Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:07

Кыргызстан

жекшемби 3 Ноябрь 2024

Коллаж
Коллаж

Кыргыз өкмөтү кытайлык туристтерге визасыз режимди киргизди. Эми так туристтик программасы болгон бештен 25ке чейин кишиден турган топ Кыргызстанга 21 күнгө чейин визасыз келе алат. Өкмөт муну туризмди өнүктүрүү аракети деп түшүндүрдү. Туристтерди ыңгайсыз кылган көйгөйлөр бардыгын айткандар да бар.

Кытайлык туристтерге жеңилдик берүүнүн максаты кандай?

Министрлер кабинети 28-октябрда чыгарган токтомго ылайык, визасыз шартта Кыргызстанга келе турган туристтик топ кеминде беш, 25тен ашпаган кишиден турушу керек.

Алардын туристтик программасы алдын ала бекитилип, кайтуучу авиабилети бар болуусу шарт.

“Кыргызстандан чыгып кеткенден кийин, туристтерге 21 күн өткөн соң кайра визасыз кирүүгө укук берилет. Кытайдан келген туристтик топтор үчүн визасыз режимдин киргизилиши Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасы ортосундагы кызматташтыкты чыңдоого, туристтердин агымын көбөйтүүгө жана өз ара пайдалуу негизде экономикалык байланышты өнүктүрүүгө багытталган”, - деп айтылат Экономика жана коммерция министрлигинин маалыматында.

Ошол эле күнү Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов кыргыз өкмөтүнүн мындай чечими тууралуу “Кытай – Борбордук Азия” кызматташтык форумунда айткан. Бишкектин мындай кадамы өлкөнүн туризмине оң жыйынтык берерин белгилеген.

  • Бул чечим Кытайдан Кыргызстанга келе турган туристтерге бир топ жеңилдиктерди берет. Анткени азыркы талап боюнча кытайлык жаран АКШнын, Британиянын жана Түндүк Ирландиянын, узак мөөнөттүү Шенген визасы болгон шартта гана жети күнгө чейин визасыз шартта жүрө алат. Бир апта жүрүп чыгып кеткенден 21 күндөн соң кайра эле ушундай шартта Кыргызстанга келүүгө уруксат бар.
  • Ал эми Макао жана Гонконг атайын администрациялык райондорунун туруктуу жашоочулары кайра кеткенге авиабилети болгон учурда 30 күнгө чейинки мөөнөткө визасыз Кыргызстанда жүрө алышат.

"Мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбоо керек"

Жогорку Кеңештин депутаты Элдар Абакиров мындай чечимдерди кабыл алып, болгон мүмкүнчүлүктөрдү колдоно берүү керек деген пикирде.

“Бишкекпи же башка аймак болобу, бир убакта канча конокту кабыл ала алат? Ошого маани беришибиз керек. Жалпысынан алганда жакшы эле чечим. Мындай өзгөрүүлөрдү пилоттук түрдө иштетип көргөндө абал даана билинет. Бизде туризмге байланышкан негизги маселе инфратүзүмдөрдө – аэропорт, жол, логистика, коопсуздук жана көрсөтүлгөн кызматтар. Бул маселелер чечилбей, жасалып жаткан жарнамалар антирекламага айланып кетпеши керек”, - деди Абакиров.

Кыргызстан менен Кытай кызматташкан туризмден тышкары бир катар экономикалык долбоорлор, алардын башында Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу турат. Мындан тышкары Чүй облусундагы 700 гектар жерге Кытай менен биргелешкен соода-логистикалык борбору курулганы жатат.

Евразиянын стратегиялык изилдөөлөр борборунун директору, саясий серепчи Бакытбек Жумагулов визасыз режимди эки өлкөнүн чоң экономикалык кызматташтыгынын бир бөлүгү катары карап, бул сыяктуу багыттарда алаканы бекемдөө керектигин айтууда.

“Көп аспектинин бири катары визасыз режим боюнча да кошуна өлкө менен алаканы бекемдешибиз керек. Мында соода-экономикалык кызыкчылыктар эске алынышы керек. Казакстан Кытай менен кызматташтыгын жаңы деңгээлге чыгарып алды. Өзбекстан да чоң долбоорлорду ишке ашырып жатат. Ушундай процесстер жүрүп жатканда биз артта калып кетпешибиз керек”.

Жумагулов Кыргызстанда кытайлык компаниялардын ишине жергиликтүү жашоочулардын нааразылыгы, айрым долбоорлордун ишке ашуусуна терс маанайы тууралуу сөз кылып, бийлик мындайда түшүндүрүү иштерин жүргүзүшү керектигин кошумчалады.

