Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:58

Жогорку технологиялар паркынын кирешеси 11 млрд сомдон ашты


ЖТПнын жетекчиси Азис Абакиров жана премьер-министр Адылбек Касымалиев.
ЖТПнын жетекчиси Азис Абакиров жана премьер-министр Адылбек Касымалиев.

Жогорку технологиялар паркынын мүчөлөрү 2024-жылы 11,4 млрд сом (130,3 млн долларды) киреше тапты. Анын 94% экспортко туура келет.

Аталган уюм тараткан маалыматта, 2023-жылы экспорттун көлөмү 7,8 млрд сом (89,1 млн доллар) болсо, былтыр ал 10,67 млрд сомго (122 млн доллар) жетип, жалпы кирешенин 93,6% түзгөн.

"2024-жылы ЖТПнын мүчөлөрүнүн саны 24,5% көбөйүп, киреше 46% өстү. Жумуш орундарынын саны 18% жогорулады", - деп жазылган маалыматта.

Уюмга 2023-жылы 383 компания мүчө болсо, учурда алардын саны 477. Парк өткөн жылы мамлекетке 304,7 млн сом (3,5 млн доллар) салык төккөн.

Аталган уюмдун жетекчиси Азис Абакировдун белгилешинче, 2025-жылдан тартып ЖТП мөөнөтсүз статусун алган.

Бүгүн, 26-мартта премьер-министр Адылбек Касымалиев Жогорку технологиялар паркына расмий иш сапар менен барды. Өкмөт башчы IT-тармагын өнүктүрүү Кыргызстан үчүн стратегиялык артыкчылык экенин белгиледи.

Былтыр Жогорку технологиялар паркы АКШнын Сан-Франциско шаарынын Силикон өрөөнүндө өз үйүн ачкан.

Кыргызстандын Жогорку технологиялар паркын түзүү демилгеси көп жыл мурда сунушталып, тиешелүү мыйзам 2011-жылы кабыл алынган. Натыйжада ал өз алдынча түзүм катары 2013-жылдан иштеп баштаган. Ал Кыргызстандын IT компанияларын көмүскөдөн чыгаруу максатында уюшулган. Парктын мүчөлөрүнө жеңилдетилген салык режими каралган. Уюм креативдүү экономиканы өнүктүрүүгө басым жасап келет. (ST)


Шерине

XS
SM
MD
LG