айкымбаеваны мыкаачылык менен өлтүргөн деп айыпталган жолдошу 15 жылга абакка кесилди.
Дагы жүктөңүз