Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:42

Армениянын ЕБге кошулуу жараяны тууралуу мыйзам кабыл алынды


Армениянын Евробиримдикке кошулуусу боюнча референдумду колдоо үчүн кол топтоо учуру. Ереван, сентябрь, 2024-жыл.
Армениянын Евробиримдикке кошулуусу боюнча референдумду колдоо үчүн кол топтоо учуру. Ереван, сентябрь, 2024-жыл.

Шаршембиде армян парламенти “Армения Республикасынын Еврошаркетке мүчө болуу жараянын баштоо жөнүндө” мыйзамды экинчи окууда кабыл алды. Ага 64 депутат макул, жетөө каршы добуш берди. Добуш берүүгө өлкөнүн мурдагы президенти Роберт Кочарян башында турган “Армения” оппозициялык альянсынын депутаттары катышкан жок.

Армениянын тышкы иштер министринин орун басары Паруйр Ованнисяндын айтымында, мыйзамдын кабыл алынышы Еврошаркетке мүчө болуу үчүн арыз эмес, армян жарандарынын "ЕБ менен өнөктөштүктү жаңы деңгээлге көтөрүү" каалоосун чагылдырат.

26-мартта кабыл алынган мыйзам долбоорун “Демократиялык күчтөрдүн платформасы” сунуштады. Аталган платформа 2024-жылдын күзүндө Армениянын Борбордук шайлоо комиссиясына евроинтеграция боюнча референдумду колдоо үчүн 60 миңден ашык кол топтоп, өткөрүп берген. Премьер-министр Никол Пашинян өлкөнүн Конституциясына ылайык, Армениянын Евробиримдикке мүчөлүк арызы жол карта боюнча маселе чечилгенден кийин референдумда жактырылышы керектигин белгиледи.

Москва Еревандын Евробиримдикке кошулуу аракетине каршы. Кремлдин өкүлү Дмитрий Песков январь айында Армения ЕАЭБдин мүчөсү экенин жана "эки башка уюмга мүчө болуу мүмкүн эмес" экенин билдирген.

Евробиримдик менен Армениянын ортосунда визасыз режим бир нече жыл ичинде гана кириши мүмкүн. Ал эми шаркетке мүчө болуу жараяны ондогон жылдарга созулушу ыктымал.

Буга чейин мурдагы СССРдин курамына кирген республикалардан Молдованын, Украинанын жана Грузиянын жарандарына шаркет аймагына визасыз кирүүгө шарт түзүлгөн.

Ал эми былтыр Евробиримдик Украина жана Молдова менен шаркетке кошулуу тууралуу сүйлөшүүлөрдү баштады. (AiA)

Шерине

XS
SM
MD
LG