"Азаттыктын" журналисти. Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин журналистика бөлүмүн аяктаган.
Сыргак Кенжебаев чет өлкөдө кармалып, Кыргызстанга жеткирилди. Абактагы ишкер, Имамидин Ташовдун маселеси кайрадан көтөрүлдү. Азербайжанда хижаб талашы кайра күчөдү. Социалдык тармактарда хижабчан окуучу кыздарга класстарга кирүүгө тыюу салынган видеолор тараган.
Эр-Рияддагы Падыша Халид атындагы эл аралык аэропортко урулан сокку 13 адамдын өмүрүн алды, 320дан ашыгы жараат алды. Башкы прокуратура Курманбек Авазов менен Каныбек Досмамбетовдун кармалганын ырастады. Клара Сооронкулованы үйүнө кимдер аңдып келди?
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри, буга чейин Мамлекеттик курулуш агенттигин жетектеген Нурдан Орунтаев "Азаттыкка" маек курду. Ал курулуш тармагындагы көйгөйлөр, реновация, реформа тууралуу суроолорго жооп берип, өзүн коштогон айрым талаштуу окуяларга комментарий берди.
2023-жылдын ноябрынан бери Мамлекеттик курулуш агенттигин башкарып, былтыртан тарта министрликти жетектеп келаткан Нурдан Орунтаев "Азаттыктын" суроолоруна жооп берди. Ал курулуш тармагындагы көйгөлөр, реновация, реформага байланыштуу "Азаттыктын" суроолоруна жооп берди.
Бишкекте 2021-жылдан бери курулушу бүтпөй, акчасын дагы кайтарбай жатканын айтып бир нече киши өлкө жетекчилигине кайрылды. "Ханстрой" же, дагы бир аталышы, "Брэнд Хаус" компаниясы борбор калаада салып жаткан үч турак жай комплекси ар кандай себептер менен курулбай калганын айтууда.
Дубайдан Тел-Авивге бараткан «ФлайДубай» компаниясынын учагында пилот капитанды бычактады. Милиция “Орунбековдун тизмеси” боюнча ишти териштирүүнү улантат. Жапонияда өтүп жаткан жайкы Азия оюндарында грек-рим күрөшү боюнча таймаштарда кыргызстандык Жоламан Шаршенбеков алтын медал утту.
Жогорку Кеңеште жыныстык мүнөздөгү айрым кылмыштар боюнча мыйзамдарды кайра кароо сунушу айтылды. Депутаттар пробацияны кайтаруу, тараптардын жарашуусуна жол берүү жана өспүрүмдүн жашын билбеген учурларды өзүнчө кароо маселесин талкуулашты.
Таласта азыр төө буурчактан түшүмү кызуу жыйналган маал. Таң аткандан күн батканча талаада техника тынымсыз иштеп, дыйкандар бир жыл бою күткөн түшүмүн жыйнап жатышат. Бул жерде төө буурчак миңдеген үй бүлөнүн негизги киреше булагына айланганына 20 жылдан ашты.
Парламентте калкты жылда медициналык кароодон өтүүгө милдеттендирүүнү сунушташты. Убагында дарыгерлердин кароосунан өтпөй калып, кийин оор илдеттерге чалдыгып жаткандар көбөйгөнү белгиленди. Алар медициналык чек-апты калктын бардык катмарына жеткиликтүү кылыш керек деп белгилеп жатышат.
Бишкектеги "Анар-Бак" конушунун айрым тургундары жер тилкелеринен кол жууйбуз деп кабатыр. Достоевский көчөсүнүн уландысы болгон долбоорго ылайык, жаңы айланма жол үй салуу үчүн деп сатылган жер тилкелерин кесип өтөт. Бишкек мэриясы кенемте төлөө же алмашуу жолдорун кароону убада кылууда.
Кыргызстанда мектептерге жетпей, базарда сатылып жаткан китептер боюнча чуу дале уланууда. Агартуу министрлиги менен “Учкун” ишканасы эмне дейт? АКШнын арачылыгы менен беларустук дагы 25 саясий туткун абактан бошоду. Кой-Таштагы Атамбаевге таандык болгон үйдүн короосунда курулуш иштери жүрүүдө.
Каракол - орус оторчулугу менен түптөлгөн Ысык-Көлдүн жээгиндеги алгачкы калктуу конуш. Конуш катары 19-кылымдын 70-жылдарында түптөлө баштап, эски курулуштарын азырга чейин сактап калган.
Бул жолу Кыргызстандын эгемендигинин 35 жылдыгы Таласта белгиленүүдө. 2030-жылга чейинки улуттук программада эмне камтылган? “Социал-демократтар” партиясынын абактагы лидери Темирлан Султанбеков президент Жапаровго кайрылып, сотту ачык өткөрүүнү сурады.
Кыргыз өкмөтүндөгү кадрдык өзгөрүүлөрдүн төркүнү эмнеде? IPHR уюму Кыргызстанда жарандык эркиндик чектелүү экенин белгиледи. Берлинде миңдеген адам оңчулдардын саясатта активдүү күчкө айлануусуна каршы акцияга чыкты. “Бишкек арена” стадиону 386 миллион долларга курулганы белгилүү болду.
"Азаттыктын" булактары Аяз Баетов Кыргызстандын БУУдагы туруктуу өкүлү болорун айтышкан. Бул маалымат 8-сентябрда расмий тастыкталды. Юстиция министри болгон Алмаз Айылчиев саясий чөйрөдө анча таанымал болбосо да "ММК жөнүндө" талаштуу мыйзам боюнча топтун башчыларынын бири катары белгилүү.
Алмаз Имангазиев эмгек жана социалдык камсыздоо министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Саясий чөйрөдө ШКУнун саммити баш болгон иш-чаралардан соң кадрдык жүрүштөр болору тууралуу кеп бар эле. Өкмөт курамындагы кезектеги министрди алмаштыруу менен дал ушул кадрдык өзгөрүүлөр башталдыбы?
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышы Бишкекте 50 миң кишиге ылайыкталган “Бишкек арена” стадионунда өттү. Оюн 31-августтан 6-сентябрга чейин Кыргызстанда өтөт. Ага дүйнөнүн 112 өлкөсүнөн 3 миңге жакын спортчу катышат деп күтүлүүдө. Мелдештер спорттун 42 түрү боюнча уюштурулат.
Ысык-Көлдүн Чоң-Өрүктү айылы акыркы жылдары кулпунай, кожогаты менен таанылып калды. Жергиликтүүлөр тамаша-чын аралаш айылын "Кичи Англия" деп атап алышкан. "Данисте" Чоң-Өрүктүнүн эмгекчил элинин бизнеси тууралуу айтып берет.
Дагы жүктөңүз