2024-жылы 3509 өзбекстандык аял түрк жаранына турмушка чыккан. Бул тууралуу Түркиянын статистикалык агенттиги (TÜİK) билдиргенин "Азаттыктын" өзбек кызматы жазды.
Маалыматка караганда, түрк жигиттерине турмушка чыккан чет элдик аялдардын ичинен кыз-келиндери экинчи орунду ээледи. Түркиядагы чет элдик келиндердин саны боюнча Сириянын жарандары дагы деле алдыда - 3519. Үчүнчү орунда марокколук аялдар -2427. Алдыңкы бештикке ошондой эле Азербайжандын (2195) жана Орусиянын (1945) жарандары кирди.
Ошондой эле түрк аялдарына эң көп үйлөнгөн өлкөлөрдүн жарандары тууралуу да маалымат жарыяланды. Ал тизмеде да Сириянын жарандары (1222) биринчи орунда. Андан кийин Германия (1156) жана Ооганстан (338) турат.
Соңку жылдары Түркиянын жарандары менен турмуш курган өзбекстандык кыз-келиндердин саны өскөн. Буга Түркияга иштөө үчүн коңшу өлкөдон барган мигрант аялдардын саны көбөйгөнү себеп болгон.
Түркияда Кыргызстандын 32 миңдей жараны миграцияда жүрөт. Алардын басымдуу бөлүгү кыз-келиндер экени маалым. (AiA)
Шерине