Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:35

Ереван Баку менен тынчтык келишимине кол коюуга даяр экенин ырастады


Еревандагы Тышкы иштер министрлигинин имараты. (архив)
Еревандагы Тышкы иштер министрлигинин имараты. (архив)

Азербайжан тараптын билдирүүлөрүнөн кийин Армения тынчтык келишиминин тексти такталганын бышыктады.

"Тынчтык келишими кол коюуга даяр", - деп айтылат Армениянын расмий билдирүүсүндө. Бул тууралуу "Азаттыктын" армян кызматы жазды.

Еревандын бул билдирүүсү Азербайжандын тышкы иштер министри тынчтык келишими боюнча сүйлөшүүлөрдү аяктаганын жарыялагандан кийин жасалды.

"Баку Армениядан Азербайжанга каршы аймактык дооматтарды камтыган Конституциясын өзгөртүүсүн күтөт", - деп билдирген азери тышкы иштер министри Жейхун Байрамов.

Тараптар өткөн жылы жалпы 17 пункттан турган келишимдин 15и боюнча макулдашканын жарыялашкан.

Жакында эле Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Азербайжан менен тынчтыкка жетишүү үчүн “бардык аракетти” көрөрүн билдирген.

Азербайжан 2023-жылы сентябрда эки өлкө көптөн бери талашып келген Тоолуу Карабак аймагын өз карамагына толук алгандан кийин ортодогу атышуу дээрлик токтогон. Бул аймакта жашаган армян улутундагы 100 миңдей киши үй-жайын таштап чыгып кетүүгө мажбур болгон.

Армения да, Азербайжан да чек ара боюнча канчадан бери уланып келе жаткан, адам өлүмү менен коштолгон тирешүүнү токтото турган тынчтык келишимине кол коюуга даяр экенин айтып, бирок бул процесстин создугушуна бирин-бири айыптап келишкен. (AiA)


Шерине

XS
SM
MD
LG