"Кыргызстанда калып калышат деп чочулагандар бар"

Саясат таануучу Чынара Эсенгул бийлик мындай чечимге удаа эле коомчулуктагы түшүнүктөрдү эске алышы керек деген ойдо.

“Буга чейин кытайлык инвесторлордун катышуусундагы долбоорлор да жергиликтүүлөрдүн нааразылыгын пайда кылган учурлар болгон. Жеңилдиктин арты менен бизге кирип келип, бул жакта калып калышат деп чочулаган жарандар да бар. Бул маселени да унутта калтырбаш керек”.

Чынара Эсенгул айткандай коомдо кытайлык жарандар кайра кетпей коюшу мүмкүн деп кооптонгондор арбын. Мындай пикирлерди социалдык тармактардын колдонуучулары да жазып жатышат.

Өкмөт Кыргызстанга келе турган туристтердин кайра кайта турган авиабилети да болот деп ишендирүүдө. Аны көзөмөлдөө тартиби тууралуу маалымат берген жок.

Кытайдын Кыргызстандагы долбоорлору

2019-жылы Ат-Башы районундагы “Нарын” эркин экономикалык аймагынын жерине кытайлык компаниянын инвестициясы менен логистикалык борбор салына турган болгон. Кийин жергиликтүү жашоочулардын акцияларынан кийин долбоор ишке ашпай калган.

Кыргызстанга 2023-жылы Кыргызстанга 8,5 миллиондой турист келгенин Экономика жана коммерция министрлиги Статистика комитетине таянып билдирген.

Статкомдун башка билдирүүсүнө ылайык, былтыр келген туристтердин 61,4% Өзбекстандан, 27,3% Казакстандан жана 7,3% Орусиядан келгендер. Ал эми Кытайдан келген туристтер 0,8% жеткен.

Кыргызстанга келген туристтерди кабыл алып иштеген ишкер Абдулвахид Мухидинов келген туристтерди нааразы кылган бир катар көйгөйлөрдү санады.

“Туристтик компаниялар кооз жерлерди тартып, жарнамалаганыбыз үчүн алар өлкөгө келгенде ошол жерлерге барышат. Ал жерлерге баруучу жолдун каралбай калганы жана интернеттин жоктугу соңку учурда көп айтылган сындар болуп калды. Мындан тышкары тейлөөчү жайларда тил билген, туристке өзгөчө мамиле кылган адистердин жетишсиздиги да бир көйгөй”, - деди Мухидин уулу.

Кытай Кыргызстандын эгемендигин биринчилерден болуп таанып, 1992-жылдын 5-январында эки мамлекет ортосунда дипломатиялык мамиле түзүлгөн. 1992-жылдын май айында Бээжин Бишкекте өзүнүн элчилигин ачкан. 1993-жылдын августунда Кыргызстандын Кытайдагы элчилиги Бээжинде негизделип, иштей баштаган.

Кыргызстанда учурда 67 өлкөнүн жарандарына визасыз режим иштейт.

Аман Камчыбеков.
Аман Камчыбеков.

Кыргыз кино дүйнөсүндө 1970-жылдардын аягы, 80-жылдардын башында жарк этип жылдызы жанып, бирок күтүүсүз автокырсыктан улам бул жалганды эрте таштап кеткен актер, кинорежиссер Аман Камчыбеков тууралуу социалдык тармактарда маалымат өтө аз.

Антсе да ал тартылган жана тарткан саналуу тасмалар таберик болуп калды. Аз жашаса да кыргыз кино тарыхына өз ысымын калтырган Аман Камчыбековдун өмүр бейнеси тууралуу кеп кылабыз.

Калкка тааныткан Каныбектин ролу

Камчыбеков чыгармачыл чыйырын алгач актерлук кесиптен баштаган. 1978-жылы ал белгилүү кинорежиссер Геннадий Базаров тарткан “Каныбек” тасмасында баш каарман Каныбекти ролун ойногон. Фильм элге тартуулангандан кийин түрдүү талкуу, талаш-тартыштарга жем таштаганы менен Аман Камчыбековдун жүзү калың элге кеңири таанылган.

Аман Камчыбеков "Каныбек" фильминде.
Аман Камчыбеков "Каныбек" фильминде.

Удаа келген ийгиликтер

Ушундан кийин эле аны кинорежиссер Жали Соданбек 1979-жылы “Процесс”, 1982-жылы “Түшүндүрмө издебе” атуу эки тасмасына баш каармандын ролдоруна тарткан.

