Украин аскерлери Cуджадан чыгып кеткени кабарланды
Украин президенти Владимир Зеленский Орусиянын Курск облусундагы аскердик операция аягына чыкканын билдирип, Украина аскерлерин Курскиден жети айлык көзөмөлдөн кийин чыгарып кеткени кабарланды. Ал тапта АКШ президенти Дональд Трамп Орусиянын президенти Владимир Путин менен 18-мартта сүйлөшөрүн билдирди. Мунун алдында Трамптын атайын чабарманы Стив Уиткофф Путин менен “жемиштүү” сүйлөшүүлөрдү өткөргөнүн жана алдыда эки лидердин сүйлөшүүсү да “оң маанайда” болоруна үмүттөнүп турганын билдирген.
Шерине