Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:19

Түштөн кетпеген апакай кыз


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Булар мектепти бүтүп жатканда класстагы балдардын баары апакай көйнөкчөн кызды сүйүшчү. Жаңы бийкечтен кынтык табыш кыйын эле, табият ага берешендик менен өңдү да, акылды да ченебей бериптир. Өзбек жазуучусу Өткүр Хашимовдун “Ак булут, аппак булут” аңгемесин кеп кылабыз.

Өткүр Хашимов өзбек адабиятынын таанымал классиктеринин бири, Ташкентте төрөлүп, өз шаарында билим алып журналистика менен көркөм чыгармачылыкты эриш-аркак ала жүрүп, эгемендик заманда коомдук ишмер катары эмгеги сиңген сүрөткер.

Анын “Ак булут, аппак булут” икаясында балалык сүйүүнүн арманы баяндалган, кирсиз таза сезимди мезгил бүктөмүндө унут калтырбай өмүр бою аздек сактоонун кыйындыгы, оордугу баяндалган.

Учак кеби

Арадан кыйла убакыт өткөндөн кийин экөө учакта капыс кездешип атышпайбы. Жамгырга жуулган бетон жолдо күркүрөп-шаркырап күч менен абага кайкыган учак ичинде сыртты сугула караган кишинин оюнда аман-эсен көздөгөн жерге жетсек деген тилек гана бар болчу. Коркунучтуу ойлордон алаксыйын деп жолго чыгарда сатып алган гезитин карайын десе учакты күтүп жатканда аны толугу менен окуп койгон эле. Орундук артына жөлөнүп көзүн жумду, эптеп алаксыйын деген амалы ишке ашпай көңүлкош отурганда артынан аялдын үнү чыкты:

“- Газетаңызды көрүп берсек мүмкүнбү?
Эринип акырын үн чыккан жaкты карадым. Карадым да, арткы орундукта жылмайып отурган аялды көрүп, чочуп кеттим.

- Э, Дилафруз, сен эмне кылып жүрөсүң бул жерде?
Ал көздөрүн сүзүп, кандайдыр бир басыңкы, бирок өктөм доошу менен күлүп жиберди.

- Эмне, самолёт бир гана сиздикиби? Же Москвадан сиз гана учасызбы?

- Жоо...жок. Мен... Сени ушундай шартта учуратам деп эч ойлогон эмес элем. – Дилафруз дагы ошол өзүнүн сулуу экендигин биле турган аялдарга мүнөздүү бийликчил, бирок басыңкы, эрке күлкүсүн чыгарды.

- Жакшы... Тааныдыңыз. А мен карып калсам керек деп ойлоп турдум эле. Кел, жаныма өт!..

Орундукка кадалган курду шашып бошоттум да, анын катарына бардым.

- Көрүшпөгөнүбүзгө да он сегиз жыл болуптур... – Ал ойго чөгүп акырын сүйлөдү.

Мен эми ага жакындап, жүзүнө тигилип карадым.

Дилафруз чын эле андан бери канча өзгөргөн, бир кыйла толушуп, кандайдыр салабаттуу аялдарга окшоп калыптыр. Бир гана күлгөндө каректеринен бери оттой жанган көздөрү таптакыр өзгөрбөй куду ошол эле бойдон тургандай.

Мен ага ушул сөздү айтышымды билет элем. Бирок оозумдан эмнегедир башка сөз чыгып кетти.

- Мен сизди азыр да түшүмдө көрүп турам...”

Бу түш дегениң балээ, кээде көргөнүң мээге мыктай кагылып, эсиңен чыкпай, күтпөгөн жерден оюңа келип, тынчыңды ала берет. Дилафруз буларга мектепти бүтөр жылы келген. Апакай көйнөк, көздөрү бакырайган сулуу кыз азыр да күнү бүгүнкүдөй эсинде. Анан башталды, ойлосо оюнан кетпей, ансыз да тартынчаак баланы тымызын ашыктык биротоло чүнчүтүп жиберди.

Күндүз мектептен, түнкүсүн түшүндө көрүп, жалаң ошол бакыраң көз менен гана жашап калды. Бул сезим ашыктыкпы же чыныгы сүйүүбү, аны деле билчү эмес. Бирок бир ичти бышырган алоо сезим аны алдыга дегдетип, канат байлап, сүйлөшө албаса да жанынан көргөнүнө ыраазы болуп, сыртынан эле ээ чыгып, аны башкалардан кызганып, өзүнчө бир өрөпкүп жүрдү. Алоо сезим дегениңиздин өзү кызык дүйнө экен, ойлобоюн, көрүп күйгөнчө көрбөй күйөйүн деп өзүнө канча ирет сөз берип, анысын кармай албай жүрдү.

Дилафруз жаркылдаган шайыр, ачык кыз экен, класстагылар менен тез эле тил табышып, тамаша айтып, күлүп-жайнап жүрө берди.

