Мал ылаңдабашы үчүн кандай чараларды көрүү керек? Эмнеге жаш мал доктурлар элетте иштегиси келбейт? Бул суроолорго Суу ресурстары,
айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр
жайы министрлигинин Ветеринардык кызматынын зооэпизоотияга каршы көзөмөл башкармалыгынын улук инспектору Кемелбек Абдылүсөнов жооп бермекчи.
- Кемелбек мырза, дарыгерлер адамды дарыласа, ветеринарлар адамзатты дарылайт деп коюшат эмеспи. Учурдагы эпизоотиялык абал кандай?
- Чындыгында ветеринария адамзаттын тагдырын сактай турган тармак. Биздин башкы милдетибиз жаныбарларды ылаңдан коргоо, аны менен катар калктын ден соолугун сактоо. Өлкө аймагында кандайдыр бир ылаң жайылып, эпизоотиялык абал курчуп кетсе, бул экономикалык абалды курчутат. 2024-жылдын жыйынтыгын чыгарганда, былтыр эпизоотиялык абал туруктуу болду. Экспортко таасирин тийгизчү жугуштуу ылаңдар катталган жок.
- Бүгүнкү күндө Кыргызстанда мал доктурлар жетиштүүбү? Акыркы жылдары алардын саны азайып кеткени айтылып жүрөт.
- Республика боюнча 1449 мал доктур бар. Көбүнүн жашы 50дөн өтүп калган. Райондор алар менен келишим түзүп, алдап-соолап иштетип жатат. Орто райондордо отуздан, чоң райондо 40-50дөн мал доктур бар. Ошолордун ичинде жаштар саналуу эле. Бизде ветеринарлар мамлекеттен айлык албайт да. Жаштар ошон үчүн иштегиси келбейт.
- Мурда айылда мал доктурлар малды операция кылып сактап калганын укчу элек. Азыр андай адистер барбы?
- Мал доктурлар көбүнчө эмдөө менен алектенет. Жана 50-60 жашка чыккандар иштеп жатат деп айтпадыкпы. Бирок жашы улгайып калгандарда жоопкерчилик бар. Бирөө келип суранса, барып малын операция кылып, айыктырып берет. Кол жазмалары да ирээттүү, ишине олуттуу мамиле кылат. Жаш балдар эми таарынбасын, эмне деп жазганын түшүнбөйсүң. Бирөө келип “уюмду же коюмду операция кылып бер” десе, “башты оорутпай союп эле салбайсыңбы” деп кагып коет экен.
2008-жылы өкмөттүн токтому менен ветеринардык кызматтын айрым укуктары жеке мал доктурларга өткөрүлүп берилген. Бүгүнкү күндө элеттеги мал доктурлар мамлекеттен айлык албайт. Алар райондук башкармалыктар менен келишим түзөт. Башкармалык ага бир аймакты бөлүп берет, мал доктур ошол жердеги малды дарылайт, ошол дарылаганы үчүн мал ээси ага акы төлөйт. Биз азыр өкмөткө жеке ветеринарларга милдетти жүктөп койгондо жоопкерчилик албайт экен, мурдагыдай бюджеттен акча бөлүнүп, эмгек акы алып иштесин деп сунуштадык, азыр каралып жатат. Пилоттук долбоор катары 2025-жылы Нарын облусунан баштайлы, кийинки жылдарда башка аймактарды өткөрөлү деген ниетибиз бар.
- Жакында эл жайлоого чыга баштайт, мал эмделе баштадыбы?
- Күйдүргү (Сибирь жарасы) альвеококкоз, ящур, эхинококкоз, бруцеллез, оспа, кара тумоо (чума), шарп баштаган жугуштуу тогуз ылаң бар. Мамлекеттин атайын токтому менен бул ооруларга каршы эмдөө акысыз жүрүшү керек. Ветеринардык кызмат вакциналарды сатып алып, жыл башында атайын план бекитебиз. Ошол план боюнча вакциналарды атайын эрежелер менен муздаткычка салып, бүт райондорго жеткирип беребиз. Анан жергиликтүү бийликтерге айтабыз, планды аткаргыла, ылаңы бар мал жайлоого чыкпасын, керек болсо жайыттын кире беришине санитардык пост койгула дейбиз. Ар бир аким, айыл башчыларына чейин эскертилген. Түшүнгөн адамдар малын эмдетип жатат. Кээ бир адамдар 100 миң сом турган уюн 50 сом төлөп эмдеткиси келбейт. Мал доктурлар “сенин торпогуң 50 миң сом, вакцина бекер, мен мамлекеттен айлык албайм, он уюңа 500 сом төлө” десе ошону бербей тажаткандар бар. Жаш мал доктурлар ошон үчүн да элетте иштегиси келбейт.
- Акыркы жылдары малдан адамга ылаң жуккан учурлар көп катталууда. Күйдүргүнү (Сибирь жарасы) мал сойгондо жугузуп алганы айтылат. Анын белгиси байкалбайбы?
- Кыргызстанда Союз маалында күйдүргүнүн 1258 очогу катталган экен. Бүгүнкү күндө анын 558и эле белгилүү. Тегереги тосулуп, үстү бетондолуп, айыл өкмөттүн балансына өткөрүлгөн. Ошол очокко дагы “ушул жерде баланча жылы, күйдүргү менен ооруган уй көмүлгөн” деген паспорт берилет. Күйдүргү жуккан малдын тарпы ары-бери жылдырылбайт. Кайсы жерде өлсө, ошол жерге көмүлүп, үстү бетондолот. Калган очоктору көчкү, сел алып кетип же Союз тараганда үстүнө курулуш жүрүп, билинбей калган. Бирок ооруну козгогон бактериялар жүз жыл болсо да өлбөйт экен. Кокус мал ошол жерде оттосо, жугузуп алышы мүмкүн. Бизде малы ылаңдаса, ветеринар чакыргандар сейрек. Текшертип, диагноз койдурбай эле союп салат. Анан сойгон адамдын колуна жара чыгып, догдурга барганда билинип жатпайбы. Ошентип билинип калганда гана мал сойгондун баары карантинге алынып, уй сойгон жер дезинфекцияланып, өрттөп, калган малдын баары эмдөөдөн өтөт.
- Бруцеллез оорусу да жугуп жатканы айтылып келет. Саап отурган уйдан бул ылаң чыкса эмне кылыш керек?
- Бруцеллез жуккан мал айыкпайт. Аны 15 күн ичинде союп, колбаса цехине өткөрүү керек. Согум катары жегенге да болбойт, анткени чала бышырып жеп алышы мүмкүн да. Жыл сайын планга ылайык бул ылаңга каршы малдан кан алынып, текшерүүдөн өтөт. Анализден чыгып калса, ветеринар өзүнчө бөлдүрүп, 14 күн ичинде сойдуруп, цехке тапшыртат. Кээ бир адамдар арзан болуп калат деп анда да сойгусу келбейт. Сүтү жакшы эле, мынча литр берчү эле дегендер бар. Бир жылы Өзгөндөн Чүйгө алып келип сатып жиберген учур катталган.
- Эпизоотиялык абал деп калдык. Акыркы жылдары эхинококкоз, альвеококкоз жуктуруп алгандар көбөйгөндөй сезилет? Буга эмне себеп болууда?
- Ит-мышыкты ветеринардык талаптарды сактап, вакцина сайдырып, эхинококкозго каршы дары берип, олуттуу мамиле менен бакса оору азаймак. 2024-жылы эхинококкоз оорусун 855, бруцеллезду 1144 адам жуктуруп алган экен. Биз дарыгерлер менен да иштешип турабыз. Алар соңку кезде ити бар үй-бүлөлөрдүн төрт-беш жаштагы балдарына да эхинококкоз, альвеококкоз жугуп жатканын айтышат. Он чакты ит багышат же аларга жөндөп тамак бербейт. Ити талаадан чычкан, суур кармап жейт. Ооруган малдын өпкө-боорун көөмп салуу ордуна, итине берип коет. Ити кайра эле жайытка заңдап, малга, андан балдарга жугуп жатат да.
- Чөө деп калдыңыз, акыркы кезде бул жаныбар көбөйүп кеткени айтылууда. Алар дагы эпизоотиялык абалды курчутуп жатса керек?
- Кутурган карышкыр кайсы малды тамактабасын, ага оору жугат. Кудай сактасын, бирок кутурма жуккан адам айыкпайт. Азыркы медицинанын аны дарылоого күчү жетпейт. Эхинококкоз, альвеококкозду алып жүрүүчүлөр - ит, чөө, түлкү, анан карышкыр. Чөө соңку кезде аябай көбөйүп, калктуу конуштарга да түшүп жатат. Токойдо чил, кекилик, кыргоолдун жумурткасына чейин жеп, кой-эчкиге чейин тиш салууда.
- Эми кээ бир айылдарда малдын тарпы таштандыга ыргытылат да. Бул дагы ылаңдын жайылышына себеп болуп жатса керек?
- Эреже боюнча ар бир айылда Беккари чуңкуру болушу керек. Өлүп калган жандыктын тарпы ошого салынып, өрттөлүп, тегереги дезинфекция болуп, ветеринардын көзөмөлүндө турушу керек. Бүгүнкү күндө республика боюнча 220 Беккари чуңкуру (тарп таштала турган цистерна) бар. Бизде айыл өкмөттөрдүн көпчүлүгү акчанын тартыштыгынан улам аны кура албай жатат. Чуңкур жок болгондон кийин эл тарпты сайга ыргытып, аны жолбун ит, чөө жеп, ылаңды ого бетер таратып жатат. Жакында чоң жыйын өтүп, ага айыл өкмөттөр, акимдер, облус башчылары катышкан. Анда айыл чарба министри Бакыт Төрөбаев ар бир айыл өкмөткө бирден Беккари чуңкурун курууга тапшырма берген. Азыр 2025-жылдын планына киргиздик деп жатышат.
- Карышкыр, чөө деп калдыңыз, аларды тарптарды жеген санитар деп коюшат го.
- Карышкыр илгери мал көп кезде санитар болчу. Азыр короого чейин кирип, байлап отурган жылкыга чейин жарып кетүүдө. Ачка болсо кишиге да тиш салып жатпайбы. Чөө соңку кезде аябай көбөйдү. Илгери бул жаныбар жок эле, кийин эле пайда болду. Табиятта жандыктар бири-бирин жейт да. Чөөнүн андай табигый душманы жок экен. Көбөйүп кетип, баш ооруга айланды. Бардык нерсе эле каражатка такалат экен да. Айрым айыл өкмөттөр өздөрү мергенчи жалдап, аттырып жатат.
Шерине