"Түшүндүрмө издебе" фильми.
"Түшүндүрмө издебе" фильми.
Фильмди тартуу ишиндеги чыгармачыл топ.
Фильмди тартуу ишиндеги чыгармачыл топ.

Жали Соданбек өз кезегинде замандашы Аман Камчыбеков менен тыгыз чыгармачыл байланышта болуп, бир топ зор ийгиликтерге жетишкенин эскерип олтурду:

Жали Соданбек
Жали Соданбек

“1980-жылдын аягында Киевде өткөн СССР боюнча жаш кинематографисттердин кинофестивалына “Процесс” фильмибиз менен катышып, экинчи орунга ээ болдук. Ал эми биринчи орунга “Москва көз жашка ишенбейт” киносу менен Владимир Меньшов татыды. Бул советтер союзу боюнча. Ушундан кийин Аман “Түшүндүрмө издебе” деген фильмимде да башкы каармандын ролун ойноп, Ленинграддагы бүткүл союздук кинофестивалда Жаштардын мыкты темасы үчүн жеңүүчү аталып Ленин комсомолу сыйлыгын алганбыз”.

Эл эсинде калган "Лифти бар үйдөгү тепкичтер"

Камчыбеков тасма талаасына келгенге чейин 1970-жылдардын соңунда Санкт-Петербург шаарындагы Ленинград электротехникалык байланыш институтунда (ЛЭИС) билим алган.

Бирок жогорудагы үч фильмге тартылгандан кийин режиссерлукка кызыгуусу артып, Москвадагы Бүткүл союздук мамлекеттик кинематография институна (ВГИК) тапшырып, режиссерлук багытта билим алууну чечкен. Окуу жайды бүтүп жатканда 1984-жылы дипломдук иши катары "Лифти бар үйдөгү тепкичтер" аттуу фильмди тарткан.

Комедия жанрындагы бул тасманын сценарийин Юсуф Разыков жазып, операторлук милдетти Бекжан Айткулуев аткарган.

Аман Камчыбеков "Лифти бар үйдөгү тепкичтер" фильмин тартуу учурунда актрисалар Сабира Күмүшалиева жана Жумаш Сыдыкбекова менен.
Аман Камчыбеков "Лифти бар үйдөгү тепкичтер" фильмин тартуу учурунда актрисалар Сабира Күмүшалиева жана Жумаш Сыдыкбекова менен.

Кинонун сюжетинде кыскача кайрылсак, айылдан шаардагы уулунун үйүнө келген кемпир менен анын абысынынын окуясы баяндалат. Алардын улуусу көп кабаттуу үйдөгү лифтке түшкөндөн корккондуктан, кыйналышса да тогузунчу кабатка чейин жөө чыгууну чечишет. 9-кабатка жеткиче кызыктуу окуялар коштоп олтурат, түрдүү каармандарга жолугушат. Эки байбиче жогоруга жеткенче чукчуңдап урушуп, таарынышып, кайра жарашат. Кызыктуу диалог менен коштолгон бул фильм далай көрүүчүнүн эсинде калган.

Жаш режиссер Камчыбеков бул эмгегин дипломдук иши катары тартканы менен ошол кезде атагы таш жарып турган артисттер менен иштеген.

Тасмада башкы ролду Сабира Күмүшалиева, Жумаш Сыдыкбекова, Дооронбек Садырбаев аткарып, Айтжан Айдарбеков, Токон Дайырбеков баштаган актерлор да тартылган.

Камчыбековдун бул дебюттук "Лифти бар үйдөгү тепкичтер" фильми кийин эл аралык фестивалдарда бир катар сыйлыктарга татыган. Мисалы, Алматы шаарында өткөн эки фестивалда тең биринчи орунду алып, сценарист Юсуф Разыков башкы байгеге ээ болгон.

"Келечеги көптү үмүттөндүрчү"

Камчыбеков менен иштешип калган актриса, эл артисти Назира Мамбетова аны мындайча эскерди:

Назира Мамбетова.
Назира Мамбетова.

“Аман жакшы актер, жакшы режиссер эле. Анан дипломдук иши катары тарткан "Лифти бар үйдөгү тепкичтер" фильми абдан жакшы тартылган. Ушул эмгеги аркылуу эле ал келечектен көптү үмүттөндүргөн режиссерлордун катарына кошулган. Сценарий тандоодо, актер тандоодо абдан кылдат иштечү. Мындай билимдүү, интеллигент таланттар чынында сейрек. Өмүрү узун болсо далай жакшы фильмдерди тарта турган дарамети бар эле. Адам катары өтө кичипейил, сылык мүнөздүү жакшы жигит эле”.

