Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:22

Кыргызстан

Түркияда теракттан 5 адам өлдү, Орусия Украинаны ракета менен атты
please wait

No media source currently available

0:00 0:21:10 0:00

Анкарада Turkish Aerospace (TUSAŞ) ишканасындагы жарылуу жана атышуу болгон жерде кеминде беш кишинин өмүрү кыйылып, 20дан ашык киши жараат алды. Түркия бул теракттан кийин Сириянын жана Ирактын аймагындагы “Күрд жумушчу партиясынын” (Түркияда террорчул уюм деп жарыяланган) турумдарына абадан сокку урду. 34 жаштагы Рахима Айкымбаеваны мыкаачылык менен өлтүргөн деп айыпталган жолдошу 15 жылга абакка кесилди. Маркум буга чейин далай жолу күйөөсүнөн зомбулук көргөнү айтылган. Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун абактагы мөөнөтү 26-декабрга чейин узартылды. Ал март айынан бери атайын кызматтан убактылуу кармоочу жайында жатат.

Батыш автобекети кайда көчүрүлдү?
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:43 0:00

Бишкектеги Батыш автобекети жана анын ичиндеги “Акжол” кичи автобекети 23-октябрда жабылды. Мэриянын басма сөз кызматы эми эл Алматы көчөсү 1/1 дарегинде жайгашкан “Бишкек автобекети” муниципалдык ишканасынын жаңы бекетинен каттай турганын билдирди. Айдоочулар жаңы бекет жүргүнчүлөрдү кабыл алып, жөнөтүүгө даяр эмес экенин айтып жатышат. Транспорттордун жадыбалы түзүлбөй, өзгөчө өлкөнүн түштүк региондоруна, коңшу Өзбекстанга кетчүлөр кыйналып жатканын билдиришти. Бекеттердеги абалды кабарчыбыз Кундуз Кызылжарова көрүп келди.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG