Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:31

Путин Украина менен элдешүү сунушуна макул, бирок талкуулай турган "жагдайлар" бардыгын айтты


Украинанын президенти Владимир Зеленский жана Орусиянын лидери Владимир Путин
Украинанын президенти Владимир Зеленский жана Орусиянын лидери Владимир Путин

13-мартта Орусиянын президенти Владимир Путин түз эфирде журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Украинадагы согушту, анын ичинде ок атышууну бир айга токтотууга даяр экенин билдирди. Орус президенти ошол эле кезде эки тарап тең эске алчу "жагдайлар" бардыгын кыйытты.

"Биз согуштук аракеттерди токтотуу боюнча сунуштарга макулбуз, бирок бул узак мөөнөттүү тынчтыкка жол ачкан жана кризистин баштапкы себептерин жок кыла тургандай болушу керек деп эсептейбиз", - деди орус президенти.

Путин АКШ менен Украина ортосундагы сүйлөшүүлөр "сыртынан караганда украин тарап Американын басымы астында чечим кабыл алып жаткандай көрүнүшү мүмкүн" деди. "Менин пикиримде, тескерисинче, украин тарап соңку кырдаалдан улам америкалыктардан муну суранышы керек болчу ".

Путин Курскиге барганын жана украин армиясы аймактан чегинип баратканын айтты. Аймакка кирип алган украин аскерлери обочолонуп, Орусиянын куралдуу күчтөрүнүн аткылоосуна туш болду. "Ушундай шарттарда украин тарап жок дегенде 30 күн элдешүүгө жетишкени жакшы, биз муну колдойбуз. Бирок "жагдайлар" бар", - деди Путин.

Орус лидери ал "жагдайларды" атап, бир катар суроолорду койду:

"Жалпы фронттогу кырдаал кандай чечилет? 30 күн кандай колдонулат? Бул маалда Украина мужбурлап моблизация кылууну токтотобу? Ал жакка курал-жарак алып келүү үчүн колдонобу? Же мунун баары аткарылбайбы? Анда дагы бир суроо жаралат. Көзөмөл жана текшерүү маселеси кандай чечилет? Мындай эч нерсе болбойт деп кепилдик бере алабызбы? Мунун баары олуттуу суроолор. Согуштук аракеттерди токтотууга ким буйрук берет жана мындай буйруктардын баасы канча?".

Сөзүн жыйынтыктап жатып, орус президенти ок атышууну токтотуу аракетин колдой турганын бирок, бул тыкыр даярдыкты талап кылаарын билдирди. Ал муну америкалык өнөктөштөрү менен талкууларын, "Трамп менен телефондон сүйлөшө турганын" кошумчалады.

Бейшемби күнү кечинде орус президенти Трамптын чабарманы Стив Уиткофф менен жолугары кабарланган.

30 күнгө ок атышууну токтотуу тууралуу келишим шейшембиде Сауд Арабиясында америкалык жана украин делегацияларынын сүйлөшүүлөрүндө жетишилген. Украинанын президенти Владимир Зеленский сунушту кубаттаган.

12-мартта Киев Украинадагы согушту токтотуу боюнча АКШнын планын колдогондон кийин Трамп эгер Москва Киев менен келишимге барбаса Вашингтон "Орусия үчүн кыйраткыч" аракеттерге барууга мажбур болорун эскерткен. (AiA)

Шерине

XS
SM
MD
LG