"Каныбек" фильми.
"Каныбек" фильми.

"Дилетантты" Камчыбеков баштап, Соданбек бүтүргөн

Аман Камчыбеков 1987-жылы “Дилетант” аттуу толук метраждуу фильм тартууга кызуу киришет. Бирок тартуу иштери башталгандан бир аз убакыт өтүп-өтпөй эле автокырсыктан каза болгон. Кесиптештеринин айтымында ал чакан чыгармачыл топ менен Тоң районунда тасмага ылайыктуу жер тандап жүрүп кырсыктаган. Аман менен бир адам кырсык болгон жерден дароо көз жумса, фильмдин директору жана режиссердун ассистенти оор жаракаттан улам кийинчерээк акка моюн сунушкан экен.

Ушул каргашалуу окуядан кийин фильмди кечиктирбей аягына чыгаруу маселеси көтөрүлүп, ошол кездеги мамлекеттик кино мекемесинин төрагасы Шаршеналы Усубалиев бул кинону улантууну Жали Соданбекке тапшырган.

“Ал киши мени чакырып, “Жали, Аман сенин эки фильмиңде тартылган, бир чети сенин досуң, аны жакшы билесиң, эми анын бүтпөй калган бул эмгегин сен бүтүрүшүң керек” деди. Анан мен бул фильмдин мазмунун окубаганымды, актерлор баары тандалып калганын, ишти улантуу мага кыйын болорун айттым. Шаршеналы ага “Биринчиден Амандын арбагын сыйла, экинчиден Москвадан чалып бул ишти бүтургүлө деп жатышат, анан сага токтолдук” деп болбой эле күчкө салып берип койду. Анан айла жок макул дедим”, - дейт Жали Соданбек.

Анын айтымында, иш октябрь айында улантылып, кышында бүткөн. Күн сууктап кеткендиктен сценарийдин айрым жерлери оңдолуп, окуялардын мезгилдери өзгөргөн жана бир топ актерлор алмаштырылган.

Кыйынчылыктарга карабастан Камчыбеков баштап, Соданбек улантып тарткан бул фильм бүткүл союздук экрандарга кабыл алынып, 15 республиканын баарына көрсөтүлгөн.

Жали ага өмүрдөн эрте кеткен кесиптешин сырткы келбети талантына төп келишкен жылдыздуу, харизмалуу адам, тажрыйбалуу актер, режиссер катары сыпаттап, узагыраак жашаганда далай эмгек калтырар эле дейт.

Камчыбеков кийин окууну өзү менен Москвадан бүтүп келген Чынара деген кесиптешине үйлөнүп, бир уул, бир кыздуу болгон. Өмүрлүк жары азыр да кино тармагында эмгектенет.

Ал маркум күйөөсүнүн өмүр жолун кийинчерээк эскерип берерин айтты.

Аман Камчыбеков.
Аман Камчыбеков.

"Чыгармачыл жолдо жакшы келаткан"

Аман Камчыбековдун жакын досторунун бири, актер Чоро Думанаев анын бул тармакка зор даярдык менен келгенин айтып олтурду:

Чоро Думанаев
Чоро Думанаев

“Аман өзү киного тартылгыча, өзү да кино тарткыча белгилүү режиссерлордун ассистенти болуп, реквизит, реквизиттин жардамчысы болуп жүрүп баарын үйрөндү. Болот Шамшиевде дагы реквизит болуп иштеп жүрдү. Кийин Геннадий Базаров өзүнө жардамчы кылып алып жүрүп анан режиссерлукка терең кызыгып кетти окшойт. Окуусун жакшы бүтүп келип, кино тартууга жакшы эле киришкен. Анан кино тартууга ылайыктуу жаратылыш тандап жүрүшүп автокырсыктан мүрт кетип жатпайбы. Актерлук чеберчилиги мыкты эле, режиссер катары актерлорду тандоосу, алар менен иштеше билүүсү да мыкты эле. Айтор чыгармачыл жолдо жакшы келаткан. Шум ажал эрте алып кетпедиби досумду”.

37 жашында өмүрдөн өткөн талантуу актер жана режиссер Аман Камчыбеков 1950-жылы Таш-Көмүр шаарында туулган. Аз жашаса да анын актер катары атамекендик төрт фильмде жаркын элеси, эки фильмде режиссер катары мээнети калды. Кино сүйүүчүлөрү аны дал ушул жаштыгы калган таберик тасмалары аркылуу эстешет.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG