Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:23

Кыргызстан

Молдо Кылычтын "Канаттуулар" деген китеби.
Молдо Кылычтын "Канаттуулар" деген китеби.

Кыргыздын даңазалуу жазгыч акыны Молдо Кылычтын мурасы жана советтик цензуранын бул мураска каршы иш-аракети тууралуу айтылуу илимпоз Омор Сооронов менен эл жазуучусу Мелис Абакиров “Азаттыктын” студиясында ой бөлүшөт.

Идеологияга коошпогон адабий мурас

1911-жылы Казандан кыргызча китеби жарык көргөн жазгыч акын Молдо Кылычтын адабий мурасы жарым кылымга жакын басылып, идеологиялык ур-токмокко алынып келди.

Кыргызстан эгемендикке жетишкенден бери деле улуу акын адабият тарыхынан өзүнө тиешелүү ордун ала элек. Ушу тапта кыргыз илимпоздорунун алдында улуу акындын адабий мурасын элге жеткирип, аны улуттук-маданий баалуулуктардын катары кошуу милдети турат.

“Азаттык: Молдо Кылыч Шамыкан уулунун - Шамыркановдун көзү өткөндөн кийин, чыгармаларынын көпчүлүгү чыккандан кийин жарым кылымга жакын коммунисттик бийликтин куугун-сүргүнүндө болду. Эмне үчүн көзү өтүп кеткен акын ушундай басым-кысымга туш келип калды? Адабий мурасынын көбү жарыяланып, элге таанылып калган акынды, XIX кылымда жашаган акынды ХХ кылымда басым-кысымга алып идеологиялык душман катары көрүп келишти. Омор ага сөздү сиз баштасаңыз.

Сооронов: Туура, кыргыздагы биринчи китеп чыгарып, биринчи китеби чыккан Молдо Кылычты кийинки кездерге чейин ошентип жектеп келишти. Анын чыгармаларына ачык кайрылуу мүмкүнчүлүгү жакында эле пайда болду. Себеби Октябрь революциясынан кийин тап күрөшү башталды, ошондон тарта Молдо Кылычты манаптын тукуму катары куугунтуктап калышты.

Молдо Кылычтын өзү жок, бирок анын чыгармаларын бүт баары окуп, биринен бири көчүрүп окуп жүргөн, элге белгилүү, андан кийин тап күрөшүнүн негизинде кыргыздар өздөрү, Молдо Кылычтын тукумуна каршылар, анан көрө албагандар манаптын тукуму деп артынан түшө беришкен. Алгачкысы ушул.

Кийин 1950-жылдары, ага чейин да бир топ кысым болгон. Мен ошол 50-жылдардан кийинкисине токтолоюн. 1956-жылы “Литературная газетага” Никитич, Токомбаев, Юдахиндин “Молдо Кылычтын мурастарын элге жеткирүү керек” деген макаласы жарыяланган. Макаладан кийин Молдо Кылычтын чыгармаларын жарыялоо маселеси колго алынып, Илимдер академиясынын Коомдук бөлүмүндө 10-11-14-сентябрда, мына ушул күз мезгилинде, талкуу болгон.

Ошондо Москва, Ленинград, башка жактан келген окумуштуулар, биздикилер болуп отузга жакын киши сүйлөп, академик Болот Юнусалиев доклад жасаган, ал 31 беттен турат. Жыйында эки жаат болушуп, Молдо Кылычка конференцияга чейин күнөөнү коюп Жээнбай Самаганов, Балтин дегендер бир нече каршы макалалар жазышкан.

Мисалы, Балтин менен Самагановдун “Киргизское литературоведение на неправильном пути”, Балтиндин “Космополитизмге, улуттук чектелүүчүлүккө, формализмге жана эстетствого каршы!” деген макаласын “Мугалимдер газетасына жарыялашкан. Анан Батманов “Принципы орфографии киргизского языка” деген макаласында Молдо Кылычты козгогон. Ошол кезде, 1940-жылдары Саманчин, кыргыз адабияты боюнча биринчи, анан Жапар Шүкүров кандидаттык диссертация жактаган. Жогоруда аталган макалалар ушул экөөнүн диссертацияларына каршы жазылган болчу.

Булар Молдо Кылычтын чыгармалары тескери, космополитизм деп, пантюркисттик, панисламисттик, дагы толгон "-измдерге" толгон деп айыпташкан.

1956-жылкы Коомдук илимдер бөлүмүндөгү конференцияда да 1952-жылкы “Манастын” конференциясындагыдай кылып, Молдо Кылычтын чыгармаларынын туура эмес жерлерин алып таштап, анан чыгаралы дегендей ниетке келип калышат.

Бирок буга караманча каршы чыккандар Түгөлбай Сыдыкбеков менен Калпаков, Жээнбай Самаганов гана болушат. А кездеги атагы чыгып турган Түгөлбай Сыдыкбеков бул маселе боюнча эки жолу чыгып каршы сүйлөйт. Ошондогу Сыдыкбековдун айтканы:

“Акын жазган чыгармаларды, анда басымдуу болгон терс, жат идеялардан арылтып, андагы бир аз гана таламга жооп берген учурларды калтырып жарыялоону илим туура көрөбү?” - деп суроо коёт. “Эгерде туура көрсө, Молдо Кылычтын “Зилзаласын” да, “Зар заманын” да билгениңердей редакциялап бастыра бергиле”, - дейт. “Жок, муну илим макул таппаса, анда бул чыгармалардын автору азырынча биздин таламга жооп бере албайт. Анда диний-мистикалык, реакциячыл көз караштар басымдуу”, - деп айтат.

Жыйын бери жакка ооп баратканда, ушул эле оюн экинчи ирет сөзгө чыгып кайталайт. Ошентип токтотуп койгон.

