Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:12

Куштарга байкоо салган сегиз маршрут иштелип чыкты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда куштарга байкоо салган жаңы маршруттар ачылды. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги билдирди.

Маалыматка ылыйык, Ысык-Көлдүн түштүк жээгиндеги "Тескей" геопаркынын алкагында куштарга байкоо салган сегиз жаңы маршрут иштелип чыккан.

Демилге "Кыргызстанда жашыл экономика жана жеке секторду туруктуу өнүктүрүү" программасынын алкагында, GIZ тарабынан ишке ашырылып, BMZ, Европа Биримдиги жана Швейцария өкмөтүнүн каржылоосу менен жүзөгө ашырылган.

Аталган министрлик бул экологиялык сабаттуулукка салым кошот деп эсептейт.

"Куштарды байкоо (бёрдвотчинг) туризмге гана эмес, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоого жана экологиялык билим берүү иштерине зор салым кошот", - деп жазылган министрлик тараткан маалыматта.

Орнитологдордун белгилешинче, ушу тапта өлкөдө сейрек жапайы келгин куштардын 400дөн ашык түрү байырлайт. Алардын 57си кызыл китепке кирген.

Соңку жылдары Кыргызстанда куштардын айрым түрлөрү азайып баратканы айтылып келет. Экологдор муну браконьерликке, жаныбарлар байырлаган аймактардын тарып жатканы менен байланыштырышат. (ST)

Шерине

XS
SM
MD
LG