Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:24

Кыргызстан

Курман болгон советтик жоокердин эстелиги. Авдеевка, Украина.
Курман болгон советтик жоокердин эстелиги. Авдеевка, Украина.

Белгилүү жазуучу Владимир Тендряковдун “Донна Анна” аңгемесинде 1942-жылы жайында чыгышка чегинип бараткан советтик аскерлердин оор абалы сүрөттөлгөн. Чыгарма автордун көзү өткөндөн кийин бааланып, өкүмзор бийлик тушунда сейрек болсо да чындыкты айткан жазуучулар жашаганы ырасталды.

Көрсөтмөлүү жаза

Өмүр менен өлүм аралашып, экөөнүн тең баркы билинбей кеткен жерде адамдык ариетти сакташ өтө кыйын, мүмкүн да эмес.

Владимир Тендряков сүрөттөгөн мезгил совет өлкөсүнүн өзгөчө оор абалга кептелип, Москва чабуулу оңунан чыкпай калгандан кийин немистик фашисттер СССРдин түштүгүн ээлеп Кавказдын карамайы менен Эдил (Волга) дарыясына чыгып, эңгезер коммунисттик империянын чыгыш менен байланышын үзүп коюу аракетине киришип, өжөрлөнүп алдыга жылып бараткан оор учуру эле.

Жамгырдай жааган ок алдында чабуулга көтөрүлүп, жулунуп чыгышка умтулган душмандын кандай да болсо чабуулунун мизин кайтарып, алсыратуу максаты турган. Совет аскери үчүн күн сайын боо түшүп кырылган жоокерлерден калганы бир кадам артка чегинбей, ээлеген позициясын бекем кармап турушу керек болчу.

Лейтенант Мохнатовдун бешинчи ротасы канаттуулар фабрикасынын алдындагы жерди ээлеп, окоп казышып, коргонуу тилкесин түзүшкөн. Снаряддар жарылып, траншейден баш көтөргөндү душмандын снайпери мээлеп атып, жаатташкан эки тарап бирин-бири аябай, киши каны суудай төгүлүп турган кез.

Душмандын замбирегине туш келбештин амалында ок-дары, адам ташыган машиналар түнкүсүн маңдайкы жарыгын өчүрүп, жолду тушмалдап жүрүп калышкан. Андай машиналар жалаң эле ок-дары ташыбай түн жамынып ысык тамак алып келчү. Ошондой учурлардын биринде катардагы аскерден баштап командирлерге чейин чогултушту. Ийри-буйру казылган чуңкурлардан төмөнүрөөк жакка үстү чүмкөмө машина токтоп, андан таза кийимчен тылда кызмат өтөгөн жоокерлер секирип түштү. Окопто чаң менен терге чыланып, такай уйкудан калган жүдөө жоокерлерден айырмаланып тылда калгандар тыкчыйып тың жүрүшчү.

“Алар ыкчам кыймылдап кейпинен кетип калган шөлбүрөгөн бирөөнү машинадан түшүрүштү – гимнастеркасы топчуланбай, батинкесинин боосу жок солдат кейпиндеги бирөө.

Бул эрмек таппаган иттен жабыркаган жарым жан бөдөнөдөй бүрүшүп турган солдат “көрсөтмө” үчүн ортого чыгарылган эле. Токтогон машинеден он кадамдай араакта борпоң топурагы буралган чуңкур, уставда көрсөтүлбөгөн акыркы жай – көрүстөн даярдалган.

Кол алдындагы жоокерлериндей курсагы ток, дыгдыйган командир ичин бекем курчаган кайыш курун кармалап акырын буйрук бере баштады, кырдуу шапкечен жоокерлер көнүмүш ишине киришти... Бөдөнөдөй бүрүшкөн адам көрүстөн четине тургузулду, шымы жок жука ыштаны, жакасы ачык көйнөгү менен титиреп турду. Ыкчам кыймылдаган жоокерлер анын маңдайына катар тизилип далысында сороюп турган мылтыктарын алып, кундагын бутуна коюп даярданып калышты.

Ага улай командир кийимчен толук, ыңгырана баскан, жөн-жай турмуш кечирип кезиндеги жай калыбынан жазбаган киши алдыга чыкты. Ал бүктөлгөн кагаз алып чыгып, жарданып карап тургандарга бурулуп кечки иңирде жазылгандарды окуп берүүгө камданды...