"Коммунисттик тарбия берчү мааниси жок тура"

“Азаттык”: Мелис ага, Молдо Кылычтын чыгармачылыгына чабуул Исхак Раззаковдун тушунда башталган экен. Ал кишинин тиешесин айтпай эле коёлу, бирок да Турдакун Усубалиевдин тушунда деле акталган жок да. Мунун себеби эмнеде?

Абакиров: Коммунисттик идеология таптык позициядан - адабиятка, тарыхка, бүт мурастарга мамиле да ошондон чыгат. Коммунисттик идеологиянын талабы кала берген, бай-манаптык, реакциячыл, диний-мистикалык дегендин баары коммунисттик идеологияга туура келген эмес. Омор айткандай, биздин интеллигенция бири бири менен таарынышып калса, пикир келишпестик чыкса, талаш маселе чыкканда буларды курал катары пайдаланышкан. Булар ошолордун курмандыгына чалынган. Мына ошол Молдо Кылычты көтөргөн киши, аны бастырган, жыйнаткан киши ушул деп келишкен.

Атүгүл кийин эле, коммунисттик идеологиядан аз-аздан кутула баштаган Горбачёвдун “кайра куруу” заманы келгенде деле биздин Жазуучулар союзунда Касым Тыныстанов менен Молдо Кылычты кайра калыбына келтирүү жөнүндө маселе көтөрүлгөн.

Ошол жыйынга БКнын катчысы Масалиев, идеология боюнча катчы Шеримкуловдор келип катышкан.

Масалиев: “Бул кишини эмне эле жазуучулар кайра-кайра чыгарыш керек деп жатасыңар? Мен аны даярдатып, өзүм кайра окуп чыктым. Молдо Кылычты да, Касым Тыныстановду да. Буларда ... - деп баратып токтоп калды да, - коммунисттик тарбия берчү мааниси деле жок тура. Анан силер эмнени айтып атасыңар”, - деди.

Бул республиканын биринчи жетекчисинин кече күнкү - 1980-жылдардагы сөзү. “Кайра куруунун” заманы, эски идеологиянын чынжырынан кутулабыз деп тургандагы сөз. Жетекчинин сөзү. Бул кала берет.

Мен таң кала берем. Эгемендикке жетиштик, улуттук баалуулуктарды калыбына келтиребиз деген менен, ага эркибиз жетпей жатат. Мисалы, Молдо Кылычты. Бул биринчи жазгыч акын, агартуучу. Даанышман философ.

Эгер башка элде 1911-жылы китеби чыккан эл арасында белгилүү акыны болсо, алар эчак эле даңазалап ийишмек. Бул кишинин насааттары, агартуучулугу Абай Кунанбаевден кем калбайт. Казак эли үчүн Абай Кунанбаев, Ыбырай Алтынсариндер кандай эмгек сиңирсе, Молдо Кылычтыкы деле кыргыз үчүн ошондой эле мааниге ээ. Ошону калыбына келтире албай атканыбыз - биздин коммунисттик идеологиянын чынжырынан бошоно албастыгыбыздын кесепети. Ал биздин мээбизге ушунчалык орноп калган экен, дагы эмне болуп кетет экен, динди жактаган турбайбы, бай-манаптын тукуму турбайбы, намаз окуган киши турбайбы, Төрөгелди тукумундагыларды эле даңазалаш керекпи деген идея дагы эле бар.

Бул кала берет. Биз “Буудайыкты” чоң ата, чоң энелерибиз айтып бергендиктен жатка билчүбүз. Ал азыр деле кулагымда турат.

“Элкин, элкин, элкин тоо.

Элкин тоонун ар жагы –

Телегейи тегиз тоо.

Тегиз тоонун бер жагы,

Алакандай көк жайык,

Орун салып жайылган

Куш төрөсү Буудайык”, - деген саптар азырга чейин эсимде.

Молдо Кылычты Тоголок Молдо менен Ысак Шайбеков кандай баалаганын дагы айтам. Молдо Кылычтын чыгармалары - накта адабий тилдин үлгүсү. Омокең жакшы билет, ошол эле Молдо Нияз, Молдо Багыш, башка жазгыч акындарда кыргыз диалектисинин өзгөчөлүгү бар. Молдо Кылычтын тили адабий тилдин негиздөөчүсү катары кабыл алынган. Тоголок Молдо Молдо Кылычтан алты жаш улуу, бирок аны аябай сыйлаган, чыгармаларын көчүрүп алып жайылткан.

Молдо Кылычтын чыгармаларын жайылткандардын катарында Ысак Шайбеков, Белек Солтоноев да болгон. Ысак Шайбеков жазган ырында:

“Молдо Ысак жазуучу,

Напси шайтан азгырчу.

Кылыч акын дарыя,

Жанынан кудук казуучу”, - дейт.

Тоголок Молдо менен Молдо Кылычтын байланышы катуу болгон, Шамшынын белин ашып Токмокко келгенде Молдо Кылыч ага такай жолугуп турган. Тоголок Молдо Кара-Дөбө деген айылда фельдшер болгон. Молдо Кылычтын чыгармаларын жазып алып жайылтып жүргөн. Ошондон ал:

“Молдо Кылыч даанышман,

Козгоп айткан алыстан.

Акындарды сайратса,

Жалгыз чыгат жарыштан.

Акылынын молунан,

Акындыктын зорунан.

Адабият, тарыхтан,

Айтып кеткен жолунан”, - деп жазган.

Укмуштай баалаган. Ушуну пайдаланбай жүрөбүз, Омоке. Бул Тоголок Молдонун калтырган баасы.

Молдо Кылычка каршы турган академиктер

“Азаттык”: Омор ага, идеологиялк басым-кысымга алынган акындардын бир тобун сиз таап чыктыңыз. Улуу акындар Арстанбек, Молдо Кылыч, Молдо Нияз, булардын ичинен Арстанбек, Молдо Кылыч, Жеңижок өзгөчө турган акындар.

