Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:50

"Коопсуз шаарга" беш жыл: тартип, айып жана соттошуу


"Коопсуз шаар" долбоорунун камералары.
"Коопсуз шаар" долбоорунун камералары.

Президент Садыр Жапаров “Коопсуз шаар” долбоорун толугу менен Ички иштер министрлигине өткөрүп берүү жарлыгына 18-сентябрда кол койду. Документте мындай чечим долбоордун натыйжалуу ишке ашуусун камсыз кылары жазылган.

“Коопсуз шаар” долбоорун аймактарда жүзөгө ашыруу сот иштерине байланыштуу кечеңдеп келет. Жакында Ош шаарында иштей баштаган долбоорго сын айтылууда. “Коопсуз шаар” жол коопсуздугун бекемдеп, кырсыктардын азайышына өбөлгө түзүп жатабы?

Жарлыкка ылайык, Санарип өнүктүрүү министрлиги “Коопсуз шаар” долбоорунун автоматташтырылган маалымат системасын Ички иштер министрлигине өткөрүп бериши керек. Бирок аны техникалык оператор катары “Инфоком” ишканасы тейлейт.

Мындан тышкары министрлик аппараттык-техникалык системанын үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылууга тийиш.

Ички иштер министрлиги толук жоопкерчилик алгандан кийин “Коопсуз шаар” долбоорун өлкөнүн башка аймактарына жайылта турганын билдирди.

“19-сентябрда ички иштер министри Улан Ниязбеков жыйын өткөрүп, “Коопсуз шаардын” негизинде элдин коопсуздугун жогорку деңгээлде камсыз кылуу керектигин айтты. Бүгүн “Коопсуз шаар” тутумун ИИМге өткөрүп алуу иштери башталды. Бул иштер аяктагандан кийин долбоорду республиканын бардык аймактарына жайылтуу иштери жүрө турганын айтты. Жер-жерлердеги ички иштер бөлүм жетекчилерине “Коопсуз шаарга” кошулуу үчүн даярдык көрүүнү тапшырды”, - деп билдирди Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматкери Замир Сыдыков.

Кыргызстанда жол кыймылын көзөмөлдөө үчүн “Коопсуз шаар” долбоору ар кандай талаштардан улам кечеңдеп, 2019-жылы иштей баштаган.

Анын биринчи фазасынын негизинде Бишкек шаарына Бишкек - Торугарт, Бишкек - Ош автожолдорунун боюна камералар орнотулган.

“Коопсуз шаар-2” долбоору боюнча тендерден уткан Shenzhen Sunwin Intelligent Co. Ltd аттуу кытайлык компания жети облус, эки чоң шаар, 15 кичи шаар жана 73 калк жашаган аймакка видео көзөмөл коюп, жалпысынан 306 аппарат орнотушу керек.

Бирок иштер мөөнөтүндө аткарылбаганы үчүн Санарип министрлиги компанияны 2022-жылы сотко берген.

“Коопсуз шаар-1” долбоору боюнча “Веганын” туунду компаниясы “ВОК” менен да соттук териштирүүлөр жүрүп жатканын санарип өнүктүрүү министринин орун басары Замир Кожомуратов Жогорку Кеңештин 29-майдагы жыйынында билдирген. Анда компаниянын орнотулган техникалык каражаттары министрликтин балансына өтө турганы айтылган.

Санариптик өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы соттук териштирүүлөр тууралуу кийинчерээк маалымат берилерин “Азаттыкка” маалымдады:

“Учурда “Коопсуз шаар” түзүмүн Ички иштер министрлигине өткөрүп берүү процесси жүрүп жатат. Бул иштер толугу менен аяктаганда долбоордун алкагында компаниялар менен соттошуу процесси тууралуу толук маалымат беребиз”.

Ошто "Коопсуз шаар" иштей баштады

16-сентябрдан тарта “Коопсуз шаар” долбоору Ош шаарында иштей баштады. Социалдык тармактарда калаанын инфраструктурасы буга ылайыкташпаганын, жол сызыктары, белгилери жетишсиз экенин айткандар болууда. Ошондой эле маалыматтык мониторинг борбору жок экенин айтып сынга алгандар бар.

