Нарын облусундагы Солтон-Сары алтын кениндеги Бучук тилкесин кытайлык Zhong Ji Mining Company ишканасы быйыл иштетип баштайт.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Медер Машиев 26-мартта Бишкекте өткөн брифингде кытайлык компания завод куруп бүткөнүн, Zhong Ji Mining Company ишканасынын негиздөөчүсү China Gold ишканасы Бучуктан быйыл 3,4 тонна алтын казууну пландап жатканын айтты.
Zhong Ji Mining Company Нарын районунда жайгашкан Солтон-Сары алтын кенинин Бучук тилкесиндеги кенди казууга лицензияны 2009-жылы эле алган. Бирок айрым жергиликтүү тургундардын экология, жайытка байланыштуу нааразылыгынан, чыр-чатактан улам 2019-жылы жабылган.
2019-жылдын августунда кытайлык компанияга нааразы болгон жүздөгөн жергиликтүү тургундар анын ишин токтотууну талап кылып чыгышкан. Чыр чыгып, Кытайдын 47 жараны жана бир жергиликтүү тургун жабыркаган. Эки күндөн кийин өкмөт компаниянын кендеги иши убактылуу токтогонун билдирген.
Кытайлык ишкана лицензиясын 2022-жылы кайра алган. Анда президент Садыр Жапаров Бучукка барып кен казууда экологиялык маселелерге өзгөчө көңүл буруларын убада кылган.
Расмий маалыматка ылайык, Бучук тилкесинде 12 тонна алтын бар. Баалуу металлдын жалпы кору 22 тонна деп эсептелет. (BTo)
Шерине