Сооронов: 1950-жылдардан кийин Молдо Кылычтын чыгармаларын жарыялоо, изилдөөнүн токтолуп калышына чоң ролду Түгөлбай Сыдыкбеков, ага кошумча казактын улуу окумуштуу, жазуучусу Мухтар Ауэзов ойногон.

Зияш Бектеновдун айтуусунда, ошол конференция убагында ал киши Т. Сыдыкбековдун үйүндө болуп жүрүптүр. Конференцияда сүйлөгөн Сыдыкбеков менен Ауэзовдун сөзү бирдей. Сыдыкбековдун айтканын Ауэзов да айтат.

Ошону менен бирге эң мыкты жасалган академик Юнусалиевдин докладын Ауэзов бир эле сөз менен минтип”: “Это антинародное определение”, - деп койгон.

Анан минтип айтып атат:

“Однако эти облечения пути реабилитации Молдо Кылыча на самом “Зар-Замане”, которое делается отдельными товарищами, они несостоятельны. Это несерьезно, ненаучно. Я считаю, что это произведение мистическое, антихудожественное, конечно, абсолютно нереалистическое произведение”, - дейт.

Бул эми чыгарбаш керек эле сөз да. Анан ошондой чоң окумуштуу башка республикадан келип айтып атса, ошону угуп турган чоңдор, жүз Раззаков болсо да колдой албайт, актай албайт эле.

Жогоруда аталган молдолордун ичинен Молдо Ниязды ал кезде эч ким билген эмес. Кол жазмалары молдолордун колунда болгон. Билген эмес. Жеңижок деле ошондой, жыйналган эмес. Молдо Кылычтыкы болсо бүт кыргызга тараган, ар бир чоңдун колунда болгон. Фондуда көчүрүлгөн кол жазмалары гана эмес, алардын орусча котормолору да бар. Андан да эң башкысы, Молдо Кылычты кармаш үчүн барып туруп эле манаптын баласы, манаптын тукуму дейт. Бирөө чыга калып ушуну айтса эле баары чалкасынан кетет да.

“Азаттык”: Калыгул менен Арстанбекти эмнеге ал “компанияга” кошуп атат?

Сооронов: Алардын баары замана, доор жөнүндө ырдап атышпайбы. “Акыр заман”, “Зар заман”, “Тар заман” болуп атпайбы. Анын үчөөн бириктирип алып сого беришкен.

“Азаттык”: Мелис ага, эгемендик келгени Молдо Кылычтын чыгармачылыгы кенен изилденип, кеңири пропагандаланышы керек эле. Мамлекеттик сыйургаалга ээ болуш керек эле. Негедир, андай болбоду. Эмне үчүн ушундай болуп калды?

Абакиров: Айтып атпаймбы, идеологиядан азыр да кутула элекпиз. Коммунисттик идеологиядын кутулдук деп атасыңбы? Кутулбайсың! Ал үчүн биздин муунубуз бүт "өлүшү” керек. Коммунисттик идеологияга сугарылган муун жок болмоюн кыйын.

Мына Омокең илимине кетип калган 1990-жылдары Молдо Кылычты чыгаралы деп калдык. Баш сөзүн Кеңешбек Асаналиев жазып, илимий түшүндүрмөсүн Омокең жасады. Илимий аппараты менен сонун китеп чыгардык.

Мындай китептер көп чыга бербейт. Молдо Кылычтын “Казалдарын” 28 миң нуска менен чыгарттык. Поэзия китептерин 4 миңден ашырганга ал кезде уруксат да берилчү эмес. Мен башымды сайып ошол ишке бардым. Элге жетсин деп ошенттик. Андай нуска менен бир да ыр китеп чыккан эмес.

“Азаттык”: Омор ага, Молдо Кылычтын, Молдо Нияздын, Молдо Багыштын, Жеңижоктун китептери чыгып атат. Бирок мунун бир проблемасы жана Мелис ага айтып аткан маселеге такалып атпайбы. 28 миң нуска азыр жомоктогудай эле кыял болуп калбадыбы. Чыккан китептердин нускасы аз, элге жетпей калууда. Сиз иштеген институтта убагында бааланбай келген классиктерди элге жеткирүүнүн жолдорун издөө, аны жандантуу иштери жасалып жатабы?

Сооронов: Жанагы сөзүмдү аягына чыгарып коёюнчу. 1960-жылдардын ортосунда идеология боюнча катчы Бейшен Мураталиев деген кишинин демилгеси менен Молдо Кылычка карата көз караштар боюнча дагы бир илимий жыйын өткөн. Ага мен да катышкам. Ошондо Молдо Кылычка каршы болгондордун көпчүлүгү мурдагы көз караштарынан кайткан. Баары жазып беришкен. Алар фондуда турат.

Түгөлбай Сыдыкбеков каршы жазып берген. “Мое мнение” дегенинде минтип айтат:

Өз каршылыктарынан өч алуу учүн ар кандай келишүүчүлүккө, көктүккө, жаакташууга барышат. Ошонун кесепетинен бул маселе туура баасын албай жана чечилбей келе жатат”, - деп жазып бериптир.

Өзү кылган ишине ушундай өзү жазып бериптир. Аалыке экөөнүн тиреши, Токомбаев “Бетме-бет кеңешели” деп жазса, бул “А. Токомбаевге ачык кат” деп жазган. Экөөнүн өмүр бою тирешүүсү Молдо Кылычка зыянын тийгизип келген.

Анан сен азыркыны сурап атпайсыңбы. Ушундай теманы изилдегенди мен институттан же башка жерден көрө элекмин. Бул жерде тосуп аткан же коммунисттик идеология “кармап” турган эч ким жок. Ошону изилдей турган, бел байлап кирген эч ким жок. Жөнөкөй кишилер изилдесе, алына жараша китеп чыгарышка шарты жок. Молдолорду айтып атпайсыңбы. Кол жазмасын араб тамгасынан көчүрүп койдук. Айлык, сыйлык албаса да, оозеки гана мактап жүрө бербестен, терең изилдеп чыгыш керек да. Антмейинче элге кантип жетет.

