Алгач эл аралык тема сөз болот. Израил армиясы “Хезболла” террордук тобуна каршы Ливандын түштүгүнө абадан сокку урууну улантууда.
Израилдин коргонуу күчтөрү өткөн түнү Ливандан жүздөн ашык ракета атылганын, алардын көбү атып түшүрүлгөнүн билдирди. Израил бул чабуулдар үчүн АКШда жана башка бир катар өлкөлөрдө террордук деп таанылган Ливандын "Хезболла" тобун айыптады.
Президент Садыр Жапаров “Коопсуз шаар” долбоорун толугу менен Ички иштер министрлигине өткөрүп берүү жарлыгына 18-сентябрда кол койду. Документте мындай чечим долбоордун натыйжалуу ишке ашуусун камсыз кылары жазылган.
Украинанын Сумы шаарындагы карылар үйүнө авиациялык бомба менен чабуул жасалып, бир киши мерт болду, 13ү жараат алды. Израил "Хезболланын" объектилерине, курал-жарак сакталган кампаларына жапырт сокку урду. Бишкекте жыл аягына чейин 2 миңден ашык батир ипотекага берилет.
Ливанда аралыктан жардыруунун экинчи толкуну кеминде 32 адамдын өмүрүн алды. Эки күндүн ичинде болгон жардыруулардан үч миңден ашуун адам жараат алды.
Кыргызстан үч жыл мурда Ооганстанда бийликти басып алган “Талибан” кыймылын террордук жана экстремисттик уюмдардын тизмесинен чыгарды. Ага чейин Казакстан да ушундай эле чечим кабыл алган.
Абактагы УИАнын мурдагы кызматкери Жоомарт Карабаев атайын кызматтын тергөөчүсү ага басым-кысым кылганын билдирип, президентке кайрылды. Ливанда пейжерлердин жарылуусунан тогуз киши каза таап, миңдеген киши жараат алды. Жаңы жылдан тарта Москвада мигранттар тейлөө тармагында иштей албайт.
17-сентябрда Ливанда бир учурда пейжерлердин жарылуусунан ондон ашуун киши набыт болуп, үч миңдей адам жараат алды. "Хезболла" согушкер тобу Израилди жардыруу үчүн айыптап, ага жооп кайтарууга убада берди. Израил бул окуя тууралуу үн ката элек.
Украиналык ыктыярчылар согуш жүрүп жаткан жерлерде ит-мышыкты сактайбыз деп өмүрүн тобокелге салууда. Эвакуацияда үй жаныбарларын кошо алып кетүү каралган эмес. Ал эми ыктыярчылар издеп тапкан жаныбарлар коопсуз жайга жеткирилет. Аларды кийин кожоюндары алып кеткиче баш калкалоочу жайда багылат.
Урматтуу көрарман, биздин Азаттык чекит кж деп аталган ютуб каналыбызга катталып, соңку жаңылыктардан кабардар болуп туруңуз. Программабызды улантабыз. 17-сентябрда Астанада Борбор Азия өлкөлөрү менен Германиянын С5+1 форматындагы экинчи саммити жыйынтыкталды.
Орусиянын Курск облусунда кандай өзгөрүүлөр болуп жатканын “Эркин Европа/Азаттык” радиосу Twitter жана Telegram сыяктуу ачык булактардан такталган маалыматтарды пайдаланып түзгөн интерактивдүү картадан көрсө болот.
Украинанын Аскердик-аба күчтөрү өткөн түнү Орусия учурган 53 дрон атып түшүрүлгөнүн маалымдады. Өзбекстан жана Германия ортосунда миграция макулдашуусу кабыл алынды. Атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев “Ата-Журт” саясий партиясын алдыдагы жергиликтүү кеңештерге шайлоого катыштырбасын айтты.
Дагы жүктөңүз