Бул чечим радионун АКШнын өкмөттүк агенттигине каршы арызы сотто каралар алдында жарыяланды. "Эркин Европа / Азаттык" радиосу агенттиктин федералдык каржылоону токтотуу аракетине каршы сотко кайрылган.
Агенттик 24-мартта кабыл алган бул чечимдин негизинде "Эркин Европа/Азаттык" радиосу 7,46 миллион доллар алат. Бул сумма радионун 1-марттан 14-мартка чейинки (USAGM каржылоону токтотконун жарыялаган күндүн алдындагы мөөнөт) чыгымдарды жабууга багытталган.
"Агенттик каражатты бөлүп берүү үчүн зарыл болгон административдик чукул кадамдарды таштады ", – деп айтылат USAGM агенттигинин сотко жолдогон катында. Анда каражат 26-мартка чейин бөлүнүп, "Эркин Европа/Азаттык" радиосу аны айдын аягына чейин алаары көрсөтүлгөн.
24-мартта өткөн соттук угууларда АКШнын Юстиция министрлигинин адвокаты Эбигейл Стоут билдиргендей, USAGM менен "Эркин Европа/Азаттык" ортосундагы келишимге ылайык, агенттик радионун каржылоосун токтотууга укуктуу.
"Мыйзамда агенттиктин грантты токтотууга укугу бар экени каралган", – деди ал.
Буга жооп катары радионун юристи Дэвид Зионц Конгресс агенттиктерге каалаганын кылуу үчүн каражат бөлбөй турганын белгилеп: "Мындай чечим эч кандай логикага сыйбайт", – деп жооп берди.
"Эркин Европа/Азаттык" радиосу агенттиктен 2025-финансылык жылына (30-сентябрга чейин) каралган толук гранттын берилишин талап кылып, соттон агенттиктин чечимине убактылуу тыюу салууну өтүнгөн. Бул маселе боюнча судья Ройс Ламберт жакынкы жумаларда чечим кабыл алат деп күтүлүүдө.
"Калп каптаган жердеги жарыктын шооласы"
Келечекте жабылып калуу коркунучу жаралып турган чакта "Эркин Европа/Азаттык" радиосу 27 тилдеги жана 23 өлкөдөгү угармандарынын арасында, тескерисинче, чоң колдоо табууда.
Ирандан Беларуска, Ооганстандан Орусияга, Пакистандан Украинага чейин угармандар "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун журналисттерин согуш аймактарында, каардуу репрессивдүү саясий жана маалымат чөйрөлөрүндө бейтарап, чынчыл репортаждарын жогору баалап, тынчсыздануу билдиришти.
"Силер калп каптаган жердеги жарыктын шооласы элеңер", – деп жазган Украинадагы окурман Олег Прозоров "Фейсбуктагы" баракчасына.
Радиого бөлүнгөн акчаны токтотуп коюу чечими АКШ президенти Дональд Трамптын USAGM агенттигин "мыйзамга ылайык мүмкүн болушунча кыскартууну" талап кылган буйрукка кол койгондон бир нече күн өтпөй кабыл алынды.
"Эркин Европа/Азаттыкка" бөлүнгөн грантты токтотуу тууралуу катка USAGM агенттигинин аткаруучу директорунун кеңешчиси катары көрсөтүлгөн Кери Лейк кол койгон.
Катта "бул грант агенттиктин артыкчылыктуу багыттарын жүзөгө ашырбай калган" деп көрсөтүлгөн, бирок кошумча түшүндүрмө берилген эмес.
Трамптын USAGM менен карама-каршылыктары
Трамп Кери Лейкти "Америка добушу" радиосунун жетекчилигине талапкер катары сунушталган, бирок аны эми АКШнын Эл аралык телерадиоберүүлөр боюнча Консультативдик кеңеши (IBAB) бекитиши керек.
Бул кеңештин мүчөлөрүн АКШ администрациясы январь айында эле таркатып жиберген жана азырынча алардын ордуна жаңы мүчөлөр дайындала элек.
USAGM жана "Америка добушу" радиосу федералдык мекемелер, ал эми "Эркин Европа/Азаттык" радиосу АКШнын Делавэр штатында катталган жеке коммерциялык эмес корпорация болуп саналат. "Эркин Европа/Азаттык" радиосу Конгресстин гранттары аркылуу каржыланганы менен анда иштегендер федералдык өкмөттүн кызматкери болуп эсептелбейт.
Трамп быйыл январда экинчи мөөнөткө кызматка киришкенден бери мамлекеттик чыгымдарды кыскартуу аракетин көрүп келет.
Биринчи мөөнөтүндө Трамптын администрациясы менен USAGM агенттигинин ортосунда программалардын мазмуну боюнча пикир келишпестик жаралган. Ал бул боюнча өз тынчсыздануусун билдирип келет.
Ошол эле учурда, радиону колдогондор USAGM агенттигине караштуу медиалар АКШ дипломатиясынын маанилүү куралы экенин белгилөөдө.
"Конгресс USAGM агенттигин коргошу керек, журналисттердин коопсуздугун камсыздап, АКШ өкмөтүнүн эркин жана көз каранды эмес маалымат каражаттарына берилгендигин кайрадан ырасташы керек", – деп жазылган 28 эл аралык уюм 19-мартта АКШ Конгрессине жолдогон катта.
Евробиримдик колдоо көрсөтөбү?
"Эркин Европа/Азаттык" радиосу келечеги белгисиздикке кептелген маалда Европанын саясатчылары радиого колдоо көрсөтүүнүн жолдорун караштырып жатат.
USAGM – дүйнө жүзү боюнча 50гө жакын тилде 361 миллион кишиге жума сайын жаңылыктарды жана маалыматтарды таратуучу көз каранды эмес америкалык өкмөттүк агенттик.
Анын бардык ишмердүүлүгүн жана өнүгүү долбоорлорун каржылоо үчүн 2025-фискалдык жылга 950 миллион доллар бюджет суралган.
Бул каражат "Эркин Европа/Азаттык" радиосу, "Америка добушу", "Эркин Азия" радиосу, Куба үчүн Телерадиоберүү (Radio Marti), Жакынкы Чыгыш телерадиоберүү түйүндөрү (MBN) жана Ачык технологиялар фонду сыяктуу медиалардын ишмердүүлүгүн колдоого багытталган.
USAGM агенттигинин документтерине ылайык, "Эркин Европа/Азаттык" радиосу үчүн 2025-жылга 153 миллион долларлык бюджет суралган.
Шерине