Бул байкуштун ага ашык болуп, өзүн коёрго жер таппай жүргөнүн эрке кыз кайдан билсин. Балалык да, анысына кошулуп тартынчаактыгын айт, бир класста окушканы менен жанына жакын барып батынып сөз айта албады, анан келип күчүн түшүнөн чыгарат. Ак көйнөкчөн периште кыз мунун колун кармап кыткылыктап бирдемелерди айта берет, күлө берет, анан жок болуп кетет. Ойгонуп алгандан кийин дагы көзүн жуумп жаңы эле көргөн элестерди дагы көргүсү келет, кайдан.

“Түндө уктаар алдында кудайдан жалгыз гана бир нерсени тилейт элем – түшүмдө жок дегенде бир жолу колунан кармасам... Эртелеп сабакка барып, өзүн көргөндө болсо, андан качууга аракеттенип, араздашкан адамдардай узактан өтөр элем. Кыялымда Дилафруз асман мейкиндигинде аппак булуттар арасында сүзүп жүргөн жомоктогу перилерге окшоп, ага сүйлөш, ага тигилип караш зор күнөө эле мен үчүн.

Жашырбай айтканда, классыбыздагы балдардын көпчүлүгү ага ашык эле. Атүгүл Абжал деген атаманыбыз да Дилафруздун караанын сезер менен сылык боло калчу... Чын ысымы Абдужалил болсо да, Абжал атка конгон алган бул бала өтө копол, ымансыз эле.

Бүт класс андан коркуп, ар кандай шумпайлардын шайкесине кошулуп жүрүшүн да билер элек. Абжалды жалгыз гана түлкүдөй куу Умарали деген бала жакшы көрүп, экөө дайыма бир жүрчү, ошон үчүн балдар анын атын Умарали дебей, "Куйрук" аташар эле.

Махабат адамды алаксытат дешет. Ишенбейм. Махабат адамга теңдешсиз күч-кубат тартуулайт экен. Ошол жылы ушунчалык жакшы окуй баштадым, мурдалары "беш" алсам да сүйүнбөй, "эки" алса да күйүнбөй жүргөн менин күтүлбөгөндөй билимдүү болуп баратканыма агайлар да, үйдөгү агаларым да айран таң калышты. Мен болсо доскага чыгып таң каларлык жооп берип жатканда "беш" алышты эмес, Дилафрузду таң калтырышты гана ойлойт элем.

Бүтүрүү экзамендери узаргандан узарып, баарыбызды зериктирип жиберди. Балдар болсо мээси чарчап кеткенге наалып, бул азаптан тезирээк эле кутулууну тилейт, мен ичимден экзамендердин дагы да созулушун каалайм. Мектепти бүтүрсөк, Дилафруз менен бир өмүр убадалаша тургандаймын...”.

Экзамендер созулуп ошол күнү химиядан консультацияга чогулушкан. Бүтүрүүчүлөр экзамендер эртерээк бүтүп, тарап кетсек деп турушкан. Мугалими келбей окуучулар класста сүйлөшүп жатышканда Абжал деген бала кайда кетсек да “Дилафрузду ала кетебиз” деп атпайбы. Чатак ушундан чыкты. Ачуусу келген классташын Абжал ансайын басынтып: “Сени алып кетем дегеним жок-ко?!” – деп кыстап атпайбы. Ойдо жок жерден чыккан урушта Абжал экөө полдо тоголонуп, уруш-мушташты башынан көп өткөргөн тиги беркинин чачын чеңгелдеп туруп башын полго эки-үч урду эле көзү караңгылашып эстен танып жатып калды.

Эсине келсе Низам деген жолдош баласы башын жөлөп, оозу-мурдунан жайылган канды тазалап жатыптыр. Бирин-бири аябай былчылдатышкан экөөнүн кимиси мыкты экенин ырастоо үчүн Бөрү-Жардагы бийиктен сууга боюн таштоону сунуш кылышты. Былтыр ал жерден бирөө боюн таштап күрпүлдөп агып жаткан дайрадан денесин таба албай калышканын уккан.

Көңүл калуу

Ошол кооптуу жерде эртеси саат ондо жолугушмак болушту. Дилафруз үчүн ал баарына кайыл эле, эч ойлонбой сууга секирүүгө даяр болчу. Сүйгөнүнө жетпей калганча өлүп алганды жакшы көрүп турган. Эрегишкен экөөнүн мелдешин тарапташы карап, кимиси “эркек экенин” аныкташмак.

Сүйгөн кызы үчүн ал баарына даяр эле, Дилафрузу жок жашоонун кандай кызыгы бар! Ансыз жер үстүндө басып жүрүүнүн кажаты барбы?! Мелдеш күчөп, артка кайтууга болбой калган, биринчи болуп сууга ал секириши керек болчу.

“Абжал бутун рельс үстүнө коюп, туфлийинин боосун бошото баштады. Ушул убакта эч бир күтүлбөгөн иш болду. Дилафруз «Куйрук» менен Низамдын ортосун жарып өттү да, Абжалдын ийнине колун койду.

- Кулак сал.

Абжал башын катуу күч менен өйдө кылды.

- Аа, эмне дейсиң?

