Ички иштер министрлиги (ИИМ) акыркы учурларда ар кандай кылмыштарга шек саналып кармалган милиция кызматкерлери тууралуу комментарий берди.
Мекеме 2025-жылдын башынан бери министрликтин Ички иликтөө кызматы, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) жана Башкы прокуратура менен биргеликте бир катар милиция кызматкерлери кармалганын билдирди. ИИМ муну ички иштер органдарын таза эмес кызматкерлерден тазалоо, коррупцияга каршы күрөш катары сыпаттады.
“Учурдагы жагдайды туура түшүнүү маанилүү. Бул кырдаал начарлап кеткендигинен эмес, бул ички иштер министри Улан Ниязбековдун демилгеси менен ички иштер министрлигинде системаны тазалоого багыт алынып, олуттуу иштер жүрүп, элдин алдына ачыкка чыгып жатканын билдирет”, - деп айтылат маалыматта.
Бишкекте ушул жылдын башынан бери укук коргоо органдарынын 20 чакты кызматкери ар кандай кылмыштарга шек саналып кармалды.
1-майда Бишкектин Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын тергөөчүсү пара алууга айыпталып кармалган. 30-апрелде эле ИИМдин жана УКМКнын кызматкерлери Бишкектин Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын тергөөчүсүн кармаган. Ага да Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси – “Опузалап пара алуу” менен кылмыш иши козголгон.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 29-апрелде Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын эки ыкчам кызматкерин колго түшүргөн. (BTo)
Шерине