Анын кагазын окуй электе буйрукта эмне деп жазылганын, эмне болорун баарыбыз билчүбүз. Бир буту көрдө турган мобу бечара Иван Кислов экенин, биздин чарбалык унаа ротасынын тамак ташыгычы экени көпчүлүккө дайын болчу. Ашканада этти балталап жатып оң колунун сөөмөйүн чаап алганын көргөнбүз.

Бул эми эрте жазда болгон, бизди жаңыдан түзүп жаткандагы окуя. Азыр болсо жай саратаны, биздин полк кенен талаанын ортосунда коргонууда турганбыз. Тиреш башталган эки күндө согуш көрбөгөн жаңы аскерлердин теңин жоготуп, Донго жетем деп жулунган немистердин жолун тосконбуз. Кыязы, токтоттук окшойт...

Анан минтип артыбыздан көрсөтмө катары мобул Кисловду алып келип атышпайбы... Көрсөтмө үчүн...

- Советтик Социалисттик Республикалар Союзунун атынан аскер трибуналы!

Көз алдында болуп жаткан окуяга кайдыгер карап турган байланышчы аскер Тенков бул күнү жандай көргөн досу Слава Колтуновдон ажырап, жаркылдаган бала кыял Сафа Шакировду санбатка жөнөткөн. Слава Колтуновдун сөөгү майдан талаасында көмүлбөй ачык калды, Сафанын ичине ок тийиптир, анын да аман калар-калбасы күмөн. Кан майданда адамдын өлгөнү, аны минтип эл алдына алып чыгып атып салышканы же чабуулда баратып окко учканы - баарына көнгөн жоокерлер үчүн көнүмүш. Чабуулга көтөрүлбөй же кысып кирип келген душмандын чабуулуна туруштук бере албай артка качышса “заградотряддын” огуна кабылат. Ошон үчүн байланышчынын:“Өлүмдү бир жуманын ичинде өтө эле көп көрдүм. Көз алдымда мылтыкчан беш жоокер жагжайып көкүрөгү ачык, куралсыз алтынчы бирөөнү көрсөтмө үчүн өлтүрүшөрү мени толгонтпойт”, - деп отурушу согуштун айныксыз көрүнүштөрүнүн бири гана.

Чогуу тургандардын көбү “көрсөтмө” окуяга нааразы экенин бири-бирине шыбырап айтышып, кайдыгер карап турушту. Бул иш аягына чыкса баары өз милдеттерине киришмек. Байланышчы: "Акация"! "Акация"!.. Мен - "Эмен"!.. "Кызыл карагай"! "Кызыл карагай"!.. "Кожогат"!.. "Пихта"! "Пихта"!.. Уктап калдыңбы, дөңгөч?.. Мен - "Эмен". Текшерүү!” – деп кыйкырып отурмак.

Поэзия

Ушу тапта топурак жыттанган окоптун бооруна жөлөнүп, автоматты бекем кучактап аз да болсо уктап алган жыргал. Кан майданга келгенден бери ашып барса эки-үч саат гана чырм этип алганы болбосо бутту кенен сунуп узак уктай элек. Анан да бул жерде кыска чырм этип алчу убактарда бир да жолу түш көрбөдү.

Айылдагы үйүн, шүүдүрүм кечип талаада басып жүргөндү, үй ичинде тактай жылуулугун таманы менен сезип ары-бери басканды, уйга чөп салганды, отун жарганды – баарын сагынды. Бир ирет “Акация!”, “Акация!” деп өңгөчүнө күч келтиргендин ордуна трубканы кулагына такап, жарыктын кызы - донна Аннаны жатка айтып ийсе арытан угуп калган уйку-соо кенже лейтенант:

“Сиз, сиз, сиз Блокту жакшы көрөсүзбү?” деп атпайбы, көздөрү жайнайт.

“Мага Блок жакчу, бир топ ырларын жатка билчүмүн, Есениндин бир топ ырларын шыдыр айтчумун, Маяковскийди жакшы көрчүмүн, Григорий Мелехов менен Щукар чоң атанын жоруктарына жыргап, Д’Артаняндын достору менен жасагандарын, Шерлок Холмстун жоруктарын билчүмүн. Кенже лейтенант айрымдарды, мисалы Есенинди жининдей жек көрчү.

