Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:21

Украина: Тыптыйпыл болгон Торецк, Курск кармашы жана "Жеңиш планы"


Согушта туткунга түшкөн жана дайынсыздарды колдогон акция, Киев, 16-октябрь, 2024-жыл
Согушта туткунга түшкөн жана дайынсыздарды колдогон акция, Киев, 16-октябрь, 2024-жыл

Украин президенти Владимир Зеленский Орусияга каршы согуштагы "Жеңиш планын" тартуулады. Украинанын 14 облусу өткөн түнү да дрон жана ракета чабуулуна кабылды. Орусиянын Курск облусунда украин аскерлеринин кармашы уланууда.

Украинанын түштүк-чыгышындагы Донецк облусунун аймагында жайгашкан Торецк шаарынын орду... Дрон менен шаардын үстүнөн тартылган бул видеону 15-октябрда Украинанын Улуттук полиция мекемеси жарыялады.

Орусия Украинага кол салганга чейин бул шаарда 75 миңдей киши жашачу. Калаа таш көмүр өндүрүшү менен белгилүү болчу.

Орус аскерлери бул жерге эки ай мурда кирип барган.

Торецк.
Торецк.

Жергиликтүү бийлик шаар тыптыйпыл болгонун, орусиялыктар ага карабастан улам алдыга жылып жатканын тастыктады.

16-октябрга караган түнү Орусия Украинанын 14 облусун, анын ичинде Киевди 136 жанкечти дрон менен бутага алганын, башкарылуучу авиа ракеталарды да колдонгонун, Тернополь облусунда өнөр жай ишканаларынын биринде катуу өрт чыкканын өлкөнүн Куралдуу күчтөрү жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү маалымдады.

15-октябрда Украина Николаев шаарында Орусиянын чабуулунан ишкана талкаланганын, өрт чыгып, бир аял каза болгонун, 20 чакты киши жараат алганын билдирген.

Ал эми Орусия Белгород жана Воронеж облустарында украиндердин үч согуштук дронун атып түшүрүшкөнүн кабарлады.

Курскидеги айыгышкан кармаш

Соңку аптада орус армиясы Курск облусунда 100 чарчы чакырым жерди өз көзөмөлүнө кайтарып алганын орусиялык басылмалар кабарлоодо. Журналисттердин айтымында, соңку дем алыш күндөр орус аскерлери үчүн бул жерде өзгөчө натыйжалуу болду.

Украин президенти Владимир Зеленский аскерлер Орусиянын Курск облусунда эки ай мурда ээленген позицияларын кармап турганын, контрчабуулдарын да уланып жатканын айтууда.

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы Александр Сырский Орусия Курск аймагына 50 миңдей аскерин жөнөткөнүн кабарлаган.

Курскиде орус аскерлеринин чабуулу соңку аптада күчөгөнүн Украин тарап да, Орусия тарап да билдирип жатат.

Орусиянын Коргоо министрлиги видео жарыялап, «украиндердин талкаланган техникасы деп көрсөттү». Видео кайсы айылдан тартылганы айтылган жок, бул жерди буга чейин украин аскерлери ээлеп турганы белгиленди жана Батыштыкы деген аскердик техниканын калдыктары көрсөтүлдү.

Ал тапта украин тарап да Курскиде “орустардын чабуулунун мизин кайтардык” деген видеосун жарыялады. Анда орус аскерлери украиндер ээлеп турган калктуу пункттардын бирин кайрадан өз көзөмөлүнө алууга аракет кылганы, бирок майнап чыкпаганы, «Орусиянын Тынч океан флотунун деңиз аскерлер тобу жок кылынганы» айтылды.

Курск.
Курск.

Аскердик эксперт Ян Матвеев Курскиде украиндер ээлеп алып, азыр кармаш жүрүп жаткан кыштактар ошол бойдон калабы же Орусия аларды кайра сүрүп чыга алабы деген маселе дал ушул күндөрү чечиле тургандай деген пикирин айтып, канчалык айыгышкан салгылашуу жүрүп жатканы тууралуу видео жарыялады.

