"Азаттыктын" Бишкек бюросунун видео-журналисти. 2022-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетин аяктаган.
«Азаттыктын» аялдар тууралуу подкастынын коногу - иликтөөчү журналист Махабат Тажибек кызы. Ал журналистикага келген жолу, иликтөөчү журналистиканын кыйынчылыктары, темир тор артында өткөргөн убактысы, эркиндикке чыккандан кийинки жашоосу жана кесибине кайтуу тууралуу айтып берди.
“Учкунда” басылган окуу китептери базарга чыгып кетип, бүткүл Кыргызстанды дүрбөттү. Өкмөт териштирүү жүргүзүп, милиция иш козгоду. Катуу кайтарууда турган ишканадан китептер кантип сыртка чыгып кетти? "Азаттыктын" журналисттик иликтөөсү.
Бишкектеги "Анар-Бак" конушунун айрым тургундары жер тилкелеринен кол жууйбуз деп кабатыр. Достоевский көчөсүнүн уландысы болгон долбоорго ылайык, жаңы айланма жол үй салуу үчүн деп сатылган жер тилкелерин кесип өтөт. Бишкек мэриясы кенемте төлөө же алмашуу жолдорун кароону убада кылууда.
Кырчын жайлоосуна Көчмөндөр оюндарына күн сайын жүздөгөн адам келип жатты. Кимдир бирөө Көчмөндөр оюндарын көргөнү келсе, дагы бири кыргыздын маданиятына, улуттук оюн-зоогуна кызыгат экен. “Азаттыктын” кабарчылары Кырчынды аралап, бул жердин өзгөчө маанайын түзүп жаткан коноктор менен тааныштырат.
Москва шаарындагы басмаканада өрт чыгып, миграцияда жүргөн кыргызстандык он төрт кыз иске ууланган трагедияга быйыл туура он жыл болду. Бул окуя эгемендик жылдардагы миграциянын чоң кесепети катары жалпы улуттук трагедия деп кабыл алынып, ошол кезде аза күтүү да жарыяланган.
Бишкекте көчөдө токко урунуп, жандандыруу бөлүмүнө түшкөн тогуз жаштагы Ибрахим Анарбеков каза болуп калды. Милиция кылмыш ишин козгоп, териштирүү башталды. Ибрахим бир үй-бүлөнүн көзгө басар жалгыз уулу эле. Каргашалуу окуя 26-июлда болуп, эстен танган бала 10 күн ооруканада жатып үзүлдү.
Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасы такталган соң эки өлкө ортосундагы жер алмашуу айрым тургундардын тагдырына да таасирин тийгизди. Баткендин Лейлек районунун тургуну Ыхыбал Абдувалиева жер алмашуунун жыйынтыгында үй-жайсыз калганын айтууда.
Орусиянын армиясынын катарында Украинада согушуп жаткан кыргызстандыктардын саны 1,5 миңге жакындаганы тууралуу маалымат бар. Украинанын “Хочу жить” долбоору учурда Кыргызстандын 10 жараны Украинада туткунда отурганын жарыялады. “Азаттык” согушта дайынсыз болгондордун жакындары менен сүйлөштү.
Акыйкатчы институту жашы 18ге чыга элек кыздарды күйөөгө берүү көп катталып жатканына тынчсызданууда. Кыргызстанда өткөн жылы 13–17 жаштагы 320 өспүрүм төрөп, 40тайы бойдон алдырган. Башкы прокуратура нике мыйзамын бузууга байланыштуу 34 кылмыш ишин козгоп, 100дөй адам соттолгон.
Президент Жапаров Нарын облусунун Ат-Башы районундагы “Чар” эс алуу жайынын айланасындагы окуяны териштирүү тапшырмасын берди. Бул эс алуу жайын уюштурган ишкер Исабек Абдыгазиев УКМКнын мурдагы жетекчилигинин кысымына туш болуп, бизнесинен ажыраганын айтып даттанды.
Караколдо Мамлекеттик ипотекалык компания курган көп кабаттуу үйлөргө нөшөр жаандан кийин суу кирип, тургундар курулуштун сапатына байланыштуу суроолорду көтөрүүдө.
Кыргызстанда таза суу маселеси ондогон жылдардан бери чечилбеген көйгөй бойдон калууда. Ушу тапта өлкөдөгү төрт жүздөн ашык калктуу конушта бул курч маселе. Ал эми 700дөй айылда суу тартуу аракети жүрүүдө. Статистикага караганда Кыргызстанда калктын дээрлик 97% таза сууга мүмкүнчүлүгү бар.
Жердеги экологиялык көйгөйлөр курчуган сайын анын кесепети Борбор Азияда да таасын сезилет. Климаттын өзгөрүшү, мөңгүлөр эрип, суу тартыштыгы жалпы эле чөлкөмгө коркунуч жаратууда. Астанада өткөн эл аралык экологиялык саммитке катышкан лидерлер ушул маселелерди талкуулашты.
15-апрель күнү Орусиянын Мамлекеттик Думасы товарларды күтүүнү ырастоо системасын ишке киргизүү боюнча мыйзамдардын пакетин кабыл алды. Ал система кыскартылып СПОТ деп аталат жана 1-июндан тарта ишке кирет. Эмне үчүн Орусиянын аймагында киргизилип жаткан жаңы эрежелер кыргыз ишкерлери үчүн маанилүү?
Орусияда миграцияда жүргөн жакыны Украинадагы согушка азгырылып кеткенин айтып, "Азаттыкка" кайрылгандар арбын. Украинанын "Хочу найти" долбоору КМШ өлкөлөрүнөн дайынсыз кеткен жакындарын издегендердин саны эки эсе өскөнүн билдирди. Согушта туткунга түшкөндөр арасында кыргызстандыктар дагы бар.
Кыргызстанда катталган А7А5 криптовалютасынын жылдык жүгүртүүсү 100 млрд долларга жетти. Forbes басылмасы жазгандай, Орусиянын тышкы соодасын эсеп-кысабынын 10% жакыны ушул стейблкоин аркылуу өтүп жатат.
Салтанат 14 жашында Түркияга алданып келип, сексуалдык кулчулукка сатылып кеткен. Кийин качып чыгып, Түркиядагы кризистик борбордо бойго жеткенче жашаган. Азыр ал Түркияда үч баласы менен жашайт. Бирок Салтанат 14 жылдан бери кыргыз паспортун ала албай, анын айынан мекенине бара албай жүрөт.
Түркиянын чыгышындагы Ван аймагындагы Улуу Памир айылында жарым кылым мурда көчүп келген памирлик кыргыздардын урпактары жашайт. Бул айылда улуттук кийим, тил жана салт-санааны бүгүнкү күнгө чейин сактоого аракет кылынууда.
АКШда төрт кишинин өлүмүнө айыпталган кыргызстандык айдоочу иштеген трак компаниянын иши токтотулду. Окуя федералдык деңгээлде иликтенип, кыргызстандыктар ачкан трак компанияларды текшерүү башталды. “Азаттык” көп жылдан бери бул тармакта иштеп жүргөн мигранттар менен байланышты.
Дагы жүктөңүз