Бурулкан Сарыгулованын акындык жолу өтө эрте башталса да, кыйла жылдарды камтыган поэтикалык дүйнөсү кийинки жылдары ачылды, чыгармалары чет тилге которулуп, адабий турмушка активдүү аралашты.
Антишке өтөле олуттуу себеп бар болчу, акын өзүнө чыгармачылык талапты бийик коюп, ошондон жазгандарын жактырбай, биртоп жылын уурдатып ийди окшойт. Анын үстүнө журналистик өнөр чыгармачыл адамдын убакты-саатын билинтпей уурдай берет, күндөлүк маалыматтын кызыгына кирип алган адам күүлдөп тынбай жүрүп турган тегирменге кызыл данды тынбай "сугунтуп" турушу керек. Мезгил-убакыт дегениң мындайда билинбей өтө берет.
Арийне, чыгармачылыктын кош салаасын чогуу кармап, бул жаатта көзгө дурус дегидей ийгилик жараткандар деле биртоп. Көркөм чыгармачылык негизи эле тийди-качты мамилени көтөрө албаган, өтө олуттуу мамилени талап кылган, үстөлдөн жылбай кагаз менен каламга күчүн чыгарган мээнеткечтикти жактырган өнөр.
Бурулкан бул аралыкта ыр жазууну таптакыр токтотуп койбой, сезим-туйгусун кытылаган поэтикалык ойлорун кагазга түшүрүп, акындык талантын биротоло таштап салган жок. Анткен менен, убакты-саатынын көбү журналисттик өнөрдүн түйшүгүнө басырылып, ошого көңүл оодарып, бул жаатта биртоп ийгиликтерге жетишти. Жалаң аңгеме-сукбаттарынан куралган "Уютку кеп" деген көлөмдүү китебин чыгарды.
Эмнеликтен потенциалы бийик акындын журналистикага ооп кетишинин олуттуу дегидей себеби бар. Баарыбызга дайын, өткөн кылымдын соңку он жылдыгы көркөм чыгармачылыктын бары-жогу менен иши жок, саясый публицистиканын "ити чөп жеген" учур болбодубу. Кылым алмашып, "кечээги көргөн бүгүн жок" баары өзгөргөн чакта улуттук көркөм сөз өнөрү азыноолок жандана баштады, жазуучулар журтуна коомчулуктун көңүлү бурулуп жаңы доордун жаш мууну келди.
Социализм тарыхый тактысынан тайып бараткан кезде адабиятка аралашкандар ушу тапта орто муун катарын толуктап, көркөм чыгармачылыктын көчү аз-аздан уланып баратыр. Шүгүрчүлүк, көркөм-адабий процесстин жанданышы китепкөйлөрдүн катарын арбытып, маданий иш-чаралар уюштурула баштады. Бурулкан Сарыгулованын чыгармачылыкка баш-оту менен кириши мына ушундай маданий жагдайга туш келди. Анын жаңы чыккан китебинин "Мендеги мезгил" (Бишкек: "Турар", 2024) деп аталышы жогоруда айтылгандарды айгинелеп турат.
Бурулкандын акындык жан дүйнөсүн ачык туюнткан мыкты саптардын көбү балалыктан башат алып, сулуулук менен асылдыкты бүкүлү кабылдаган курактан башталат. Андагы асман-жер, аба, айыл – баары азыркыдан башкача, мурдагыдай таасирдүү эмес, ортодон билинбей биртоп жылдар өтүп кеткен. Дүйнөнү кабылдоонун мына ушул амбиваленттүү жоруму артынан ар кыл ассоциацияларды чакырат, жагымдуу элестерди көз алдыңа тартып салат.
Тан беремин балалыкка андагы,
Ушунча жыл кемибеген салмагы.
Түндү күмүш түскө боёп сүт өңү
Ал айылда сулуу эле ай дагы.
Катаал эле кышы, бирок жазында,
Булбул сайрап турчу калың багында.