Абакиров: Мен бир-эки сөз кошо кетейинчи. Молдо Кылычтын сүрөтү жок. Беш маал намаз окугандыктан, сүрөткө түшкөн эмес.

Белек Солтоноев Ат-Башыдан келатып жанында бир жума болуп, 13 китебин жазып алган экен. Ал кишинин Солтоноев сөз менен тарткан сүрөттөмөсү бар.

Ал мындай деп жазат:

“Бети кызылдуу, сепкили жок, жүзү абдан толук, тегерек чоң кара көздүү, орто бойлуу, семизче, чоңураак кара мурут, ээгинде кичине чокчо кара сакалы болуп, жаактарына сакал чыкпаган, кийимди өтө таза кийинип, денин таза тутуп, диндар болгон. Сууну жээктеп курт-кумурска, чөп-чарларга байкоо салып жүргөн, жазганда чорпо байлап (арабча жазганда) ойкуштатып, сулуулатып жазат".

"Чорпо байлап" дегени - азоо аттардын оозуна тегеректетип койгон ооздук. Молдо Кылыч бир дагы чийип салбай, таза жазган. Төкмө акын болгон. Ырды комуз менен, домбура менен аткарган. Комузду чоң атасы Төрөгелди да черткен. Абасы Кудайберген Үркүнчү уулу кыргыздагы залкар комузчулардын бири болгон. Саяпкер болгон. Кудайберген комуз да, домбура да черткен. Кудайберген орустардан гармон алдырып аны да ойночу экен.

Осмонаалы Сыдык уулунун санжырасында бар. 14 кылдуу комузду ойлоп тапкан, аргендей үнү бар деген жери бар. Кийин Молдо Кылыч жазганга тоскоол болот экен деп комуз менен домбураны таштап жалаң жазганга өтүп алган экен. Төгүп ийген өнөрү болгон.

“Азаттык”: Мелис ага, ушуга улай бир суроо. Молдо Кылыч Шамыркановдун мааракеси белгиленгени турат. Мына ошого карата кандай иш-чаралар жасалат. Бул кишинин чыгармаларын элге жеткирүү, пропагандалоо, изилдөө боюнча.

Абакиров: Молдо Кылычтын атындагы мектеп, китепкана, көчө таптакыр жок. Коюлган эмес. Акындын туугандарына айткан өзүнүн сөзү бар. “Мага күмбөзүңөрдүн кереги жок. Менин китептерим - өлбөй турган күмбөзүм” деген экен.

Былтыр 150 жылдыгын белгилебей калдык. Көчмөндөрдүн оюну, Үркүндүн жүз жылдыгы болуп, бул кишиге орун тийбей калды. Быйыл дүйнөдөн кайткандыгынын 100 жылдыдыгына карата иш-чараларды өткөрөлү деп турабыз. Буга бир-эки кишинин демилгеси аздык кылат, буга мамлекеттик, өкмөттүк деңгээлдеги бир чара болуш керек. Аракет кылып атабыз, өтүш керек. Молдо Кылычтын жыйнагын Омоке түзгөн жыйнакты, мурда-кийин изилдеген окумуштуулардын баарынын жазгандарын чогултуп 49 басма табак кылып жыйнап, казалдарын да, башкасын да окуп даярдап койдук. Уруксат эле болсо Улуттук тил комиссиясы тарабынан чыгарылат, тендер жарыяланат.

Туулгандыгынын 150, каза болгондугунун 100 жылдыгы деп республикалык масштабда бир иш-чара, илимий конференция өткөрсө өткөрүп, ал болбосо китепканаларда китеп көргөзмөлөрүн уюштуруп, иш-чара өткөрүп койсокпу деген ниет турат. Чыгармаларын чыгаралы деп атабыз.

Анан Тоголок Молдо, Арстанбек, Осмонкулдай эле эстелигин орнотконго жер жагынан жардам берсин деп атабыз. Эстеликтин каражатын туугандары өзүбүз эле топтойлу деп жатабыз. Эгер Тоголок Молдо аянтынан жер берсе, эстеликке конкурс жарыяласа, эми булар быйыл бүтпөйт.

Сооронов: Ушуга кошумча. Канчалык чоң денгээлде жасаганда да, бул киришүү гана бөлүгү болуш керек. Молдо Кылычка атайын, бу Токтогул башкалардын 100 жылдыгын, 150 жылдыгын кандай өткөрүп атабыз, ошолордой кылып мамлекеттик деңгээлде чоң кылып, өзүнчө иштер жасалышы керек. Булар эми келечекте жасалышы керек.

“Азаттык”: Сиздерге чоң ырахмат, ишиңиздерди ийгилик коштосун!

Молдо Кылычтын 150 жылдыгына арналган илимий кереге кеңештин көрнөгү. 25.11.2016.
Молдо Кылычтын 150 жылдыгына арналган илимий кереге кеңештин көрнөгү. 25.11.2016.

P.S. "Азаттыктын" тактоо иретиндеги кыска маалыматы.

2016-жылдын январында Алыкул Осмонов атындагы КР Улуттук китепканасынын Сейрек кездешүүчү жана өзгөчө баалуу басылмалар бөлүмүндө залкар ойчул Молдо Кылычтын 150 жылдыгына арналган китеп көргөзмөсү уюштурулган.

2016-жылы 25-ноябрда Бишкек шаарындагы И.Арабаев атындагы КМУда даңазалуу жазгыч акын жана ойчул Молдо Кылыч Шамыркан уулунун (1866-1917) 150 жылдыгына арналып, атайын илимий жыйын (кереге кеңеш) өткөрүлгөндүгүн белгилей кетүү абзел.

Бул жыйын Кыргызстандын Президентине караштуу Тарых илимин өнүктүрүү боюнча комиссиянын чечимине ылайык, "Мурас" фонду, Кыргыз мамлекеттик университети, "Кыргыз Тарых Коому" бирикмеси, КР Улуттук илимдер академиясы, ж.б. шериктер тарабынан биргелешип уюштурулган.