- Мен... – Дилафруз Абжалдын жүзүнө тик карады. Көздөрүнөн кандайдыр бир от жанып кетти. – Мен сени жакшы көрөм! Ушуну билмек белең?!

Ушул сөздү уккан кулактарым кеңгиреп, көздөрүм караңгылашты. Ошол каректеримдин тунарышынан Абжалдын адегенде аңырайып калганын, кийин боюн түзөгөнүн көрдүм. Жүрөгүмдүн түрсүлдөп согуп жатканын, буттарымдын алы кете баштаганын сезип турдум. Бир убак шалдырап барып, кир, май жуккан таштардын үстүнө чөгөлөп калдым. Эчен түндөрү түшүмө кирип чыкчу Дилафруз ушулбу? Кыялымда булуттар арасында сүзүп жүрчү Дилафруз, периште Дилафруз ушулбу? Азыр гана асманда, булуттар арасында сүзүп жүргөн Дилафруз эми жерге түштү. Жок, жерден да паска түштү. Ана, ал кетип баратат. Абжалдын, баары жаман көрө турган Абжалдын, баары жийиркене турган Абжалдын жанында, аны менен кол кармашып кетип баратат...

Туура чыкты – Абжал бекерден бекер мактанбаптыр. Ырас экен, башта да...

Абжал анын билектеринен кармап барат, ал болсо тасмадай тартылган рельс үстүндө дарчыларга окшоп этияттык менен тең салмагын жоготуп албаш үчүн ары-бери ийиле коюп баратат. Тим эле бир өмүр ушинтип жүрүшө тургандай. Абжал гана колун коё берсе жыгылып кете жаздачудай. Бир нече кадам жүрүшкөндөн кийин Дилафруз артына – биз тарапка карады... Кийин дагы... Мен анын ошол карашын көргүм да келбей, жүзүмдү терс бурдум да, башымды чеңгелдеп калдым...”.


Дилафруздан ошол күнү көңүлү калган, Абжалдан башка баланын колун кармап кетсе мынчалык маанайы чөкмөк эмес. Эртеси химиядан экзамен берип сыртка чыкса кыз аны күтүп туруптур. Ачуусу ал кезде тарай элек болчу, ошон үчүн “Эргеш” деп чакырса: “Эмне-е! Абжал жетишпей жатабы? Азыр чыгат, күтө тур!” деп чуркаган бойдон кеткен. Дилафруздун Абжалдын колун кармап көпүрөдөн басып кеткени көңүлүнө ушунчалык катуу тийген экен, кийин атын уккусу келбей, жашаган дарегин сураттырса жооп бербей, аны биротоло унутам деген.

Дилафруз Абжалга турмушка чыкпады, тигинин түшүнө кирип, баштагыдай эле умсунтуп жүрдү. Эмнеге Абжалга турмушка чыкпаганын сураса “башыма тартамбы” деди. Эргешти таң калтырганы анын качан үйлөнгөнү, илимий даража жактаган күнү, биринчи уулунун төрөлүшү – баарын билет экен. Ушул сөз аны катуу ойлонтту. Дилафруз аны ойлоп жанагы ишке барган окшойт.

“Ошондо рельс үстүндө тең салмагын сактап баратканда эмне үчүн кайта-кайта артына кылчайып карап жатты экен? Балким ошондо анын көздөрүндөгү жазуу-сызууларды байкабай калгандырсың? Балким эртеси мектеп дарбазасынын алдында сени күтүп турганда бардыгын бир башынан баяндап бергени тургандыр? Сага – бышпаган каллага баарын түшүндүрмөкчү болгондур? Сен болсо аны шылдың кылып, кыйраткансып кетип калгансың. Ал сени ошондо да кечирген. Болбосо неге Низамдан кайра-кайра сени сурай берген? Неге сени менен жолугууну самады дейсиң? Неге кыз бала болуп туруп, сен үйлөнгөнчө турмушка чыкпай жүрдү? Неге аялыңдан тартып, балаңдын туулган күнүнө чейин билет? Неге? Неге?

Неге!..

Бири-биринен ачуу, бири-биринен тез суроолор кайра-кайра башыма келип, самолёт моторунун күүлдөшү, мээде чарк айланган ойлор баары аралаш болуп, бүт денемди титиретип барат...”

Түшкө бекер кирбептир, он сегиз жыл жаңылыштыгын эсине салып, анан минтип экөөнүн капыс учакта жолугуп калышканын айтпайсызбы. Дилафруз сөз айтса ыйлап ийчүдөй каканактап, оор абалын билдирбеш үчүн иллюминаторго тигилип, сырттан көзүн албайт. Анын кыжалатын көрүп, көктүгү менен ынак сезимге кандай муз салганын эми билип ыйлагысы келип турган аялдын жанынан туруп арткы орундуктардын бирине отуруп алды.

Өткүр Хашимовдун “Ак булут, аппак булут” аңгемесин кыргызчага Абдыкерим Муратов которгон.

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, адабиятчы. Бир нече китептин автору, филология илимдеринин кандидаты. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG