13-мартта Орусиянын президентинин жардамчысы Юрий Ушаков Москва Киев менен убактылуу жарашууну каалабай турганын жана узак мөөнөттүү келишимге кызыкдар экенин билдирди. Ал бул тууралуу Россия-1 мамлекеттик телеканалына билдирди.
"Биздин максат өлкөбүздүн мыйзамдуу кызыкчылыктарын эске алуу менен узак мөөнөттүү тынчтык жолуна жетүү деп эсептейбиз. Тынчтыкты орнотумуш болгон аракеттердин эч кимге кереги жок", - деди ал.
Ушаков бул маселе боюнча Москванын позициясын Вашингтон түшүнүү менен кабыл аларына жана ок атышууну токтотуу келишиминде эске алынарына ишенерин айтты.
Ал ошондой эле Трамптын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Майк Уолтц менен сүйлөшүүдө Украина менен убактылуу ок атышууну токтотуу сунушуна пикирин билдиргенин айтты:
"Биздин позициябызда бул чечим украин аскерлери үчүн убактылуу тыныгуудан башка эч нерсе бербейт. Биздин максат - узак мөөнөттүү тынчтыкка келүү. Биз ушул нерсени көздөп жатабыз. Биздин тараптын кызыкчылыктарын эске алган тынчтык келишими", - деди маегинде Юрий Ушаков.
Тынчтык келишими шейшембиде Сауд Арабиясында америкалык жана украин делегацияларынын сүйлөшүүлөрүндө жетишилген. Украинанын президенти Владимир Зеленский Сауд Арабиясында өткөн сүйлөшүүлөрдө АКШнын 30 күндүк ок атышууну токтотуу сунушун кубаттаган.
12-мартта Киев Украинадагы согушту токтотуу боюнча АКШнын планын колдогондон кийин Трамп эгер Москва Киев менен келишимге барбаса, Америка бийлиги "Орусия үчүн кыйраткыч" аракеттерге барарын эскерткен. (AiA)
Шерине