Коллаж.
Коллаж.

Баткен облусунун уюшулганына 25 жыл толду. 1999-жылы Зардалы айылы аркылуу "Өзбекстан Ислам кыймылынын" (Кыргызстанда экстремисттик деп табылып, тыюу салынган) жоочулары мамлекеттик чек араны бастырып кирип, 50дөн ашык аскер октон ажал тапкан окуядан кийин облусту түзүү чечими кабыл алынган.

Аймактын чейрек кылымдык тарыхы, андагы урунттуу окуялар, жергиликтүү элдин жашоо-турмушу тууралуу баяндайбыз.

Жаңжалдын артынан түзүлгөн облус

25 жылда Баткенде эмне өзгөрдү деген суроомду анчейин жактыра бербеген маектешим: “Жөнөкөй эле пенсияга чыгыш үчүн Ошко архивге барчубуз да”, - деди.

Жоро Саттаров.
Жоро Саттаров.

Баткендин тургуну 69 жаштагы Жоро Абдысатаров райондук гезитте сүрөтчү болуп иштеген. Ошондуктан аймактын чейрек кылым тарыхындагы урунттуу окуялар анын фотоаппаратынын объективи аркылуу өткөн.

“Керектөөлөрүбуздү алыш үчүн Өзбекстандын Риштанына, Коконго же Тажикстандын Исфара шаарына, 5-6 саат жол жүрүп Ошко барыш керек эле. Айталы, мааракеге нан алыш үчүн бир ай мурда нан бышырган жерге кезекке турат элек”.

"Муну азыр айтып берсең, жаш муун жомок сыяктуу кабыл алат", - дейт ал. Борбордон алыс жайгашкан өлөнүн эң четки аймагындагы соңку жылдардагы өзгөрүүлөр сырттан караган кишиге көп байкала бербейт. Бирок чөлкөмдүн кечээгисин жакшы билген Жоро Абдысатаров сыяктуу кишилердин эс тутумунда ар бир өзгөрүүнүн изи калган сыяктуу.

“Ошко барыш үчүн коңшу өлкөлөрдү аралап өткөн жолдорду пайдалант элек. Чек арадан өтүү аябай мүшкүл эле. Элдин арыз-муңу эске алынса керек, өзүбүздүн аймак аркылуу айланма жолдор салынды”.

Жергиликтүү тургундар Баткен өз алдынча облус болуп түптөлгөндөн кийин өкмөттүк деңгээлде көңүл бурула баштады дешет. Баткен облусун түзүү чечими (1999-жылдын 13-октябрында) жөн жерден кабыл алынган эмес. Баткендин административдик макамын өзгөртүүгө ошол жылы аймакта болгон коогалаң таасир этип, бийлик бул процессти тездетүүгө аргасыз болгон.

380 миңден ашыгыраак калк жашаган, курамына Кызыл-Кыя, Сүлүктү шаары, Кадамжай, Баткен Лейлек райондору кирген.

Абдырахман Маматалиев
Абдырахман Маматалиев

Баткендин ошол кездеги акими Абдырахман Маматалиев ошондогу абалды мындай мүнөздөдү.

“Мен барганда Баткен району, жалпы эле ошол аймакта абал оор экен. Өзбекстан менен Тажикстанды арлап өткөн жолдорго көзөмөл орнотуп, чек араларды жаап койгондон кийин алардын аймактарын айланып өткөн жолдор курулуп бүтө элек. Инфраструктра начар, элдин жашоосу оор болчу.

Баткен коогасы

1999-2000-жылдардын жай айларында “Өзбекстандын ислам кыймылы” террордук уюмунун 200-1000 согушкери эки ирет Кыргызстандын чек арасын Телбе (Баткен), Бокбашы (Чоң-Алай) ашуулары аркылуу бузуп кирген. “Баткен согушу”, “Баткен окуясы”, “Баткен коогалаңы” деген ат менен тарыхта калган бул окуяда согушкерлер Зардалы айылында мектеп менен мечитте 45 күн бою өзүнүн кара байрагын илип турушкан. Алар менен сүйлөшүүгө барган Кыргызстандын расмий өкүлдөрү, аскер кызматкерлери барымтага алынган.

Аларга каршы аскердик операцияга 1500-2000 кыргызстандык аскер тартылган. 54 адам курман болуп, 130дан ашыгы жараат алган. Качкындардын саны 4-8 миңге жеткен.

Анан ошол жылы Орусия аскерлери чек араларды кароону токтотуп, өзүнөр карап алгыла деп чыгып кеткен. Анан куралчандар бастырып кирип, эл кыйналып, маселе жаралганда облус түзүү чечими кабыл алынды. Биз да өз сунуштарыбызды бердик. Облус түзүүдө кайсыл жер борбор болсун деген маселе бир топ талкуу болду. Анан географиялык жайгашуусу, башка маселелер эске алынып, Баткен району облус борбору болуп калды”.

Маматалиев ошол учурда өлкөнүн экономикалык акыбалы да жакшы болбой, анын эпкини аймактарга, айрыкча Баткенге сезилип турганын белгиледи.

Облус түзүлгөндөн кийин туңгуч губернатор болуп Мамат Айбалаев дайындалып, төрт жылга жакын иштеген. Өзбекстан жана Тажикстан менен чектешкен, мамлекеттик чек ара тактала элек аймактар бар облусту негиздегенден кийин уюштуруу иштеринде иш ырааттуу кетпегени айтылып жүрөт. Айбалаев ошол маалда жергиликтүү бийликтин сунушу колдоо таппай, социалдык-экономикалык көйгөйлөр барган сайын тереңдеп кеткенин айтууда.

Мамат Айбалаев.
Мамат Айбалаев.