- Өзүмчүл! Бүжүрөк! Ачкыл сууга жакын неме! Революция болуп жатса наалып отурат! – дечү.

Ошол эле кезде ал Блокту, Дюманы, анан Конан Дойлды мактачу. Кино дегенде жантыгынан жата калчу, комедияны жактырбай, революциялык, анан да аскердик кинолорду мактачу. “Биз Кронштадтанбыз” фильминдеги моряктардын атылганын көргөндө кабагы чытылчу. Мага ыктай, толкундана түшүп:

- Душмандын көз алдында, аларды шылдыңдап туруп атылып кетсең арман жок, - дечү. Мындайда чап жаагы диртилдей түшүп, жука эриндери кымтылып, толкундай түшчү.

Мен болсо киного анча деле кызыкчу эмесмин, аскердик фильмдерге кайдыгер элем. Мунусу аз келгенсип, душмандын көз алдында ага жек көрүү менен карап, кудум кинодогудай болуп көккө тигилип, эсте каларлык болуп өлүүнү да каалачу эмесмин. Анымды эч кимге айтпадым, кыязы, уялган болуум керек.

"Кайдасың донна Анна?"

Кан майданда кээде бош убакыт болуп жай сөзгө киришкенде жоокерлер аялдар менен тамакты көбүрөөк кеп кылышчу. Кенже лейтенант Гальчевский андайда апасын сагынганын алдыга жайчу.

Эки согушка катышкан атасы бир аз мурдараак курман болуп, бул дүйнөдө анын жападан-жалгыз жакын адамы – апасы гана калыптыр. Кенже сержант менен кенже лейтенант экөөнүн ортосунда жаралган жакын мамиле адабият, апа жөнүндө экөөнүн ою бир жерден чыкканына байланыштуу болду окшойт.

“Мекен чыккынчысы” деп тамак ташыган бир бечараны атып салууну көрсөтмөлүү ишке айлантып салгандардын ишине ичи чыкпаган жоокерлердин арасынан бирөө: “Биздин ишибиз ак, душман жеңилет, жеңиш биздики болот”, - деп кыйкырып тим болду. Башкалары унчукпады.

Бир гана Гальчевский “келесоонун тамашасы” деди. Чоң иш жасагандай мылтыктарын шарак эттире артына асынып тиги аскерлер машинесине түшүп жөнөй беришти, кыйылган өмүрдүн сөөгүн жашыруу милдети окопто жаткандарга калды.

Ушул окуядан аз өтпөй байланышчы кенже лейтенант Тенковду башка ротага которушту. Уруш күчөгөн сайын жоокерлердин катары суюлуп, анын ордуна жаңылары келип, байланышчылардын түйшүгү көбөйдү. Телефон зымынын бир жерине снаряд тийип үзүлүп калат, аны ачык талаада сойлоп барып улаштырып келүү керек.

Согуш талаасындагы өмүр-өлүм аралашып кеткен апаат күндөр уланып жатты. Байланышчы аскер улам артка чегинип, Дон дарыясын кечип өтүшкөнүн, улам азайып кайра толукталып жаткан жоокерлерди, бирин экинчиси аябаган аскер тартибин көрдү.

"Бул биздин артка чегинүүбүз болчу. Эдилге (Волгага)".

Сталинградга чейинки чегинүү

"Дондон өткөнүбүз көз алдымда: жээкте күйүп аткан автомашиналар, колдо карышкан кундактар, оозу ачылган сөөктөр, сөгүнүп, онтоп аткан жарадарлар, атыштар, сууда калкыган адамдардын сөөктөрү, ошол эле учурда бир да бирөөнүн көңүлүн бурбай замбилде унчукпай жаткан жарадарлар, онтобой, кыйкырбай, тишин кычыратып, оорусун билдирбей созулган жарадарлар. Адам жарадар кезинде онтобой, кыйкырбай коё алат экен, бирок жаныбарлардын онтогонун, кишенегенин чыдап угуш кыйын”.

