"Бул күндү көптөн бери күттүк"
Кызматташтыкты арттырууга арналган документтерге кол коюу иш-чарасы аяктагандан кийин Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара тилкесиндеги "Кызыл-Бел" жана "Кайрагач" чек ара бекеттеринин ачылыш салтанаты өттү. Бул көзөмөл-өткөрүү пункттарынын ишин кайра жандантуу аземине эки президент видео байланыш режиминде катышты.
Эки мамлекет ортосундагы чек арада “Кулунду” (“Овчи-Калъача”), “Кызыл-Бел” (“Гулистон”), “Кайрагач” (“Маданият”), “Карамык” жана “Бор-Дөбө” (“Кызыл-Арт”) беш өткөрмө бекети бар. Ортодогу бекеттер соңку чек ара чырынан кийин жабылган.
Баткен облусунун Кара-Бак айылынын тургуну Феруза Туйгунова Тажикстанда туулуп-өскөн, кийин Кыргызстанга турмушка чыгып, чек ара жабылгандыктан ата-энеси, бир туугандары менен жолугуша албай калган:
"Тажикстандын Янги-Абад айылында туулгам. Ошол жерде мектепти, Тажикстанда университетти аяктадым. 16-17 жыл догдур болуп иштедим. Кыргызстанга 15 жыл мурун турмушка чыгып келгем. Акыркы төрт-беш жылдан бери телефондон гана байланышып, катыш үзүлдү. Коронавирустан башталып, андан кийинки окуялардан улам бара албай калдык. Ата-энем, бир туугандарым баары Тажикстанда айылда калган. Мына азыр ата-энемди, бир туугандарымды күтүп турам. Чек аранын ачылганы жакшы болду. Адамдын башына жакшы күндөр, жаман күндөр түшөт экен. Оор күндөрдө ошол жерде бирге боло албай калат экенбиз. Эми туулган жерибизди, туугандарыбызды, өзүбүз өскөн үйлөрдү барып көрөбүз. Сегиз бир тууганбыз, мен эле Кыргызстанда жашайм”.
Тажикстандын Исфара районунун тургуну Рустам Казаков чек ара жабылгандан бери Кыргызстандагы жакындарын көрө электигин айтууда:
"Туугандарыбыз “Кызыл-Белде”, Баткен облусунда бар. Төрт-беш жылдан бери барды-келди жок эле. Бир туугандарым, ака-үкөлөрүм бар. Балдарым, неберелерим бар. Чек ара жабык болгондуктан өтө албай, аларды көрө албай калдык. Телефондон эле бири-бирибизди сурап турабыз".
Кыргызстандык Бүбү Дарманова чек ара бекетине барып, анын ачылышын чыдамсыздык менен күтүп тургандардын бири болду:
"Бул жерде бир тууган эжелеримди күтүп турам. Төрт жылдан бери көрүшө элекмин. Жакындан сүйлөшө элекмин. Ошолорду күтүп турам. Кубанып, сүйүнүп турабыз. Чек аранын ачылганы жакшы болду. Эми бири-бирибизди көрүп, катташабыз. Уруш-жаңжал болгондо чек ара жабылып, көрүшө албай калдык эле".
Исфара районунун тургуну Абдурахиб Охунов:
"Бүгүн кубанычыбыз койнубузга батпай, келечек үчүн сүйүнүп турабыз. Баарыбыз бирге бололу. Өз ара карым-катнашыбыз мурдагыдай жакшы болсун"
Тажикстандагы Лаккон айыл өкмөтүнүн тургуну Жамила Якшибаева да чек аранын ачылганына кубанып турганын айтты:
“50 жыл мектепте мугалим болдум. Азыр эс алуудамын. Төрт балам бар. Балдарымдын баары Кыргызстанда, Бишкекте окуган. Келиндерим кыргызстандык. 14 неберем, эки чөбөрөм бар. Мен Тажикстанда чоң кызым менен турам. Жакшы күндөр болуп жатат. Биз бул күндү көптөн бери күттүк эле. Биз үчүн эң ыйык, кубанычтуу күн болуп турат. Элибиздин ортосунда, журтубуздун арасында ар дайым тынчтык болсун. Боордош элдер менен достукта, ынтымакта, биримдикте жакшы жашоо каалайм. Эч качан согуш болбосун. Кан төгүлбөсүн. Дүйнө жүзүндө тынчтык болсун. Апалардын тилеги ушул”.