“Облусту түзүү эң жакшы таасир бере турган чечим болду. Бирок, облустун түптөлүүсүнө жетиштүү көңүл бурулбастан кала берди. Облустук мекемелер баары барып, мурдагы райондук имараттарга жайгашып калды. Жаңы имарттар курулган жок, өкмөттөн каржылык колдоо жакшы болбой калып кетти. Бир топ пландарыбыз бар эле ишке ашпай калды. Аймактын экономикасы начар эле. Биздин сунуштарды өкмөт укпай, каржыны жетиштүү бөлө албады. Ошол теоретиктер башкаруусунда өндүрүштү, ири ишканаларды талкалабаганда Айдаркендеги, Кадамжайдагы ири ишканалар иштеп турса, абал бир топ башкача болмок. Канчалаган азаматтарыбыз, адистерибиз жумушсуз калып, башка жактарга кетишти да”.

Баткен облусун түзүүдө өлкө казынасынан бир топ колдоолор убадаланып, атайын иш пландар бекитилген. Жыл сайын облусту түптөп, бутуна тургузуу, жаңы шарттарды жаратуу, экономикалык абалын чыңдоо үчүн 100 млн сомдон кошумча каралмай болуп, бирок ал каржы толук бөлүнбөй калган.

Баткен райондук акимчилигинин имаратынын алды. 1999-жыл.
Баткен райондук акимчилигинин имаратынын алды. 1999-жыл.

Облус түзүлгөндөн кийинки алгачкы уюштуруу иштеринин башында облустук администрациянын аппарат жетекчиси Максатбек Дыйканов турган.

Максатбек Дыйканов
Максатбек Дыйканов

“Облус түзүлгөнгө чейин элдин социалдык-экономикалык абалы начар болчу. Башка аймактарга салыштырмалуу ички дүң продукция жан башына салыштырганда дээрлик эки эседей төмөн эле. Согуштан кийинки талкаланган аймактай болуп куну учуп калган эле. Калк массалык түрдө миграцияга чыгып кетип жаткан болчу. Облус уюшулганда жыл сайын 100 миллион сомдон каражат бөлүнсүн деген чечим чыккан болчу. Биринчи жылы 60 млн сомдой, кийинки жылы 36 млн сомдой гана каражат бөлүнүп, ошол бойдон калып калды. Инфраструктура такыр эле жок болчу десем да болот. Тилекке каршы өкмөттөн каржылык колдоо жоктугунан бир топ жакшы жумуштар жасалган эмес”.

Кандай болгон күндө да Баткендин облус макам алышы менен аймакка көңүл буруу көбөйгөн. Ошол учурдагы президент Аскар Акаев: "Мага Кыргызстандын ар жери кымбат, бирок Баткен мага жакын" деген сыяктуу ураандарды таштап, аны саясий максатта колдонууга аракет кылган.

Бирок Баткен коогалаңы бүтүп, облус макамын алгандан кийин деле аймактагы коопсуздук, чек арадагы туруктуулук маселеси актуалдуу болуп турган. Айбалаев ошол маалда Бишкектен аскердик техниканы Баткенге жөнөтүп, коркунучтардын кайталанышына жол бербөө сунушун бергенин айтат.

Баткен облусу

Баткен – Кыргызстандын Фергана өрөөнүнө кирген үч облусунун бири. Облус түштүк-батышынан жана түндүгүнөн Тажикстан жана түндүк-чыгышынан Өзбекстан менен чектешет. Жалпы аянты 17 миң чарчы чакырымды түзүп, Кыргызстандын жалпы аймагынын 8,5% ээлейт.

Баткен облусунун курамына 3 район, 6 шаар (облустук маанидеги үч шаар – Баткен, Кызыл-Кыя, Сүлүктү жана райондук маанидеги үч шаар – Раззаков, Айдаркен, Кадамжай), шаар тибиндеги бир кыштак жана 31 айылдык аймак кирет.

2024-жылдын башындагы статистикага ылайык, Баткен облусунун тургундары 583 миң 400 адамга жеткен. Өлкөдө миграциялык агым боюнча Баткен алдыда турат.

“Балыкчыдагы аскердик танктардын 150сүн Баткенге алып баралы деп сунуш бергем. Ал сунушумду да укпай коюшту. Сатып жиберишти. Эгер ошол танктар, учактар сатылбай Баткенге барганда кийинки куралдуу кагылышуулар болбой калат эле. Жалаң лабораторияда отуруп, илимий иш менен алектенгендер менен өндүрүшчү катары менин пикирим дал келбей жатты”.

Чечилбеген чек ара

Баткен эки өлкө менен чектешип, айрым тилкелер тактала элек болгону үчүн аймакта коопсуздук маселеси курч эле. Кыргызстан менен Тажикстан 2002-жылдары чек араны аныктоо боюнча жумуштарын баштаганы менен 10-15 жыл бою жарытарлык иштер жүргөн эмес. Убакыттын өтүшү менен шарттуу чек аранын айланасында талаштуу участоктор, стратегиялык аймактар үчүн таасир талаш күчөйө берген. Көйгөй тереңдеп отуруп, 2014-жылдан баштап чек арадагы тирешүүлөр курал колдонуу менен коштоло баштаган. Жыл сайын чек арадагы майда-барат тирешүүлөрдүн 50дөн ашык учуру катталып турду.

Чек ара чыккан сайын облустагы эл турмушунан тарта коопсуздукка чейин маселе көтөрүлүп, бийлик ар кыл убадалары берип келди.

Айрыкча, 2021-2022-жылдары катары менен чек арада куралдуу кагылышуу болуп, эки тараптан эки жүздөй киши каза болду. Бул окуялардан кийин Кыргызстан менен Тажикстан чек араны тактоо иштери активдешип, акыркы учурда расмий маалымат боюнча 970 чакырымдан ашыгыраак чек аранын 50-55 чакырымдай тактала элек чек ара тилкеси калганы айтылган.