Аскеринен ажырап жалгыз калган командир, эсин жоготуп, дырдай жылаңач чуркаган бирөө – баарысы аралашып кеткен, бул көрүнүштү сүрөттөө оор, мүмкүн эмес. Адам баарына чыдайт экен, байланышчы кенже сержант Тенков да чыдады. Бир гана Ярик Гальчевскийден ажыраганда ичи аябай ачышты, аны күткөн алыстагы апасы ачуу кабарды укканда кантер экен деп ошого ичи сыйрылды.

Анан артка качкан аскерлерди пулеметтун огуна капталтчу “заградотряддын” аёону билбес желдеттери жапырт артка чегинген аскерлердин алдында көктөн жааган ок менен снаряддардан башын калкалап качып баратканын көрдү. Артка чегинген аскерлерди атып токтотуу буйругун ким чыгарды экен, ансыз да душмандан көргүлүктү көрүп өлгөндөн калганы артка чегинип атканда алдын тосконду куралы бар жоокерлер жөн эле кырып саларын мына ушул тескери жарлыкты чыгарган адам неге ойлободу экен?

"Тулпар" картасынан төлөм кабыл алган аппарат. Бишкек.
"Тулпар" картасынан төлөм кабыл алган аппарат. Бишкек.

Президент Садыр Жапаров 11-октябрда Бишкек мэриясынын жол кирени көтөрүү сунушуна пикирин билдирди.

Ал накталай төлөм көбүнесе айдоочунун чөнтөгүнө кетип жатканын эскертти. Мамлекет башчынын кайрылуусунан көп өтпөй Кыргызстандан чыгарылган иликтөөчү журналист Болот Темиров коомдук транспорт үчүн колдонулган "Тулпар" картасынын артында орусиялык жаран жана кипрдик компания турат деген маалыматты айтып чыкты. Иликтөөдө айтылгандарды президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов четке какса, Бишкек мэрия Айбек Жунушалиев атайын кайрылуу таратты.

"17 сомдон накталай эмес төлөгүлө"

Президент Садыр Жапаров 11-октябрда өзүнүн Фейсбук баракчасына Бишкек мэриясынын накталай төлөм үчүн жол кирени 40 сомго көтөрүү сунушуна пикирин билдирди. Мамлекет башчы накталай төлөм шаар казынасына түшпөй жатканын, көбүрөөк акча жыйноого ашыккан айдоочу жол эрежесин бузуп, кырсыктар катталып жатканын белгиледи. Шаар тургундарын буга жол бербөөгө, "Тулпар" картасын сатып алып жол кирени 17 сомдон төлөөгө чакырды.

Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

"Накталай төлөм канча түшүп жатканын эч ким билбейт. Ток этерин айтканда, айдоочунун чөнтөгүнө кетет. Ошондуктан ар бир карта алгыла да 17 сомдон накталай эмес төлөгүлө. Эң жок дегенде ушундай жол менен болсо да уурулукту, коррупцияны жок кылганга жардам берсеңиздер болбойбу? Накталай эмес төлөгөндө гана ошол акча автобазанын эсебине түшөт да, автобустарды тейлөө, оңдоо иштерине жумшалат. Накталай төлөгөндүн дагы бир кемчилиги, айдоочуга тоскоолдук жаралып жатканын өзүңүздөр деле байкап-көрүп жатасыздар. Айдоочулар жолду карабай, жарышып, кырсыктарга кабылган учурлар жок эмес", - деп жазган президент.

Ага чейин Бишкек мэриясы коомдук транспортто накталай төлөгөндөргө жол кирени 40 сомго чейин көтөрүү сунушун берген.

Темировдун иликтөөсү, президенттик аппараттын жообу

Жол кире маселесине улай Кыргызстандан чыгарылган иликтөөчү журналист Болот Темиров "Тулпар" картасынын артында орусиялык жаран жана кипрдик компания турат деген иликтөөсүн жарыялады.

Журналист анда "Тулпар" картасын колдонгон жарандардын жеке маалыматтары чет элдик компанияларга кетип жатканын белгилеп, "картадан түшкөн акча да сыртка кетеби?" деп суроо салган.

Болот Темиров.
Болот Темиров.

