13-мартта БУУнун баш катчысынын басма сөз өкүлү Стефан Дюжаррик тараткан билдирүүдө Антониу Гутерриш Кыргызстан жана Тажикстандын президенттеринин мамлекеттик чек ара жөнүндө келишимге кол койгонун кубаттаганы айтылат.
"Эки өлкөнү бул тарыхый жетишкендиги менен куттуктап, ондогон жылга созулган сүйлөшүү процессин ийгиликтүү аяктоодо алардын лидерлигине, чечкиндүүлүгүнө жана саясий эркине жогору баа берилет", - деп айтылат билдирүүдө.
Ошондой эле баш катчы өз ара ишенимди, коңшулук мамилелерди чыңдоо, чөлкөмдүн жана эки өлкөнүн тынч келечегин камсыз кылуу максатында мындан ары да конструктивдүү өз ара аракеттенүүнү чыдамсыздык менен күтөрү айтылат.
13-мартта Бишкекте президенттик администрациянын “Ынтымак ордо” имаратында кыргыз-тажик чек арасын тактаган келишимге эки өлкөнүн президенттери – Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон кол койду. Алар чек ара келишимин “тарыхый” деп баалашты.
27-февралда Жогорку Кеңештин алты комитетинин чогуу жыйынында кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо боюнча макулдашуулардын долбоорун колдогон.
Расмий маалымат боюнча эки өлкөнүн чек арасынын жалпы узундугу 1006,84 чакырымды түзөт. Анын ичинен 519,9 чакырым чек ара сызыгы 2011-жылга чейин такталып, жазылып, өкмөттүк делегациялар бекиткен. Ал эми калган 486,94 чакырым тилкеси акыркы үч жыл ичинде такталды.
Чек ара такталбагандыктан буга чейин суу, жер, жол, жайыт талаштан улам аймакта көп чыр-чатактар чыккан. 2021-жылы апрель-май жана 2022-жылы сентябрь айларында кандуу кагылышуулар болгон. (AiA)
Шерине