Баткенде чек ара окуяларында каза болгондорду эскерүү иш-чарасы. 30-апрель, 2024-жыл.
Баткенде чек ара окуяларында каза болгондорду эскерүү иш-чарасы. 30-апрель, 2024-жыл.

Чек ара кызматынын мурдагы төрагасы Токон Мамытов кыргыз-тажик чек арасынын чечилбей келгенине бир катар себептерди санады. “Эки мамлекеттин ортосундагы саясий келишпестиктер болуп жатты. Өлкөлөрдүн тышкы саясаты да дал келбей, карама-каршылыктар да орун алган. Ошол маалда эки мамлекет тең чек ара маселесин чечүү үчүн чечкиндүү кадамдарга бара алган жок. “Мен жооп берем, комиссия иштеп чыгып, сунуш бергиле” деген чечкиндүүлүк болбой, баарын өкмөттүк комиссияга түртүп коюп жүрүштү. Комиссиянын ыйгарым укуктары болгону менен айрым маселелерде укугу жок болчу. Кошуна мамлекеттердин комиссиясы менен сүйлөшүп, протоколго кол коюлгандан кийин аларды тергөөгө алган учурлар да болду. Ушундан улам комиссияда кылчактаган позициядан улам эки жактын тең иши жылбай калган убактар да бар. Дагы бир себеби – аткезчилик. Ошол маалда коңшу өлкөлөргө жүк, күйүүчү майды мыйзамсыз өткөрүп, Ооганстанга чейин ташып жүрүшпөдүбү. Алар да чек аранын такталбай турушуна кызыкдар болчу”.

Мамытов кыргыз-тажик чек арасындагы акыркы тилкелер боюнча да мунаса табылып калганын, жакында толугу менен чечилерин кошумчалады.

Кыргыз өкмөтү Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара боюнча жумушчу топторунун жолугушуулары достук маанайда жүрүп жатканын маалымдап келет.

Миграциянын агымы

Облус тургуну Мансурбек ушул күндөрү 25ке чыкты. Орто мектепти аяктагандан кийин дароо эле Орусияга жумуш издеп кеткен. Айылга анда-санда келгени болбосо, соңку сегиз жылдык өмүрү ошол жакта өтүп жатат. Анын мекенде, туулган жеринде жашап, иштеп, үй-бүлө күтүп очор-бачар болсом деген кыялы болгону менен Баткендеги жашоо-шарт ага төп келбейт.

“Мен туулган жылы Баткен облусу түзүлгөн экен. Андан бери 25 жыл өттү. Баткенде калуу үчүн кандайдыр бир нерсе менен алектенип, өзүнө тарта турган бир нерсе болушу керек да. Жаштарды кармап кала тургандай өзүнө тарткан жумуш же кызыктыра турган бир нерсе болуш керек. Баткенде 300-500 адамды иш менен камсыздаган завод-фабрика болбосо... Баарыбыз эле ишкерлик менен алектене албайбыз. Бизнес үчүн капитал да жок. Бир жаңы нерсе ачайын десең, аны сатып ала турган эл да бай эмес. Баарыбыздын экономикалык абалыбыз бирдей эле. Эми акыркы жылдары чек ара деп анча-мынча көңүл бурулуп баштады. Жашоо жакшырып, кызыктырган бир өзгөрүүлөр болсо, барабыз да”, - деди Орусияда мигрант болуп жүргөн Мансурбек.

Баткен облусундагы базарлардын бири. 1999-жыл.
Баткен облусундагы базарлардын бири. 1999-жыл.

Баткен облусунда Мансурбек менен тагдырлаш болуп, миграцияда жүргөн тургундардын саны арбын. Улуттук статистика комитетинин 2022-жылдагы маалыматына караганда, каттоосу Баткенде болуп, өзү ички жана тышкы миграцияда жүргөн жумушка жарамдуу катмар жалпы жашоочулардын 42,1% түзөт. Аймак боюнча алганда Баткен миграциялык агымы эң жогору облус болуп эсептелет.

Баткен облустук бийлик аймактан 26 миңден ашык адам чет өлкөлөргө жумуштап кеткенин билдирсе, миграция багытында иш алып барган эл аралык уюмдар облус калкынын 23% же башкача айтканда 130 миңдей адам миграцияда экенин айтып келет. Бул сандар да облустагы социалдык абалдын бир көрсөткүчү болуп берет.

Өткөн жылдын жыйынтыгы менен четте миграцияда жүргөндөр Баткен облусуна 16 млрд. сомдон ашыгыраак каражат которгону расмий айтылган. Жыл сайын эле ушул сумманын айланасында каражат мигранттардан келгени менен ал акчанын дээрлик баары эле күнүмдүк тирилик үчүн керектелип жатканы айтылып келет. Мигранттарды реинтеграциялоо боюнча өкмөттүк эмес уюмдар майда долбоорлорду ишке ашырып жатат, бирок азырынча кандайдыр бир ири демилгелер жок.

Карамат Орозова
Карамат Орозова

Жумушчу күчтүн басымдуу бөлүгү сыртта болгондуктан, аймакта киреше берген тармактарды жандантуу мүмкүн болбой жатканын Жогорку Кеңештин үч жолку чакырылышын депутаты, Баткен облусунун мурдагы губерантору Карамат Орозова билдирди.

“Бизде кадрлардын жетишпестиги, кирешенин аздыгы боюнча маселе бар. Шарттын начардыгы адискөй кадрлардын кетишин шарттап жатат. Ошондуктан Баткен облусу үчүн өзгөчө мыйзам менен мамлекет жаштарга бюджет эсебинен окутуп, аны актоо үчүн Баткенде белгилүү мөөнөткө иштетсе болот. Акыркы жылдары жакшы жылыштар болуп, мектеп, оорукана, социалдык мекемелер курулуп жатат. Бирок облустук орукана Баткен шаар боло электеги айыл болуп турганда курулган имараттар турат дагы деле”.

