Киев жактырган планды Кремлдин өкүлү четке какты
Ак үйдүн Жакынкы Чыгыш боюнча атайын чабарманы Стив Уиткофф Москвага барды. Вашингтондун жогорку өкүлү орус бийлигин Украинадагы ок атууну 30 күнгө токтотуу сунушу менен тааныштырмакчы. 11-мартта ал планга Киев макул болгон. АКШнын президенти Дональд Трамп Москва сунушка көнбөсө, Орусияга каршы “кыйратуучу чаралар” көрүлөрүн эскертти. Ал тапта орус мамлекет башчысы Владимир Путин Курск облусуна барып кетти. Былтыр августта укриан куралдуу күчтөрү чек арадагы ал аймактын айрым райондоруна кирип барган. Эксперттер Орусия уруш талаасында ийгликке жетип жаткан чакта убактылуу жарашууга тез эле макул болорунан күмөн санашат.
Шерине