Ысмайылжан Тойчубаев Тажикстандын Нурафшон шаарчасынын тургуну. Ал бүгүнкү окуяны "тарыхый күн" деп, кубанып турганын айтты:
"Чек ара ачылат дегенди угуп, кубанып, толкунданып келдик. Бүгүн тарыхый күн болду. Тажикстан менен Кыргызстандын гана ортосунда эмес, бүтүн Борбор Азияда чек ара маселеси чечилип, акыркы чекит коюлду десек болот. Эми башка чек ара маселеси чыкпасын. Канчалаган кырчындай жигиттер өтүп кетти. Алардын жайы жаннатта болсун. Алардын ата-энесине көңүл айтабыз. Баарыбыз достукта, ынтымакта, бири-бирибизди урматтап-сыйлап, ары-бери каттап, өнүгүп кетерибизге ишенем. Кудай кааласа келечек кең, жашоо жакшы болот. Карым-катнаш оңолот. «Коңшуну тандабайт, аны кудай берет» дейт. Бири-бирибизге чыдап, сабырдуулук менен өмүр сүрсөк, балдар-кыздарыбыздын келечеги кең болот. Балдарымды үч-төрт жылдан бери көрө элекмин. Чек аранын аркы бетинде эки балам: «Ата, качан келесиз?» - деп карап турат. Туугандарымдын көбү Кыргызстанга өтүп кеткен. Уул-келиним, неберем, кемпирим болуп Тажикстанда жашайбыз. Жашоо жакшы, жаман эмес".
"Тарыхый сапар", "тарыхый келишим"
13-мартта Бишкекте Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун мамлекеттик сапары алкагында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен "Ынтымак ордодо" кеңейтилген форматта сүйлөшүү өтүп, кыргыз-тажик өз ара кызматташтыгын арттырууга багытталган бир катар документтерге кол коюлду.
Алардын негизгиси – ортодогу мамлекеттик чек ара жөнүндө келишим.
Жапаров Рахмондун бул сапарын "тарыхый" деп атап, кол коюлган документтер эки өлкөнүн кызматташтыгын өнүктүрөрүн белгиледи. Рахмон да чек ара келишимин "тарыхый" деп атады.
- Кол коюлган документтердин арасында беш макулдашуу бар: суу чарба жана энергетикалык объектилерге жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу боюнча, автоунаа жолдорун куруу жана пайдалануу, автожолдорунун кесилишин жайгаштыруу жана пайдалануу жөнүндө, айыл чарба тармагында кызматташуу жөнүндө, ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө жана Бишкек менен Дүйшөмбү ортосунда боордоштук байланышын түзүү жөнүндө.
Ошондой эле төрт меморандум кабыл алынды: жер титирөөгө туруктуулукту камсыз кылуу, энергоэффективдүү жана жашыл технологияларды өнүктүрүү жана шаар куруу чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө, өнөр жай жана жаңы технологиялар жаатында кызматташуу жөнүндө, терроризмди каржылоого, кылмыш жолу менен алынган кирешени легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндө көзөмөл жаатында кызматташуу жана маалымат алмашуу жөнүндө, экспорт жаатындагы мекемелер ортосундагы кызматташуу жөнүндө.
Мындан тышкары төрт протоколго кол коюлду. Алар 2025-2027-жылдарга жаштар саясаты, дене тарбия жана спорт чөйрөсүндө кызматташуу, Ош облусунун Чоң-Алай району менен Тажикстандын Лахш районунун ортосундагы соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий чөйрөдө кызматташуу, 2025-2030-жылдарга Кыргызстандын Ош облусу менен Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автономдуу облусунун ортосундагы соода-экономикалык жана маданий чөйрөдө кызматташуу программасы.
13-мартта кол коюлган документтердин дагы бири - бажы мекемелеринин ортосундагы Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда ташылуучу товарлар жана транспорт каражаттары жөнүндө алдын ала маалымат алмашууну уюштуруу тууралуу протокол.
Садыр Жапаров кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк комиссиялардын иши натыйжалуу болгонун белгиледи:
"Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамлекеттик чек ара жөнүндө келишимге кол коюу тагдыр чечүүчү тарыхый окуя болоруна, ал биздин өлкөлөрдүн элдери жана кеңири эл аралык коомчулук тарабынан шыктануу менен кабыл алынарына ишенем. Бул кадам биздин мамлекеттердин гана эмес, бүтүндөй Борбор Азия регионунун коопсуздугун, туруктуулугун жана туруктуу өнүгүүсүн бекемдөөгө олуттуу салым кошот".
Кыргыз президенти 31-мартта Тажикстандын Кожент шаарында өтө турган Ноорузду чогуу майрамдоо Борбор Азия элдеринин тынчтыгын жана биримдигин символдоштурган жакшы салт болуп калат деген ишенимин билдирип, ага катыша тургандыгын айтты.
Өз кезегинде тажик президенти Эмомали Рахмон эки өлкөнүн элдерин көп кылымдык достук жана ынак коңшулук байланыштырып турганын белгиледи:
"Биз бул байланыштарды мындан ары да бекемдөөгө даярбыз. Бүгүн биз өлкөлөрүбүздүн чек аралары боюнча тарыхый чечим кабыл алабыз. Чек ара боюнча келишим мамлекеттер аралык мамилелерди мындан ары чыңдоо үчүн бекем негиз түзөт. Ал эми кол коюла турган документтердин топтому тажик-кыргыз мамилелеринин жаңы барагын ачат. Бүгүнкү жолугушуулардын жыйынтыгы өз ара мамилелерди элдерибиздин түпкү кызыкчылыктарына жооп берген жаңы деңгээлге чыгарарына ишенем".
Кыргыз-тажик чек арасынын чечилиши
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы жана кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо комиссиясынын кыргыз тараптан жетекчиси Камчыбек Ташиев чек араны тактоо келишими эки өлкөнүн кызыкчылыктарын тең камтыганын 27-февралда парламенттеги сөзүндө айткан:
“Кабыл алынган чечимдин бардыгын бир тараптуу деп айта албайм. Мамлекеттик чек ара бир тараптуу эч качан чечилбейт, эки тараптын тең кызыкчылыгы каралат. Бир тараптуу кызыкчылык менен чечилген чек ара эч качан жакшылыкка алып келбейт. Себеби экинчи тарап дагы ыраазы болушу керек. Биз эки тарап тең бири-бирине ыраазы болгон күндө гана түбөлүк тынчтык келет деген принциптерди кармандык. Ошондуктан тажик тарап менен дагы өтө тыгыз иштеп, алар керектүү жерлеринде бизге “уступка” кылып берип жатышты. Керектүү, ыңгайлуу болгон жерлеринде биз аларга “уступка” кылып берип жаттык. Ошентип отуруп акыры келишим түзүлдү”, - деген Ташиев.
