Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун абактагы мөөнөтү 26-декабрга чейин узартылды. Ал март айынан бери атайын кызматтан убактылуу кармоочу жайында жатат.
Түркияда теракттан 5 адам өлдү, Орусия Украинаны ракета менен атты
Анкарада Turkish Aerospace (TUSAŞ) ишканасындагы жарылуу жана атышуу болгон жерде кеминде беш кишинин өмүрү кыйылып, 20дан ашык киши жараат алды. Түркия бул теракттан кийин Сириянын жана Ирактын аймагындагы “Күрд жумушчу партиясынын” (Түркияда террорчул уюм деп жарыяланган) турумдарына абадан сокку урду. 34 жаштагы Рахима Айкымбаеваны мыкаачылык менен өлтүргөн деп айыпталган жолдошу 15 жылга абакка кесилди. Маркум буга чейин далай жолу күйөөсүнөн зомбулук көргөнү айтылган. Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун абактагы мөөнөтү 26-декабрга чейин узартылды. Ал март айынан бери атайын кызматтан убактылуу кармоочу жайында жатат.
Чыгарылыштар
-
Январь 22, 2025
Татарстан: Мигранттарды коргонуу ишканаларына тартуу сунушталды
-
Январь 21, 2025
Казакстан: "Сатира - кылмыш эмес" деген активисттер кармалды
-
Январь 17, 2025
Ташиев Көлбаевди жок кылуу "мамлекет үчүн зарыл болгонун" айтты
-
Январь 15, 2025
Түштүк Кореянын президенти Юн Сок Ёл камалды