15-октябрда “Настоящее время” телеканалына курган маегинде ал Курскинин өзүнөн тартылган видео-сүрөттөр азыр өтө аз экенин, тараптардын билдирүүлөрүн тактоо оңой эмес болуп жатканын белгиледи:

“Украиналык каналдар “өлтүрүлгөн орусиялык аскерлер” деген кадрларды жарыялап жатышат. Оор кармаш жүрүп жатканын, эки тараптан тең жоготуу бар экенин көрүүгө болот. Бирок орусиялык аскерлер бир нече калктуу пунктту бошотконун айтканы менен ошону далилдей турган, мисалы, Любимовкада же Зеленый Щлях кыштагында жүргөнүн көрсөткөн эч кандай видео же сүрөт жарыялай элек”, - деди Матвеев.

Быйыл 6-августта украин аскерлери Орусиянын чектеш Курск аймагына кирип барган. Киев Курск операциясы башталгандан бери бул облустун дээрлик 1300 чарчы чакырымдай тилкесин, 100дөн ашуун калктуу пунктун көзөмөлгө алууга жетишкенин билдирген. Негизги максаты өз жерин Орусиянын чабуулдарынан коргоо үчүн “буфердик зона” түзүү, согуш жана жоготуу деген эмне экенин орус тарапка да жеткирүү экенин белгилеген.

12-сентябрда Орусиянын Коргоо министрлиги Украина менен чектеш тилкесиндеги Курск облусунда украин аскерлерине каршы контрчабуул жүргүзүп жатканын расмий ырастаган.

Согушка байкоо салган Deep State долбоорунун спутниктен тартылган соңку сүрөттөрүнө караганда, Украина азыр Орусиянын Курск облусунда баштапкыдан эки эсе аз тилкени – 650 чарчы чакырымдай жерди көзөмөлдөп турат.

Владимир Зеленский "Жеңиш планын" көрсөттү


Бул арада 16-октябрда украин президенти парламентке барып,"Жеңиш планын" көрсөттү.

"Украинанын Жеңиш планы - бул өлкөбүздү жана позицияларыбызды чыңдоо планы. Согушту токтотууга жетишерлик күчтүү болуу", - деди Владимир Зеленский Жогорку Радада.

Зеленский согуштун жыйынтыгы дүйнөнүн алдыдагы 10 жылдагы окуяларына таасир этерин белгиледи. Беш пункттан турган тынчтык планында Украинаны согуш аяктагыча эле НАТОго кабыл алуу, орус аймагында операцияны улантуу менен «урушту Орусияга кайтаруу», Украинага ядролук эмес стратегиялык курал жайгаштыруу, өлкөнүн стратегиялык-экономикалык дареметин арттыруу каралган.

Зеленскийдин айтымында, он жылдар бою Орусия Украинанын НАТО мүчөсү эместигин өз кызыкчылыгына пайдаланып келген. Ал Украинаны альянска чакыруу дүйнө үчүн "чыныгы фундаменталдуу" кадам болушу мүмкүн деп эсептейт.

"Биз НАТОго мүчөлүк - бул келечектин маселеси, азыркы эмес экенин түшүнөбүз. Бирок Путин өзүнүн геосаясий эсептөөлөрү жеңилүүчү экенин көрүшү керек. Орусиялыктар муну сезиши керек - алардын падышасы геосаясий жактан жеңилди", - деди ал.

Анын айтымында, Киев өнөктөштөргө өз аймагында комплекстүү ядролук эмес стратегиялык кармануу пакетин жайгаштырууну сунуштайт, бул Украинаны Орусиянын ар кандай аскердик коркунучунан коргоого жетиштүү болот.

Экономикалык пункт Украинанын экономикалык потенциалын, анын ичинде пайдалуу кендерди өнүктүрүүнү камтыйт.

"Жана бул биздин өсүү мүмкүнчүлүгүбүз. Украинанын экономикалык өсүшү. Европанын экономикалык жана көп жагынан коопсуздук автономиясы үчүн Европа Биримдигин экономикалык жактан күчөтүү".

Буга чейин долбоор АКШ президенти Жо Байденге таанышуу үчүн берилген, Батыштагы өнөктөштөр менен да бир сыйра талкууланган. Батыш азырынча Зеленскийдин планына расмий комментарий бере элек.

XS
SM
MD
LG