Жогорку Кеңештин депутаты Султанбай Айжигитов парламентте 5-мартта сүйлөгөн сөзүндө чек араны тактоо боюнча келишимде Достук айылынын Тажикстанга берилишин жана Ворух анклавына бейтарап жол берилишин иш жүзүндө Дүйшөмбүнүн союз кезинен бери эңсеп келген коридор ачуу стратегиясына жетишүү деп атаган:
“Бул келишим мөөнөтү жок жана кайра кароого мүмкүнчүлүк жок деп чекит коюлуп, тыюу салынып жатат. Тажиктер бул формулировкага келгени эмнени айтып атат? Демек, тажиктер ушул көйгөйлөр боюнча кандай стратегиялык максаттарын койгон болсо, ошол стратегияга жетиптир деп түшүнсө болот, ушундай формулировкага булар макул болгондон кийин. Себеби, башкача болгондо тажиктер мындай формулировкага эч качан макул болбойт болчу”.
2021-жылы апрелде жана 2022-жылы сентябрда Кыргызстан менен Тажикстандын куралдуу күчтөрү катышкан кандуу кармаш эки коңшунун мамилесине айыккыс так салган. Эки тараптан жүздөн ашуун өмүрдү кыйган ал жаңжал эгемен тарыхтагы эң калайман окуя болуп калды. Бири-бирин агрессияга айыптаган коңшулардын мамилеси муздап, соода-сатыгы дээрлик кан буугандай токтоп калган.
Коомдогу талкуу, президенттин сыны
Чек ара келишимине байланыштуу коомдо ар кыл пикирлер айтылып жатат.
Президент Садыр Жапаров маселе боюнча “Кабар” улуттук маалымат агенттигине маек берип, чек ара түбөлүккө чечилип жатканын жана эки тараптын кызыкчылыгы тең эске алынганын айткан жана Султанбай Айжигитовдун сөзүн четке каккан.
Жапаров 13-мартта кыргыз-тажик чек ара маселеси тууралуу Фейсбуктагы баракчасында билдирүү жазып, анда эки тарап кол койгон келишим 19-мартта ратификациядан өтүү үчүн Жогорку Кеңеште караларын кабарлады. Президент чек ара боюнча сын айткандарды сынга алды:
"Бүгүнкү кол коюлган келишимди 19-март күнү Камчыбек Кыдыршаевич ратификациядан өткөрүү үчүн Жогорку Кеңешке алып барат. Ратификацияга жеткенге чейин кол коюлган келишимдеги көп учурларды айтпай келдик. Себеби, келишимге кол коюла электе бузуп албайлы дедик. 19-мартта Жогорку Кеңеште Камчыбек Кыдыршаевич ар бир квадрат метр жер боюнча ийне-жибине чейин ачык-айкын маалымат берет. Журналисттер, коомдук активисттер, демагог, популист, “эл көрсүн, эмки шайлоого добуш топтой салайын” дегендер сөзсүз катышкыла, ачык сурооңорду бергиле. Ачык жана так жооп аласыңар. Мейли ким болбойлу, кайсыл маселеде болбойлу, эки мамлекеттин ортосунда оор жана тарыхый маселе чечилип жатканда жеке кызыкчылыктын “жаназасын” окуп коюшубуз керек. Бизде тескерисинче болуп калган. 30 жылдан бери ким катуу кыйкырса, же эл көрсүн деп иш жасаса, ошол популярдуу болуп келген. Андай жасалма сөздөр, жасалма иштер убактылуу гана популярдуулукка жеткирип, кийин уят болуп калган далай саясатчылар болду. Эл дагы андайларды жакшы түшүнүп калды", - деп жазды Садыр Жапаров.
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев 27-февралда парламенттеги сөзүндө Достук айылы Тажикстанга толук берилип, Кыргызстан ага жараша жер жана айылдагы жаңы курулган үйлөргө кенемте катары Тажикстандан дагы 30 гектар кошумча жер алып жатканын айткан.
Расмий маалыматтарга ылайык, Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамлекеттик чек аранын жалпы узундугу 1006,84 чакырымды түзөт. Анын ичинен 519,9 чакырым чек ара сызыгы 2011-жылга чейин такталып, жазылып, аны өкмөттүк делегациялар бекиткен. Ал эми калган 486,94 чакырым тилкеси акыркы үч жыл ичинде такталды.
Шерине