5-майда Өзбекстандын Сурхандарыя облусундагы Байсун районунда газ бургулоо жайында жарылуу болуп, чоң өрт чыкты. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн Энергетика министрлиги кабарлады.
"2025-жылдын 5-майында саат 06:08 чамасында №202 "Мустакиллик-25" скважинасынын аймагында өтө чоң көлөмдөгү газ бөлүнүп чыккан. Газдын таралышына жол бербөө максатында аракеттер жасалып жатат. Бардык керектүү иш-чаралар коопсуздук чараларын толук сактоо менен жүргүзүлөт", -деп айтылат маалыматта.
Окуя болгон жерде өрт өчүрүү кызматтары иштеп жатат. Жергиликтүү бийлик өрттүн калкка кесепети тийбей турганын билдирди.
Соңку учурда бул газ кенинде бир нече жолу жарылуулар катталган. Бир адам каза болгон.
24-апрелде ушул эле жерде жарылуу катталганы кабарланган.
Социалдык тармактарда өрттүн видеолору тарап жатат. (AiA)
Шерине