"Тулпар" картага өткүлө деп президентке чейин айта баштагандан кийин текшере коеюн дедим да. Себеби менин "Тулпар" мамлекеттики деген ишеничим бар эле. Тилекке каршы, мамлекеттен сырткары дагы эки белгисиз компания чыкты. Бирөө Орусиянын жаранына таандык, экинчиси Кипрдеги офшордук компания экен. Анын ээлерин табыш кыйын. Ошондуктан көп суроо пайда болду. Картага акча түшкөндө белгисиз жеке компания менен бөлүшөбү, андан сырткары "Тулпарда" адам саат канчада, кайсы автобус менен кайсы жакка чейин барат деген маалыматтар топтолуп турат. Жеке маалыматтардын башка бирөө үчүн ачык болгону коркунучтуу".

Журналист Болот Темировдун иликтөөсүндө айтылган маалыматтарды "Азаттык" көз карандысыз булактардан тактай алган жок.

Ал арада президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов "Марал" радиосуна комментарий берип, иликтөөнү сындады.

"Болот Темиров мамлекет башчысынын посту чыгары менен эле жаңы иликтөө деп "чампалап" чыгара коюптур. Эптеп эле президентке чаптаганга аракет кылыптыр. Президент жол кирени көтөрүүнү колдоду дейт. Мамлекет башчысынын постун карасаңыздар, ал жакта баа ошол бойдон калат, болгону накталай эмес төлөмгө өткүлө деп жатат. Президент Садыр Жапаровго эч кандай айырмасы жок компаниябы же жеке жакпы, ал турсун башка планетадан болобу, "Тулпар" картасы болобу же каалаган банктын картасы болобу. Башкысы накталай эмес төлөм жүргүзүү системасы үзгүлтүксүз иштесе болду".

Ал эми Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев видео кайрылуу жасап, Болот Темиров маалыматты бурмалап жатканын айтты:

“2013-жылы эле "Тулпар” картасы боюнча биринчи чечим кабыл алынган. 2018-2019-жылдары конкурс жарыяланып иш-чаралар башталган. 2020-жылы март айында келишим түзүлүп, ал жерде бир дагы мэриядан же республикалык бюджеттен акча жумшалган эмес. Инвестордун каражаты менен иштер башталган. Анан 2023-жылы август айынан баштап ишке киргизилип, бүгүнкү күндө накталай эмес төлөмдөрдү 62% жеткиргенге мүмкүнчүлүк алдык. Маселени азыркы бийликке байлап, "бул чечимдер бир компаниянын кызыкчылыгына иштеп жатат" деген жалган маалымат. Болот Темиров ачык булактардан алып жатам дейт, бирок ошол маалыматты элге бурмалап таратып атат".

Ошондой эле калаа башчы автобус айдоочулары башында күнүнө 10 миң сомдон үйүнө алып кеткен учурлар катталганын, ага айрым жетекчилер кошумча болгонун кошумчалады. Мындай көрүнүштөрдүн баарын укук коргоо органдары териштирип жатканын белгиледи.

Ачык булактардагы маалыматка таянсак, мэрия 2019-жылы коомдук-муниципалдык транспорттордун билетин электрондоштуруу үчүн тендер жарыялаган. Анда швейцариялык BPC KG компаниясын жеңүүчү болгон.

"Тулпар иштебей жатат". Айдоочулардын жүйөсү, элдин сыны

Бишкек шаарынын мэриясы билдиргендей, коомдук транспортто чогулган акча айдоочулардын чөнтөгүнө түшүп жатабы? Суроого жооп алуу үчүн автобус айдоочулардын айрымдарына микрофон сундук.


"Кээде планың чыкпай калат, анан өзүңдүн айлыгыңан төлөгөнгө туура келет. Биз күнүгө 4600 сом план төгөбүз. Дем алыш күндөрү киши жок болуп калат. Бош барып, бош келесиң, бир айлампаны 300 сом менен бир айланасың. Дүйшөмбүдөн жумага чейин эл жакшы түшөт. 4600 сом чыгат, 5200 сомго чейин барат. Ашканын алып чай ичесиң. Эгер эл түшкөн учурга жетишсең. Кээде жетишпесең дагы чыкпай да калат. Жалаң эле картага өткөрүп, биздин айлыкты 70 миң сомдон жогору кылып койсо бизге да тынч болмок", - деди аты-жөнүн ачык атоодон баш тарткан айдоочу.

