Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:00

Жети жылдан бери качып жүргөн америкалык аял Кыргызстанда кармалды


Коллаж
Коллаж

Кыргызстан тарыхында биринчи жолу АКШга эл аралык издөөдө жүргөн жаранды экстрадиция кылды. АКШнын Калифорния штатынын Түндүк округунун прокуратурасы Данхонг “Жан” Чен аттуу аялды федералдык кылмышка айыптаган.

Мария София Тейлор деген ысым менен таанымал Данхонг “Жан” Чен Кыргызстанга качан, кандай жол менен келгени белгисиз. Расмий маалыматта бул тууралуу көрсөтүлгөн эмес.

Кыргызстандын Башкы прокуратурасынын басма сөз кызматынын башчысы Нурлан Абдыкадыров көз боёмочулукка айыпталган 60 жаштагы аял 7-мартта АКШга экстрадиция болгонун билдирди.

“Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы жана Ички иштер министрлиги биргеликте АКШнын жараны, виза алдамчылык жана сот акыйкаттыгына тоскоолдук кылганы үчүн америкалык укук коргоо органдары издөө жарыялаган Чен Данхонгду 7-мартта экстрадиция кылды. АКШ жараны Чен Данхонг EB-5 визасын мыйзамсыз алуу схемасын уюштурууга айыпталууда. Анын АКШнын суроосу менен экстрадиция болушу эки өлкөнүн укук коргоо системасынын жогорку деңгээлдеги ич ара байланышынан кабар берет. АКШнын Юстиция министрлиги жана ФБР Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына кесипкөй жардамы жана кызматташтыгы үчүн ыраазычылык билдирди”.

Кармалган аял ким болгон?

Американын Юстиция министрлигинин маалыматына караганда, Калифорния штатындагы Аттертон аймагынын тургуну Данхонг “Жан” Чен менен анын бизнес-өнөктөшү жана мурдагы күйөөсү Цзяньюнь “Тони” Е 2019-жылы мартта федералдык чоң жюри тарабынан айыпталган.

14 пункттан турган айыптоо бүтүмүндө шектүүлөр жүздөн ашуун чет элдик инвесторлорго иммиграциялык виза жасоодо көз боёмочулукка барганы белгиленген.

Цзяньюнь Е визалык алдамчылык кылганын жана иликтөөгө тоскоолдук жаратканын 2021-жылы эле моюнга алган. Аны федералдык абакка 12 айга камоо чечими чыккан.

АКШнын баалуу кагаздарга жана биржага байланыштуу комиссиясы (SEC) Ченди инвестицияны мыйзамга жат жол менен тартууга, бир катар мыйзам бузууга айыптап, 2018-жылы октябрда ага каршы жарандык доо арыз тапшырган.

Чен доо арыз жазылары менен АКШдан чыгып кетип, сыртта жашырынып жүргөн. Анын ишине байланыштуу АКШнын башкы прокурорунун милдетин аткаруучу Патрик Д. Роббинс, ФБРдин атайын агенти Санжай Вирмани жана SECтин Башкы прокуратурасынын өкүлү Дебора Жеффри расмий билдирүү жасашкан.

Чен Сан-Хосе шаарындагы иммиграциялык укукка адистешкен Jean D. Chen юридикалык фирмасынын жалгыз өнөктөшү болгону айтылат.

АКШнын расмий органдары тараткан маалыматта EB-5 программасынын алкагында чет элдик жарандар АКШдагы адистешкен ишканага инвестиция салганда Кошмо Штаттарда жашоого (“грин-карта”) уруксат алса болору жазылган.
Программанын талабына жооп берген чет элдик инвестор адегенде эки жыл шарттуу жашап турат. Эки жылдан кийин туруктуу жашоого уруксат алуу үчүн арыз берсе болот.

Туруктуу жашоого уруксат алуу үчүн инвестиция көлөмү 500 миң доллар. Эгер инвестор бакубат райондордо жашоону кааласа, инвестициянын минималдык суммасы 1 млн долларга чейин барат.

Чен инвестициялык виза сураган адам EB-5 программасынын талабына жооп бере турганын жазып, жасалма кол коюлган документтерди АКШнын Жарандык жана иммиграциялык кызматына тапшырып турган.

Ал жетектеген Jean D. Chen юридикалык фирмасы кардарларын EB-5 программасынын долбоорлоруна 52 миллион доллар салгандай көрсөткөн.

Айыптоо бүтүмү Чен EB-5 программасы аркылуу иммиграциялык жеңилдиктерди мыйзамсыз алып, андан тышкары аймактык борбордун мүдөөсүн жана чыныгы ээсин жаап-жашыруу үчүн документтерди бурмалаган деп эсептейт.

EB-5 программасынын алкагында белгилүү бир географиялык аймакта “регионалдык борборлорду” түзсө болот.

2014-жылы Чен Golden State Regional Center жана башка ишканаларды алып, колго тийгенден кийин чыныгы ээсине кабарлабай эле аларды башкаруу укугун жалган кожоюнга өткөргөн. Чен USCISке Түштүк кысыгында инвестицияны алга жылдыруучу өкүл катары Golden State Regional Centerди аймактык борбор деп таанууну улантуу өтүнүчү менен документтерди тапшырган.

Айыптоо бүтүмүндө Чен мындан тышкары SEC жана ФБРдин иликтөөлөрүнө байланыштуу укуктук териштирүүгө жолтоо болгону белгиленген. Бир адамга SECтин тергөөчүлөрүнө жалган жоопторду берип, визалык алдамчылыкка байланыштуу SEC жана ФБРдин иликтөөлөрүнө тиешеси бар каттарды өчүрүүнү тапшырган.

Эгер Чен айыптуу деп табылса, ал 10 жылга соттолуп, визалык алдамчылыкка байланыштуу иштин ар бир пунктуна ылайык 250 миң доллар айып пул төлөөгө тийиш: сот акыйкаттыгына тоскоолдук кылганы үчүн беш жылга соттолуп, максималдуу айып пул 250 миң доллар, сот акыйкаттыгына тоскоолдук кылганы үчүн 20 жыл жана 250 миң доллар айып, андан тышкары башка кылмыш өкүмдөрү үчүн минималдуу эки жылдык жаза жана жекеликти уурдоого байланыштуу 250 миң доллар максималдуу айып төлөшү керек.

EB-5 эмне болгон виза?

Соңку жылдары АКШга Мексика аркылуу барган кыргызстандыктар көбөйгөн. Алардын айрымдары чек арадан ары өтө албай кыйналган учурлар катталган.

Ишкер, учурда АКШда жашап жаткан Темирбек Ажыкулов бул өлкөгө кирүүгө уруксат берген визалардын айрымдарын санап берди.

Темирбек Ажыкулов
Темирбек Ажыкулов

“Биздики, мисалы, талант визасы деп аталат. Бул ишкерлерге, спортчуларга, искусство адамдарына берилет. Элдин баары эле физик-математиктерге виза берет деп ойлошот. Бирок андай эмес. Ар бир тармактын таланттуу адамдары алса болот. Спортчулар чемпион болсо аларга виза алуу жеңилирээк. Илимпоздордуку да ошондой. Бир жерде атың чыккан, белгилүү адам болушуң керек. Мисалы, мага мурда медиага чыгып жүргөнүмө басым кылышкан. Сиз жөнүндө маалымат барбы деп сөзсүз карашат. Кыргызстанда эч кимге таанылбасаң, бул визаны алуу кыйын. Анан адвокатың күчтүү болушу керек. Биздикинен арзаныраак квалификациялуу адистер үчүн да виза бар. Бул визалардын жакшы жери Кыргызстандан чыкпай эле алты-жети ай ичинде документтерди ырастап, адвокат аркылуу алса болот. Виза тийгенче дагы убакыт өтөт, бир жылдык иш да”.

Ажыкулов ошол эле маалда инвестициялык виза оңой менен берилбей турганын айтты:

“Алдамчылык болгон десе таң калып жатам. Анткени мындай визаны алуу оңой эмес. 500 миң доллар оңой акча эмес да. Бир топ эле текшерүүдөн өтөт. Инвестор дагы өз өлкөсүндө белгилүү ишкер болушу керек. Уурдап келген акчасын сала албайт бул жакка. Ар бир тыйынын эсептешет. Миграциялык кызматтан мурда адвокаттар текшерет. Өз беделин ойлогон адвокаттар да тобокелге барбайт. Ошол себептүү алдамчылык болгон дегенге түшүнө албай тургам. Мен кыргызстандыктар арасынан бирөө жарым мындай виза алганын уккан эмесмин. Эгер Кыргызстанда бирөө алган болсо дароо эле угулмак”.

Кыргызстандын мурдагы чиновниктеринин көбү учурда АКШда жүргөнү айтылып келет. Ажыкулов экстрадиция болгон АКШ жараны капчыктуу адамдарга жардам бериши мүмкүнбү деген суроого мындай жооп узатты.

“Андай иш менен алектенген адам Кыргызстанга келбейт го, анткени кардар табышы кыйын. Казакстанга келиши мүмкүн, анткени ал жакта байлар көп. Өзбекстандан табышы мүмкүн. Балким транзит кылып жүргөндүр, Кытайга жакын деп”.

Учурда Кыргызстандан Америкага баргандар арасында оор жүк ташуучу автоунаа айдап, логистикалык борборлорду негиздеп жаткандар бар.

АКШда айдоочу болуп иштеп жүргөн Мирбек Айтикеев бул өлкөгө жаңы барганда инвестордун визасын алгандар көп экенин байкаган.

“Америкага визанын түрү көп. Грин-карта баарына эле буюрбайт экен. Биз жаңы келгенде инвестициялык виза алууну каалагандар көп экенин көргөнбүз. Кайсы бир учурда терезе ачылып, ошол учурда документтерди беришет экен. Адвокаттар бат эле толуп каларын айтышкан. 100-500 миң доллар салсаң болот экен. Ошого карабай кезек күткөндөр көп болчу. Америка эми чоң, либералдык экономика өлкөсү да. Мүмкүнчүлүктөр аябай көп. Кимдин башы көбүрөөк иштеп, аракет кылса, капитал көбүрөөк топтойт. Бизнес кылам десең, салык төлө, иште деп айтышат”.

Чикагодогу “Кыргыз биримдиги” уюмунун башчысы Умар Жусупбеков АКШга башка виза менен барып, ишкерлик баштайм дегендер инвестициялык виза ала албай турганын айтты:

Умар Жусупбеков
Умар Жусупбеков

“Инвестиция кылам десе, Кыргызстанда туруп акчаны бул жакка которуу керек. Бул жактан которуп, виза ала албайт. Анткени ал Американын ичиндеги акча болуп эсептелет. Ишкер АКШда фирма ачкан болсо, акчаны Кыргызстандагы банк аркылуу расмий эсебине которот. Биздикилер грин-карт менен келишет. Мексика аркылуу келип, башпаанек сурагандар бар. Студенттик виза менен келип, статусун алмаштырышат. Инвестициялык визаны беш-алты жыл мурда бир кыргыз ишкери алганын уккам. Анын мөөнөтү аяктап калса керек, анткени аны узартып турат да”.

АКШ президенти Дональд Трамп кызматка киришкенден кийин өлкөгө 5 млн доллар алып киргендерге "алтын карта" берүү мүдөөсүн жарыялаган. Бул карта EB-5 визасын алмаштырышы мүмкүн экени айтылган.

Ошону менен катар эле өлкөгө кирүү талаптары катаалдашып, айрым жеңилдиктер берилбей турганы айтылган. Алсак, Кошмо Штаттарда төрөлгөн чет элдиктерге автоматтуу түрдө жарандык берүү эрежесин жокко чыгаруу тууралуу жарлыкка кол койгон соң аны сотко арызданган учурлар бар.

Андан тышкары Мексиканын чек ара пункту аркылуу АКШнын аймагына өтүү үчүн колдонулган CBP One миграциялык тиркемеси жабылган.

Шерине

XS
SM
MD
LG