Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:03

Президент Жапаров чек ара келишими 19-мартта Жогорку Кеңеште караларын айтты


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

13-мартта Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров кыргыз-тажик чек ара маселеси тууралуу Фейсбуктагы баракчасында билдирүү жазып, анда эки тарап кол койгон келишим 19-мартта ратификациядан өтүү үчүн Жогорку Кеңеште караларын кабарлады.

"19-мартта Жогорку Кеңеште Камчыбек Кыдыршаевич ар бир квадрат метр жер боюнча ийне-жибине чейин ачык-айкын маалымат берет. Журналисттер, коомдук активисттер, демагог, популист, “эл көрсүн, эмки шайлоого добуш топтой салайын” дегендер сөзсүз катышкыла, ачык сурооңорду бергиле. Ачык жана так жооп аласыңар. Мейли ким болбойлу, кайсыл маселеде болбойлу, эки мамлекеттин ортосунда оор жана тарыхый маселе чечилип жатканда жеке кызыкчылыктын “жаназасын” окуп коюшубуз керек", - деди өлкө башчы.

Чек ара келишими боюнча коомдо ар кандай пикир айтылып жатат. Буга чейин депутат Султанбай Айжигитов Жогорку Кеңештин 5-марттагы жыйынында “Баткен районундагы Достук айылы Тажикстанга өтүп кетсе, Ворух анклавына коридор ачыларын” билдирген. Жогорку Кеңештеги “Ыйман Нуру” фракциясы Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасын тактоо боюнча макулдашуу тууралуу мындай билдирүүсүнөн кийин аны фракциядан чыгарган. Айжигитов эркин депутат катары ишин улантып жатат.

13-мартта Бишкекте президенттик администрациянын “Ынтымак ордо” имаратында Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасы жөнүндөгү келишимге эки өлкөнүн президенттери – Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон кол койду. Алар чек ара келишимин “тарыхый” деп баалашты.

27-февралда Жогорку Кеңештин алты комитети биргелешкен жыйынында кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо боюнча макулдашуулардын долбоорун колдогон.

Расмий маалымат боюнча, Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамлекеттик чек аранын жалпы узундугу 1006,84 чакырымды түзөт. Анын ичинен 519,9 чакырым чек ара сызыгы 2011-жылга чейин такталып, жазылып, өкмөттүк делегациялар бекиткен. Ал эми калган 486,94 чакырым тилкеси акыркы үч жыл ичинде такталды.

Чек ара такталбагандыктан буга чейин суу, жер, жол, жайыт талаштан улам аймакта көп чыр-чатактар чыккан. 2021-жылы апрель-май жана 2022-жылы сентябрь айларында кандуу кагылышуулар болгон. (AiA)

Шерине

XS
SM
MD
LG