Кийинки айдоочу дагы мэрия коюп берген маяна аз экенин айтты:

"Биздин айлыкты көтөрүп коюп накталай эмес төлөм кыла берсин. Орусияда ошондой го. Айлык аласың болду, башың оорубайт, эч ким кымырып алдың деп күмөн санабайт. Мен дагы Москвада иштегем, эки жыл болду келгениме, ал жакта 100 миңден 150 миң рублге чейин алчубуз. Азык-түлүктүн баасы керек болсо Москвада арзаныраак. Азыр эттин бир килограммы 600 сом болуп калбадыбы. Биздин 50 миң сом айлыгыбыз эч нерсеге жетпейт. Бир үй-бүлөдөн бир адам иштесе, 50 миң деле эч нерсеге жетпейт да".

Бишкекте автобус менен троллейбус кагышкан учур. Архивдик сүрөт.
Бишкекте автобус менен троллейбус кагышкан учур. Архивдик сүрөт.

Ошол эле маалда шаардыктар арасында "Тулпар" картасы менен жол кире төлөөдө кыйынчылык жаралып жатканына даттангандар бар. Бишкектин тургуну Жыргалбек ушул көйгөйдүн айынан картадан баш тарткан.

“Азыр “Тулпар” картасынын мобилдик колдонмосу иштебей жатат. Бир бузулгандан кийин оңолбойт экен. Аны телефон аркылуу табыш кыйын, тапкандан кийин оңдоо да кыйын. Мисалы, меники оңолбой коюп, ошондон кийин болжолдоп эле салып жүрдүм ичинен түгөнсө керек деп. Андан кийин картаны блоктоп салчу болду. Айла жоктон эми накталай төлөп жүрөм. Менимче техникалык жактан чоң кемчилик болуп жатат. Ошону оңдосо көп киши картага өтчүдөй. Көп киши картасы иштебегенден улам акчалай эле төлөп жатканын байкадым”.

Ушул тапта автобус жана троллейбуста жол кире “Тулпар” жана банк карталары менен 17 сом, накталай 20 сом, MegaPay сервиси аркылуу 11 сом, менчик автобус жана кичи автобустарда 20 сом. Борбордо жол кире акыркы жолу быйыл январь айында көтөрүлгөн.

Учурда чоңдор үчүн айына 1020 сомдук стандарттуу, мектеп окуучулары болсо айына 360 сомго жол "Тулпар" карталарын (чексиз, лимити жок) сатып алышат.

Башка өлкөдө коомдук транспорт кандай иштейт?

Транспортко жол кирени карта менен төлөө системасы дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө так иштейт.

Польшанын парламентинде иштеген кыргызстандык Максат Тургуналиев Варшавадагы коомдук транспорттор кандай иштерин түшүндүрүп берди.

"Варшавада 75 минуттук билет бар, анан 25 минуттук билет бар. Ошол 25 минуттук билетти биз 3 злотый 40 грошага алып жатабыз (кыргыз сому менен 70 сомго барабар). Ал эми 75 минуттугу 4 злотый 40 гроша (90 сомго барабар) болуп жатат. Бул жол кире билети жоктор үчүн. Ал эми жол кире билети бир айга 100 злотый. Бул чектөөсүз, коомдук транспорттун бардык түрү менен жүрө бересиң. Болжол менен айтканда кыргыз сому менен билет баасы 2 миң сом. Ал эми студенттерге бардык билетке 50% жеңилдетүү каралган. Мисалы, мен көбүнчө өзүмдүн унаам менен жүрөм, кээде муктаждык болгондо кыска убакытка билет сатып алабыз. Ошондой эле билеттерди бир жылга анан алты айга да алса болот. Билеттерди аялдаманын жанында атайын билет чыгарган терминалдан алып, түшкөндө транспорттун ичиндеги аппаратка чаптырып коесуң".

Польшадагы башка мекендештердин айтымында, бул өлкөдө билетти транспорттун ичиндеги аппараттан карта менен төлөп же онлайн сатып алса да болот. Билетти текшерип турган кондукторлор бар, төлөбөй түшүп кармалып калгандарга айып пул жазып коюшат.

Бүгүнкү күнү Бишкекте каттамга күнүгө 1200дөн ашуун автобус чыгып жатат.

Бишкек шаарында сегиз айда автобустар катышкан 231 жол кырсыгы катталган. Анын 109 учурунда автобустун айдоочулары күнөөлүү болгон. Арасында адам өмүрүн алган окуялар да бар.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG