Эки жыл мурун 23-октябрда Кемпир-Абадды коргоо комитетин түзүү демилгесин көтөрүп, Бишкекте чогулган 30га жакын саясатчы, активист “бийликти күч менен басып алууга” айыпталып камалган. Шектүүлөр мунун баарын саясий куугунтук катары сыпаттаган. Быйыл 14-июнда аларды Биринчи май райондук соту актаганы менен ушул тапта териштирүү иштери Бишкек шаардык сотунда уланып жатат.
Кыргызстан
шаршемби 23 Октябрь 2024
Интернет жана жалпыга маалымдоо каражаттарында жалаа жабууга жана мазактоого айып пул салуу тууралуу мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште биринчи окуудан өттү. Украинадагы согуш, Москва менен Батыш өлкөлөрүнүн мамилеси курчуган абалда Орусиянын аймагында БРИКС уюмунун саммити өтүп жатат. Ага президент Садыр Жапаров ардактуу конок болуп катышууда. Таласта эки баласын жетелеген аялды сүзгөн айдоочу кармалды.