Тоо койнуна кирип алган ал айыл,
Жомок сымал түрдүү болчу дайыма.
Балалыктын мына ушул кирсиз, таза кезинен калган бир элес аны өмүр бою коштоп, акындык чыгармачылыгына түгөнгүс түс берип, ырды окуган адамдын ой-сезиминде элестүү тушүнүк, ажайып сүрөттөрдү, соңунда ар кыл ассоциацияларды жаратып иет.
Ырдагы табият көркү, өзгөчө түн киргенде жарыгын чачкан аппак ай, уйкудагы табият койнунда көшүлгөн айыл, кышы суук болгону менен жазында калың багын канаттуулар ээлеген жайыкта жашоонун идиллиялуу сүрөтү көз алдыңан өтөт. Жомоктогудай ажайып жердеги балалыктын өзүндөй бейгам турмуш кантип биринчи ирет катаал сыноого кабылганы көңүл тереңинде баары бир сакталып калат тура. Лирикалык каарманды алеп-желеп кылган Айке жеңеси бир күнү айылда жок болуп атпайбы. Ал бар үчүн айыл, тоо, көл сулуу, жылдыздуу болчу.
"Айдай сулуу Айке" айылды көрккө бөлөп турчу. Жүргөн-турганы шар, жүрөгү ак, кары-жаштын мактоосуна арзыган эстүү келин болчу. Сезимтал кызга ичте буккан арманын айтып, артынан жооткотуп, эч нерсе билгизбей жүрүп, анан бир күнү эле баарын таштап, тагдыр жолун кескин буруп, боор батырышкан айылдан караан үзүп кетип атпайбы. Артынан сөз ээрчитпей, себебин айтпай, күбүр-шыбыр, ушак-айыңдан алыс болушту каалаган окшобойбу. Айдай сулуусун колдон жулдурган айыл томсоруп калганын, жеңесине берилген бейкүнөө кыздын ичинде кандай "ит өлүп" жатканы өзүнө гана маалым эле.
"Кетпей койсоң сен бияктан не болмок,
Жеңил ойлуу, жаман жеңе" деп ойлоп,
Жек көрүүгө чөгүп дүйнөм ариет,
Агам эмес, мен калгамын боройлоп.
Түшүнгөндө төөдөй жүгүн сезимдин,
Жеңемди эстеп мен далайга эзилдим.
Көрүнбөдү таза дүйнө акактай,
Көздөрүнөн кийин келген келиндин.
Айке жеңем, аярым да, аялуум,
Билбей калдым такыр анын кабарын.
Тапты бекен чын ашыгын көксөгөн,
Жаш чайыбай жүрдү бекен жамалын?
Бала кездеги толгон элестерден, акыл туюмда калгандардан мына ушул сүрөт гана ортодон оңор эмес жылдар өтсө да эскирбей, турмуштук жалкы факт поэтикалык маани-мазмун алып атпайбы.
Айке окуган адамдын элесинде бекем сакталып калчу "өздүк" жеңесине айланып, качанкы бир өчүңкү элестерди козгойт. Окурман андан өзүнө тааныш окуяны таап алат, ырдын көркөмдүк таасири тереңде жаткан сезим-туйгуну козголоп, кандайдыр бир ассоцияларды чакырат.
Кечээги нерсе жөн эле өтүп кетпейт экен, жүрө-жүрө ал поэтикалык фактыга айланып, жалпылама маани-мазмун күтүп калат. Маанилүү окуянын артынан катар сапка тизилген башка элестер чууруй берет.
Сүйүү жыттуу, бала мүнөз көчөмдү,
Эстен чыккан айылдагы эзелки,
Сагынганда самсып жөнөйт ойлорум,
Эңсеп эбак изи сууган жеңемди.
Кийин сезбедиби, балалыктын бейгам учуру, оюн-күлкүгө тойбогон кездин кирсиз элеси дегеле түгөнбөчүдөй, чондордун жашоосу бийикте, алыста тургандай, ойноок кез дегеле түгөнбөчүдөй сезилчү. Кийин-кийин жеңесинин жайнаган каректерине катылган армандын маани-жайын турмушка аралашкан соң билди.