“Суу тартыш, экономика алсыз"

Баткен облусунун ички дүң өндүрүмүнүн 45% ашыгы айыл чарбасынан алынат. Тейлөө, курулуш, салык, турзим, инвестициялык жана негизги өндүрүш тармагы көп бөлүктү камсыздабайт. Дүң өнүмдү камсыздайт деген ири өндүрүш ишканалары жок. Айдаркен сымап жана Кадамжай сурма комбинаттары бир нече инвестициялык сунуштар болуп, аракеттер жасалганы менен ишке кирип кете албай турат.

Облустун мурдагы губернатору Султанбай Айжигитов облуста айрым тармактык иштер жасалып жатканы менен жалпы өнүгүү байкалбай жатканын айтат. Анын пикиринде, тургундардын жашоо-турмушун өзгөртүү үчүн сугат суу маселеси чечилиши керек.

Султанбай Айжигитов
Султанбай Айжигитов

“100 миң гектарлаган жаңы жерлерди өздөштүрүү мүмкүнчүлүгү бар аймакта. Долбоорлор да бар. Негизги кирешени айыл чарбасынан алып жаткандан кийин ошол багытка басым жасаш керек. Мамлекет ал жердеги социалдык болобу же башка маселеби локалдуу эле чечип же куруп берип жатат. Ал облус өнүгүп, өз маселесин өзү чече ала тургандай аймак кылууга аракет жасаш керек. Акыркы убакта мамлекет кайра калыбына келтирүү, социалдык муктаждыктарды чечип жатат. Бирок көп жылдарга алдын алган долбоорлорду ишке ашырыш керек. Азыр эми эл негизинен мигранттрадын эсебинен жашап жатат. Облус өзүн өзү бага тургандай шарт жаратыш керек деп ойлойм”

“Баткендин стратегиялык маселелери чечилип калды”

Тарых илимдеринин кандидаты Абдинаби Кадыров облустун калыптануусу үчүн 25 жыл көп убакыт эмес экенин, бул мөөнөт аралыгында Баткендеги стратегиялык маселелер чечилип калганын белгиледи. Мисал катары электр энергиясы менен камсыздоодо жана жол каттамтарында Баткен кошуна өлкөлөрдөн көз каранды болбой калганын келтирди.

Абдинаби Кадыров.
Абдинаби Кадыров.

“Баткен облусу түзүлгөндө кээ бир бийликтегилерге да башка аймактар үчүн да Баткендин күн көрүп жаткан абалы ачылыш болду деп айтсак болот. Чыныгы абалы, шартынын оордугу көпчүлүккө маалым эмес болчу. СССР мезгилинде план берип ошонун аткарылышын гана талап кылып, айыл чарба продукцияларын, эт, тамеки өндүрүүчү аймак катары эле карап келишкен да. Облус түзүлгөндөн берки аралыкта эң чоң жетишкендик катары эгемендик бекемделди. Стратегиялык маселелер толук чечилди деп айтсак болот. Жол каттамдарыбыз кошуна өлкөлөргө көз каранды болчу. Эгемен жолдорубуз курулуп бүттү. Баткен району электр энергиясын Тажикстандан алчубуз, азыр өз аймагыбыздан электр линиялары тартылды. Чек араларды бекемдөө, коопсуздук маселесине олутту көнүл буруу зарылдыгы белгилүү болду. Эң зарыл делген маселелер чечилгенден кийин экономикалык-социалдык маселер экинчи орунда”.

Облустун мурдагы губернатору Карамат Орозова чек ара такталып бүткөнү менен коопсуздук жаатында дагы деле маселе бар экенин айтат. Орозова облус суугат сууну кошуна эки өлкө менен бөлүшүп пайдаланарын эске салып, аймак коопсуздугу ар дайым көңүл борборунда болсо дейт.

“Жакшы иштер жок эмес, курулуштар жүрүп жатат. Мектеп, медициналык мекемелер, жолдор курулуп жатат. Бирок мындан маанилүү маселе турат да. Чек ара такталды деген коопсуздукка чекит коюлду деген эмес. Такталып бүткөндөн кийин деле кошуна менен кошуна жер талашып, суу талашып урушуп кетип жатат. Бизде бир дарыянын суусун үч өлкө пайдаланабыз. "Өзүңө бекем бол, кошунаны ууру тутпа" дегендей алдыда коопсуздук багытын унутта калтырып койбогондой аракеттер керек. Дагы бир ойлонтчу маселе, элди көчүп кетпей тургандай кылып миграциянын санын кыскартып, шарт түзүш керек”.

Баткендин Айгүл гүлү.
Баткендин Айгүл гүлү.

Баткен облусу түзүлгөн учурда калкынын саны 380 миңден ашыгыраак болсо азыркы күндө калкынын саны 580 миңден ашты. Облус уюшулган 25 жыл аралыгында Жогорку окуу жайлар ачылып, Тажикстан менен Өзбекстандын аймактарын айланып өткөн жолдор курулду. Электр энергиясы Кыргызстандын аймагы аркылуу тартылып, толук камсыздалды.

2021-2022-жылдардагы чек арадагы куралдуу кагылыштардан кийин Баткен облусун өнүктүрүү үчүн атайын иш-мерчемдер кабыл алынып, өкмөт жыл сайын казынадан 500 млн. сомдон бөлүп турмай болгон. Бир канча инвестициялык форумдар уюштурулуп, аймакта калктын жашоо-шартын жакшыртуу пландары бекитилген. 92 айылга чек арадагы өзгөчө айыл макамы берилип, бул айыл жашоочуларынын пенсиясына жана балдар үчүн жөлөк пулдарына кошумча миң сомдон берилип турат. Салыктан жана төлөмдөрдөн жеңилдиктер каралган.

Өзбекстан менен чектеш аймактарында чек араны тактоо аяктап, демаркациялоо иштери жүрүп жатат. Тажикстан менен чек араны делимитациялоо иши ушул жылы аягына чыгары божомолдонуп жатат.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG