Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:21

Футбол: Кыргызстанга үмүт берген үч упай


Кыргызстандын курамасына жеңиш алып келген голду футболчу Кристиан Браузман 12-мүнөттө киргизди.
Кыргызстандын курамасына жеңиш алып келген голду футболчу Кристиан Браузман 12-мүнөттө киргизди.

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Дүйнө чемпионатынын тандап алуу оюндарынын 3-раундунун төртүнчү турунда Түндүк Корея курамасын 1:0 эсебинде утуп, алгачкы үч упайга ээ болду.

Бул команданын аталган тандоо оюндарындагы алгачкы жеңиши болду.

15-октябрда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков стадионунда өткөн Кыргызстан менен Түндүк Корея курамаларынын беттешинде кыргыз футбол курамасынын коргоочусу Кристиан Браузман 12-мүнөттө гол киргизди. Бул гол кыргыз курамасына жеңиш алып келип, команда тайпадагы ордун өзгөртө алды.

Кураманын капитаны Валерий Кичин оюн оор болгонун белгилеп, буларды айтты:

"Беттеш абдан оор болду. Атаандашыбыз өтө өжөр экен, тааланын ар бир бөлүгүндө топ үчүн айгышкан кармаш болду. Бирок биз алардын чабуулуна туруштук бердик жана жеңдик. Турнирдик жадыбалдагы ордубузду өзгөртүп, күйөрмандарды кубанттык - бул эң башкысы деп ойлойм."

Кыргыз футболчулары Браузмен киргизген голго кубанып жаткан учуру.
Кыргыз футболчулары Браузмен киргизген голго кубанып жаткан учуру.

Буга чейин кыргызстандык футболчулар үч беттеш өткөрүп, үч оюнда тең жеңилген эле. Ак шумкарлар 5-сентябрда Иранга 0:1, 10-сентябрда Өзбекстанга 2:3 эсебинде, 10-октябрда Катарга 1:3 эсебинде утулган.

Кыргыз курамасынын дарамети

Кыргызстандын футбол курамасы быйыл өз тарыхында алгач ирет Дүйнө чемпионатынын тандап алуу оюндарынын үчүнчү баскычына өтүп, аны менен катар 2027-жылы боло турган Азия кубогуна жолдомо алды. Мунун менен Кыргызстан Азия чөлкөмүндөгү 18 мыкты команданын катарына кирди. Буга чейин футбол адистери бул баскычта кураманын дүйнө чемпионатына чыгуу мүмкүнчүлүгүн аз, бирок жакшы тажрыйба топтогонго мүмкүнчүлүк болорун айтышкан. Азырынча бул беттештерден башка оюнчуларга караганда дарбазачы Эржан Токотаев көбүрөөк тажрыйба топтоп жаткандай.

Футбол серепчилери, күйөрмандар кыргыз курамасынын Иран, Өзбекстан, Катар өңдүү Азиянын күчтүү курамалары менен жакшы ойноп, бирок жеңишке жетиш үчүн тажрыйба жетпей жатканын айтышууда. Ак шумкарлардын капитаны Валерий Кичин да Өзбекстан менен болгон оюндан кийин "Азаттыкка" курамадагы оюнчулардын тажрыйбасы аз болуп жактанын айткан жайы бар.

Спорт журналисти Бахтияр Кыдыралиев улуттук курама оюнун дагы жакшыртышы керек деген ойдо.

"Кыргызстан менен Түндүк Кореяны 1:0 эсебинде утуп жалпыбызды кубандырды. Дүйнө чемпионатына тандоо турунун 3-баскычында алгачкы упайга ээ болдук. Бирок Кыргызстандын курамасы өз үйүндө буга чейинки оюндарындагыдай өзүн жакшы жагынан көрсөтө алган жок. Бишкекте Ак шумкарлар кечээки оюнда канча мүмкүнчүлүк болду колдоно алган жок. Атаандаш эрте гол өткөрүп алгандан кийин коргонууга жатпай чабуулга басым жасап, көбүнчө биздин оюнчуларга каршы чабуулга барууга шарт түзүлүп, бир катар соккуларды жолдогонубуз менен гол киргизе алган жокпуз. Эгерде Максим Лисицын келгендеги алгачкы Иран менен Өзбекстанга каршы оюндарды алсак, биринчисинде, жакшы коргондук, экинчисинде чабуулда ойной ала турганыбызды көрсөттүк. Кечээ балким оюнчулар жакшы маанайда, шыктанып чыккан болушу мүмкүн, а бирок командалык оюнду, позициялык чабуулдарды көрө алган жокпуз. Эгер командалык оюнубузду жакшыртпасак, анда Дүйнө чемпионатына түз жолдомо алган бул жакта турсун, керек болсо 3-4-орун менен кийинки 4-тандоо туруна да чыга албай калышыбыз мүмкүн".

Өзбекстан менен Иран алдыда

Кыргызстан Футбол боюнча Дүйнө чемпионатына Азия чөлкөмүнөн 3-раунддагы тандоо оюндарында А тайпасына Иран, Катар, Өзбекстан, Бириккен Араб Эмираттары (БАЭ) жана Түндүк Корея менен бөлүнгөн.

Бул группадагы башка курамаларга токтолсок. 15-октябрда Ташкент шаарындагы Бунёдкор стадионунда Өзбекстан курамасы БАЭ менен беттешип, 1:0 эсеби менен үй ээлери жеңишке жетти. БАЭнин оюнчусу Абдулла Хамад 65-мүнөттө кызыл айып кагазын алып, оюнда четтеди. 10-мүнөттөн кийин өзбек футолчусу Отабек Шукуров пенальтиден гол киргизип, өзбек футбол курамасы кезектеги жеңиши камсыздады.

Өзбекстан жана БАЭ курамаларынын беттеши. Ташкент шаары. 15-октябрь, 2024-жыл.
Өзбекстан жана БАЭ курамаларынын беттеши. Ташкент шаары. 15-октябрь, 2024-жыл.
Өзбекстан жана БАЭ курамаларынын беттеши Ташкенттеги Бунёдкор стадионунда өттү. 15-октябрь, 2024-жыл.
Өзбекстан жана БАЭ курамаларынын беттеши Ташкенттеги Бунёдкор стадионунда өттү. 15-октябрь, 2024-жыл.

Иран курамасы катарлаш оюнда Катарды 4:1 эсеби менен жеңди. Ирандын чабуулчусу Сердар Азмун биринчи таймда эки гол киргизсе, дагы эки топту экинчи таймда Мухаммад Мухебби жаратты. Катар курамасынан Алмоез Али гол киргизди.

Ошентип, учурдагы Азия чемпиону Катар дүйнө чемпионатынын тандоо оюндарында экинчи ирет жеңилүү ызасын тартты. Бир чети Иран Катар курамасынан Азия кубогундагы жарым финалда жеңилген өчүн алгандай көрүнөт. Январь айында өткөн Азия Кубогунун жарым финалында Иран Катар курамасына 3:2 эсебинде утулуп, финалга чыга албай калган эле.

4-турдан кийин ондон упай топтогон Иран менен Өзбекстан тайпада биринчи жана экинчи орунда, төрттөн упай чогулткан Бириккен Араб Эмираттары (БАЭ) менен Катар үчүнчү, төртүнчү орунда турат. Кыргызстан 3 упай менен 5-катарга көтөрүлдү. 6-орундагы Түндүк Кореяда эки упай бар.

"А" тайпасынын мелдеш жадыбалы.
"А" тайпасынын мелдеш жадыбалы.

Төрт оюнду жыйынтыгы көрсөткөндөй Өзбекстан менен Иран Дүйнө чемпионатына чыгууга жакын турат. Айрыкча Өзбекстан үчүн Дүйнө чемпионатында ойноо баарынан маанилүү болууда.

Өзбекстан курамасынын футболчусу Элдор Шамуродов тайпадагы атаандаштары тууралуу "Чемпионат Азия" сайтына буларды айткан:

"Биздин атаандашыбыз Иран эмес. Бул курама дайыма дүйнө чемпионаттарында ойноп келет. Биздин башкы атаандаштарыбыз Катар менен БАЭ курамалары. Биз дал ушул курамаларды жеңишибиз керек. Ал эми Түндүк Корея менен Кыргызстан курамалары дал ушул курамалардан упай алып, бизге жардам берет деген үмүттөбүз. Биз Дүйнө чемпионатына жолдомо алуу үчүн бар күчүбүздү жумшайбыз".

2026-жылы АКШ, Мексика жана Канадада өтө турган Дүйнө чемпионатына биринчи жолу 48 курама команда катышат. Бул жолу Азия чөлкөмүнөн Дүйнө чемпионатына катышууга сегиз командага мүмкүнчүлүк берилген.

3-раунддагы тандоо оюндарына Азия чөлкөмүнөн 18 курама алтыдан үч тайпага бөлүнгөн. Оюндар үйдө жана конокто өтүп, тайпада биринчи жана экинчи орунду ээлеген командалар түз эле Дүйнө чемпионатына жолдомо алат. Ал эми үчүнчү жана төртүнчү орунду ээлеген алты команда төртүнчү баскычта ич ара эки тайпага бөлүнүп ойноп, уткан эки команда чемпионатка жолдомону камсыздайт.

5-сентябрда башталган 3-раунддагы тандоо оюндары, 2025-жылдын июнь айында аяктайт. 4-5-раунддагы тандоо оюндары 2025-жылдын ноябрь айына чейин созулат.

Тайпалардын тизмеси:

A тайпасы: Иран, Катар, Өзбекстан, Бириккен Араб Эмираттары (БАЭ), Кыргызстан, Түндүк Корея.

В тайпасы: Түштүк Корея, Ирак, Иордания, Оман, Палестина, Кувейт.

С тайпасы: Жапония, Австралия, Сауд Арабиясы, Бахрейн, Кытай, Индонезия.

Азия чөлкөмүнөн Дүйнө чемпионатына такай катышып келген курамалар: Түштүк Корея (он бир жолу), Жапония (жети жолу), Австралия, Иран, Сауд Арабия (алты жолу), Түндүк Корея (эки ирет), Индонезия, Кувейт, Ирак, Бириккен Араб Эмираттары, Кытай жана Катар (бир ирет).

XS
SM
MD
LG