Бирок айылды жаркытып турган жеңесинин эмнеге кетип калганы секелекке табышмак бойдон калды. Бир чети табышмактуу, экинчи жагы армандуу тагдыр акындын "Акыркы аялдама", "Асыралган балалык" поэмаларында конкрет маани-мазмун алып, окуянын мейкин-мезгилдик алкагы кыйла кеңейген. Мында негизги ой, поэтикалык квинтэссенция тагдырдын татаалдыгы, баяндалган окуялардын бири экинчисине бекем байланып, көркөм ойдун маани-жайы ынанымдуу чечмеленгендиги менен эсте калат.
Жанатан бери кепке алынган лирикалык ырда акын негизинен бир чекитке өткөн менен бүгүнкүнүн өтмө катары, жашоонун татаалдыгы, өмүрдү такай коштой жүрчү арман, өчүңкү элестер, секелек кыз дүйнөсүнүн сезимтал учуру эсинде бекем сакталып калганы акындын балалыкка арналган циклында мыкты берилген.
Таптаза жан дүйнөсү эселектин
Азгырып, ушул үйдөн нечен кетти.
А менин эс тутумум кое бербейт.
Ал үйдөн дале узап кете элекмин…
Жомокко ошол бойдон жетелекмин.
Анан бир күнү жомок дүйнө быт-чыты чыгып талкаланып, аялуу курактын түгөнбөс арманы башталат. Аны акын "Акыркы аялдама" поэмасында көчөт кезинде зөөкүрдүктүн курмандыгы болгон кыздын тагдыры аркылуу катаал чындыкты жаап-жашырбай сүрөттөп берген:
Жылдыз жок аяр карап, аяп турар,
Ай да жок жалгыздыкта шоокуму бар.
Жан билбейт кызы азапка малынганын,
Түн укпайт жан соогалап жалынганын.
Зөөкүр үн: "Ойдолобо, жыргатамын! -
Чыдабай баратамын, жыргат, жаным!"
Дейт улам алкымынан өөп-жыттап.
Кыз туйлайт кучагында жан соогалап:
"Коюңуз! Токтотуңуз! Апа! Ап-а-а!"
Армандуу чыңырган үн түнду жарды!
Ишеним, баёо дүйнө... өлдү баары!
Эми кеп соңунда айтчу сөз. Бурулкан Сарыгулованын басмадан жаңы чыккан жыйнагына отуз жылдан ашуун убакытты камтыган чыгармалары топтолгон. Алардын ар бирине кенен токтолуп, маани-мазмунун чечмелеп берсе болор эле. А бирок антиштин кажаты деле жок. Б.Сарыгулова чыгармачылыгына ушунчалык сарамжал, сараң мамиле кылат экен жыйнактан тек көлөмдү көбөйтүш үчүн кошулуп калган чыгармаларды табыш мүмкүн эмес.
Китепке кирген ырлардын бир тобун автордун өзүнүн окуусунда уккан үчүнбү, кыйласы менен маалымдоо каражаттары аркылуу тааныш болгондонбу чыгармачылыкка өзгөчө урмат-сый менен мамиле жасаган автордун жыйнагын кызыгуу менен окуп чыктым. Журналисттик түйшүктү чогуу тартып келе жаткан каламдашымдын бул китебин анын кызыктуу, татаал өмүр жолунун поэтикалык летописи катары да кабылдоого болот.
Акындын көркөм дүйнөсү, айланасындагы көрүнүш, кубулушка чыгармачылык мамилеси, балалыгы, бүгүнкү жашоосу, өзү баамдаган, кыял элегинен өткөргөндөрүн чыпчыргасын коротпой жаңы китебине кошкон. Аны окуп чыгуу сөз баккан, акындык өнөрдү баалагандар үчүн кызык болуш керек.