Ош шаарынын муниципалдык мүлк башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Максат Орозалиев айтылган сындарды четке кагууда:

“Ош шаардык жол коопсуздук башкармалыгынын алдында буга чейин эле мониторинг борбору болгон, ошол иштеп жатат. 12 кызматкер Бишкек шаарынан окутуудан өтүп келип, Башкы прокуратуранын алдындагы “Укук” бузуулардын бирдиктүү реестрине келип түшкөн маалыматтарды талдап иштеп жатышат. Коомчулуктагы түшүнбөстүктөр боюнча жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз”.

Долбоорду шаар бийлиги өткөргөн тендерди орусиялык “Мегафон” компаниясы жеңип, ишке ашырган. Келишимге ылайык, компания катталган жол кырсыктарынан түшкөн ар бир айыптын 50% алып турат. Компаниянын балансындагы техникалык каражаттар беш жылдан кийин толугу менен муниципалдык менчикке өтөт.

Долбоорго беш жыл: жыйынтык кандай?

Ошентип, көп жылдар бою ар кандай талаш-тартыштардан улам кечеңдеп келген “Коопсуз шаар” долбоорунун иштей баштаганына беш жыл болду.

Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы долбоордун жүзөгө ашырылышы жол кырсыктарынын азайышына өбөлгө түзүп, эреже бузууларга кыйла бөгөт койду деп эсептейт.

“Жыл башынан бери “Коопсуз шаардын” көзөмөл камералары аркылуу 586 миң 404 токтом чыгарылган. Бул айдоочулар ушунча санда жол эрежесин бузган дегенди билдирет. Бул боюнча жалпы 317 миллион 329 миң 400 сом төлөнгөн. Долбоордун максаты айдоочулардан каражат өндүрүү эмес, коопсуздук биринчи орунда турат. “Коопсуз шаардын” камералары орнотулган жерлерде жол кырсыктары азайып, эреже бузуулар да кыскарганын тажрыйба көрсөтүп турат. Айдоочулар бул жерлерде эрежени так сакташы керектигин, болбосо айыпка жыгыларын билишет”, - дейт Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат кызматынын жетекчиси Байказы Айтикул уулу.

Активист Эртай Искаков көзөмөл камералары орнотулган жерлерде тартип орногону менен ал көп аймакты камтыбай жатканын айтууда. Айдоочулар камералар бар жерде гана эреже сактап, башка жолдордо көзгө илбей жатканы үчүн жол кырсыктары көп катталып жатканын мисал келтирди. Ошол себептүү кан жолдорго коюлган камералар ортосундагы аралыктан автоунаалар канча убакта өткөнүн көзөмөлдөгөн системаны колдонууну сунуш кылды:

“А жана Б чекит деген система бар. Ошону колдонуп туруп, мисалы, айдоочу 300 чакырымдан канча убакытта өткөнүн билип койсо болот. Бул аркылуу алардын ылдамдыгын чектейбиз. Муну азыркы камералар менен ишке ашырса болорун билдик. Экинчиден, коопсуздук кызматкерлери эреже бузууларды каттап жетишпей жатат. Көчөдө туура эмес токтоткон автоунааларды азыр эвакуатор менен айып жайына жеткиргенче эки-үч саат өтүп жатпайбы. Ошонун ордуна атайын планшет аркылуу иштей турган түзүмдү колдонуп, айдоочу жок болсо да эреже бузууну каттай турган мүмкүнчүлүктү түзүп коюшубуз керек. Мындан тышкары эреже бузууларды көргөн жаран аны тартып, жөнөтө турган тиркемени да иштеп чыкканбыз. Мындайда ал жаран салынган айыптын бир бөлүгүн сыйлык катары алат. Ушундай жол менен коомдук көзөмөлдү күчөтмөйүнчө, кырсыктар, өлүм азайбайт”.

Кыргызстанда 2023-жылы 6 миң 945 жол кырсыгы катталып, андан 783 адам каза болгон. Көз жумгандардын саны 2022-жылга салыштырганда 13,5% көп. 2022-жылы 7 040 жол кырсыгынан 11 миң 49 киши жараат алып, 690 адам жашоо менен кош айтышкан.

XS
SM
MD
LG